Саясий партиянын кыскача аталышы: “Жаңы Доор” Саясий Партиясы

ИНН: 02410201610176

ЮЖБР кирүү датасы: 24 октябрь 2016

Саясий партиянын түзүлүүшү:

Учредителдеринин  съездини чечими

Уставдын кабыл алынган датасы: 16.09.2016

Катталган регионалдык филиалдардын саны:

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы:

Партиянын саясий кенеши

САЯСИЙ ПАРТИЯ“Жаңы Доор”

Байланыш маалыматтары

Дареги: Бишкек шаары Ош кесилиши 53 уй

Байланыш телефону: 0704747474

Коомдук кабылдама: Жок

Интернеттеги байланыш тармактары:

страница в социальной сети Фейсбук: Парти Жаны Доор

страница в социальной сети Инстаграм: jany_door_official

Расмий сайт:kut.kg

Партиянын төрагасы:КочкоровУлукбекТойчубаевич

Мен, Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 1974-жылы 24-июнда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылында туулгам. 1980-1991 жылдар ичинде Баткен айылынын Ж.Боконбаев атындагы орто мектебинде окугам. 1991-1995-жылдар аралыгында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуп, финансы жана кредит адистиги боюнча жогорку билимге ээ болдум. 1997-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жогорку курсун аяктадым. 2001-жылы РФнын Федералдык коопсуздук кызматынын Академиясында квалификацияны жогорулатуу курсун аяктадым.

Эмгек жолумду 1995-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук финансы бөлүмүндө жетектөөчү  адиси болуп баштадым. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика министрлигинде жетектөөчү адиси кызматын аркаладым.

1997-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине аскер кызматын отоого чакырылып, ал жерде Экономикалык коопсуздук башкармалыгында катардагы ыйгарым укуктуу опер кызматкерден тартып, ал башкармалыктын жетекчилик кызмат ордуна чейин көтөрүлдүм. 2010-жылы пенсияга чыгуу менен аскердик кызматтан кеткем. Полковник аскердик наамына ээмин.

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенгенмин.

2011-2015-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V чакырылышынын депутаты жана ал чакырышта Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитеттин төрага орун басары болуп эмгектенгем.

2018-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министри кызматына дайындалып, ал кызматта 2020-жылдын 27 октябрына чейин иштедим.

Жыйырма жылдан ашуун мамлекеттик кызматтагы ак ниет эмгегим учун Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, “Мамлекеттик кызматтын мыктысы”, “Салык кызматынын мыктысы”. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Финасы министирлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик бажы кызматынын жана башка коомдук уюмдардын ведомтсволук жана коомдук наам жана башка сыйлыктары менен сыйлангам. Мага Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени ыйгарылган.