Саясий партиянын кыскача аталышы: Реформа

ИН 02808201210108 ЮЖБР кирүү датасы: 28.08.2012

Саясий партиянын түзүлүшү: Негиздөөчүлөрдүн чечими

Уставдын кабыл алынган датасы: 16.07.2012

Катталган аймактык филиалдардын саны: жок

Туруктуу коллегиалдуу башкаруу органы: Саясий Кеңеш

Реформа САЯСИЙ ПАРТИЯ

Байланыш маалымат 

Дареги: Кыргыз Республикасы Бишкек ш. , Нарвская көч. , 86-үй, 33-бат

Байланыш телефону: +996 777 00 20 25

Коомдук кабылдама: Бишкек ш. , Панфилов көч. , 142

Интернеттеги байланыш тармактары: facebook: Реформа   Instagram: reformakerek e-mail: reformakyrgyzstan@gmail.com

Расмий сайт: reforma.live

Партиянын төрагасы: (лидердин кыскача өмүр баяны):

Сооронкулова Клара Сыргакбековна
Клара Сооронкулова 1969-жылы туулган
1980-1985-жылдары Талас районунун Жерге-Тал орто мектебинде окуган.
1985-1986-жылдары Талас шаарынын №3 орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктаган.
1992-жылы КМУнун юридикалык факультетин ийгиликтүү бүтүргөн.
1994-2018-жылдары Борбор Азия эл аралык университетинде жана КМУнин юридикалык факультеттеринде иштеген. 2009-жылы юридика илимдеринин кандидаты.
2010-жылы Конституциялык кеңешмеде төраганын орун басары.
2010-2011-жылдары Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү.
2011-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьясы.
2015-жылы “Өлкөнүн татыктуу атуулу” наамынын ээси болгон.
2016-жылы “Укук мектеби” Коомдук бирикмесин негиздеген.
2019-жылы Кой-Таш окуясынын себептерин иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү. Комиссиянын жыйынтыгына каршылыгын өзгөчө пикир менен билдирген.
Клара айым жолдошу менен төрт баланын ата-энеси, эки неберенин тайата-тайэнеси.

Башкаруу органдары жана түзүмү жөнүндө маалымат (сүрөтү жана сүрөттөмөсү):

Партиянын түзүмүн партиянын съезди, партиянын Саясий кеңеши, партиянын Ревизиялык комиссиясы, партиянын Координациялык кеңеши, партиянын Аткаруу комитети жана Партиянын аймактык, алгачкы бөлүмдөрү түзөт. 

Партиянын эң жогорку органы, үч жылдан кем эмес мөөнөттө бир чакырылуучу партиянын съезди эсептелет.

Саясий кеңеш төрага, орун басарлардан жана кеңеш мүчөлөрүнөн турат. Съезддердин ортосунда дайыма иштеп туруучу башкаруучу орган болот.

Саясий партиянын жаштар уюму (сүрөтү жана сүрөттөмөсү): Жаштар уюму жок, себеби биздин уюмдун басымдуу бөлүгү жаш муундун өкүлдөрү

Саясий партиянын шайлоого катышуусу (шайланган кызматтардагы жана шайланган органдардагы саясий партиянын өкүлдөрү жөнүндө хронология жана сандык мааалыматтар)

1)    2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешке шайлоо.

2)    2021-жылдын 11-апрелидеги Бишкек жана Каракол шаарларынын жергиликтүү кеңештерине шайлоо.