"СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР" САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ 

Преамбула

Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасы өзүнүн тарыхындагы оор учурлардын бирин өткөрүп жатат. Өтө алсыз жана компетентсиз бийлик, демагогияга жамынып алып, өлкөнү кризис менен диктатурага кептеди.

Биз, «Социал-демократтар» саясий партиясы, бийлик ар түрдүү  кландардын коррупциялашкан чиновниктерине эмес, эслге кызмат кылышы керек деп эсептейбиз.

Коронавирус (COVID-19) пандемиясы менен күрөшүүдө азыркы мамлекеттик башкаруу өзүнүн толук жөндөмсүздүгүн көргөздү. Парламенттин көзөмөлүнүн жоктугу бийликтин убакытты текке кетирип, тийиштуу аракеттерди жасабагандыгына алып келди. Бийлик экономикада дагы, социалдык чөйрөдө дагы конкреттүү эч кандай реформаларды жүргүзө албасын далилдеди.

Биз башка саясий күчтөргө окшоп, бүгүнкү реалдуулукка туура келбеген лозунгдарды ойлоп таап, ишке ашпай турган убадаларды берүүнү каалабайбыз жана бербейбиз. Көптөгөн саясий оюнчулар ИДП, эмгек акы, пенсияны  өстүрүү жана башка биртоп убадаларды популисттик максатта колдонуп жатышат. Биз өлкөбүздү өнүктүрүү боюнча пландарды кезеги, этаптар боюнча аткарууга кепилдик беребиз.  

«Социал-демократтар» партиясынын программасы биринчи кезекте экономиканын өнүгүүсүнө, элдин моралдык духун көтөрүүгө шарт түзүүго багытталган.

Бүгүн биздин эмнебиз бар?  Аракеттеги Президент, толук ал контролдогон Өкмөт, мыйхам чыгаруу органы өткөн 3 жылда реалдуу көйгөйлөрдүү чечүү үчүн эч кандай эркин, интеллектуалдык ресурстарын көрсөтө алышкан жок. Бийлик менен коомдун диалогу бузулду. Демек, биздин биринчи милдет – ушул диалогту калыбыга келтирүү.

Жогорку Кенеш ар кандай күчтөрдүн, көбүнчө коррупцияга ориентир алган топтун кызыкчылыктарына кызмат кылган функцияны аткарып калды.

            Жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн «Социал-демократтар» саясий партиясы элге төмөндөгүдөй программаны сунуштайт.

 

 

  1. МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫНДАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Биздин ориентир – президенттик эмес, парламенттик республика. 2023-жылдан баштап эле өлкөдө Президенттин кызмат ордун жоюуну же анын ыйгарым укуктарын церемониалдуу кылууну сунуштайбыз.

Парламентти күчтөндүрүп, аны чыныгы элдик кылуу үчүн Президентти “алсыздандыруу” керек. Ал үчүн биз парламенттин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясында эле сунуш кылабыз:

  1. Президенттин Аппаратынын түзүмүнөн Коопсуздук кеңешинин Катчылыгын бөлүп чыгаруу.

2. Президенттин Аппаратынын мамлекеттик мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш,  соттук реформа жана мыйзамдуулук, стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты, социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмдөрү толук кыскартылат, анткени ал бөлүмдөрдүн аткарган функциялары Президенттин ыйгарым укуктарына ылайык келбейт. Тышкы саясат бөлүмүн да кыскартуу сунуш кылынат, Президент тышкы иштер министри менен ортомчусу жок эле түздөн-түз иштеши керек.

  1. Президенттин Аппаратын Президенттин Катчылыгына реорганизациялоо жана анын төмөнкү түзүмүн сунуштоо: маалыматтык камсыздоо бөлүмү, жарандардын кайрылуусу менен иштөө бөлүмү, мамлекеттик сыйлыктар боюнча бөлүм, жарандык иштер жана ырайым кылуу маселелери боюнча бөлүм, канцелярия.
  2. Президент жана анын Катчылыгы Мамлекеттик резиденцияга жайгашуусу сунушталат. Биз ачык-айкындуулукту жана элдин "эл өкүлдөрүнө" жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн парламент имаратынын айланасындагы тосмону алып салууну сунуштайбыз.

 Андан кийин Жогорку Кеңешти “тазалап”, аны тирүү саясий органга айлантуу керек болот:1. Биз Президент көзөмөлдөгөн өкмөттөргө жол бербөө үчүн, өлкөнүн премьер-министрин ТАНДОО укугун Президенттен элге өткөрүп берүүнү сунуштайбыз. Премьер-министр Президенттин колундагы куурчак эмес, ал саясий кызмат, бул кызматты ээлеген адам коомдук, белгилүү, эл арасында популярдуу болушу керек. Ошондуктан биз президенттин азыркы өзүнө жаккан фракцияга өкмөттү куроо мандатын берет жобосунун ордуна көпчүлүктүн коалициясын түзүү укугу парламенттик шайлоодо жеңип чыккан саясий партиянын лидерине бериле турган ченемдерди киргизүүнү сунуштайбыз.

  1. Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 40ка чейин кыскартуу. 2010-жылга чейин Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турган. Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 120га көбөйгөндө, сапаттык өзгөрүүлөр болгон жок. Биз Жогорку Кеңешке чыгымдарды азайтууну жактайбыз, биз депутаттардын санын кыскартууну жактайбыз, бул бюджетти гана үнөмдөп калбастан, партияларды талапкерлердин “сапаттуу” тизмесин түзүүгө түрткү берет, ошондо эл алардын талаптарына жооп берген чыныгы эл өкүлдөрү үчүн добуш беришет.

3. Преференциалдык шайлоо системасын киргизүү. Эл саясий партияларды гана эмес, БЕЛГИЛҮҮ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ, ЖЕКЕ АДАМДЫ тандоого укук алышы керек. Шайлоодо максималдуу добуш алуу жана мурунку, эч нерсеге арзыбай чиновниктердин парламентке өтүшү үчүн саясий партиялар тизмесине бир нече популярдуу адамдарды киргизүү адатка айланган. Жаңы системанын киргизилиши аларды партиянын тизмесинин аягына сүрүп салат, анткени саясий партиялардын тизмесиндеги кезекти эл өзү аныктап калат.4. Элдер илгертен бери эле депутаттардын катачылыктарды Өкмөткө, ал эми Өкмөт парламентке жүктөгөнүнө көнүп калган, буга өлкөдөгү туура эмес башкаруу системасы себеп болууда. Премьер-министр өз партиясын дагы, парламенттеги ушул эле аталыштагы фракцияны дагы жетектеши керек.

  1. Өлкөдө министрлердин кызмат ордуна кандайча дайындалгандыгын эч ким билбейт, ал эми министрликтер эң маанилүү мамлекеттик институт болуп саналат. Биз, социал-демократтар, парламенттик шайлоого чейин министрлик кызматтарга жана башка мамлекеттик саясий кызматтарга талапкерлерди жарыялоо боюнча саясий партияларга милдеттенмелерди киргизүүнү демилгелеп жатабыз, т.а. өкмөт түзүлгөнгө чейин. Министр болуучу адамдарга добуш алуу үчүн партиялар ушул тармактарда өзүн жакшы көрсөтө алган адамдарды көрсөтүшү керек болот. Ал эми Президент, олигархтар жана башка бийлик узурпаторлору министрлерди тандоо мүмкүнчүлүгүнөн айрылышат, анткени бул тандоону эл жасап калат.

6. Биз түздөн-түз демократиянын механизмин киргизебиз, анын ичинде жарандардын эркин электрондук түрдө билдирүүнү, ведомство аралык "Түндүк" маалыматтык өз ара аракеттенүү тутумун колдонуу аркылуу ишке ашырабыз, ал негизинен "социал-демократтардын" катышуусу менен ишке ашырылган. Өкүлчүл демократия менен түз демократиянын кеңири айкалышын колдонуу коомдо ишенимди, бийлик менен элдин макулдашкан иш-аракеттерин жакшыртат.

 

7. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети Башкы прокурорго талапкерди  көрсөтүшү керек, өз кезегинде Жогорку Кеңеш көрсөтүлгөн талапкерди дайындайт.  Бул болсо Башкы прокурорду Президенттин таасиринен чыгарууга мүмкүндүк берет.Мамлекеттин өнүгүшү үчүн жигердүү Өкмөт менен                                            мамлекеттик кызматкерлер керекБул үчүн биз сунуш кылабыз:1.    Министрлер кызматкерлердин бири-бирин кайталаган функцияларын жоюу үчүн өз ведомстволрорунда оптималдаштырууну жүргүзүшү керек. Мисалы, Айыл чарба министрлигинде 5 миңге жакын адам иштейт, бирок иш жүзүндө эч ким эч нерсе үчүн жооптуу эмес. Тигил же бул иштин багыты үчүн түздөн-түз жооптуу адамдар жок. 2. Мамлекеттик кызматкерлерге "Өсүңүз же кетиңиз" сыйлоо системасын түзүү. Бардыгы “ылдый” жактан башташы керек. Ар бир мамлекеттик кызматкер белгилүү бир убакыттын ичинде өзүнүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун сандык параметрлер боюнча көрсөтүүгө милдеттүү болот. Өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөткөн мамлекеттик кызматкерлер кызматтан көтөрүлсө, калгандарына жакшы сапаттарга ээ болгон адистиктер сунушталат.Ошондой эле, бул система коррупцияга каршы мыкты чара катары кызмат кылат, анткени ал баарына карьердик өсүшкө мүмкүнчүлүктөрдү берет. Карьералык өсүшкө түрткү болгон мамлекеттик кызматкерлер аброюна доо кетирүүдөн этият болушат. Бүгүнкү күндө бул мүмкүн эмес: таасирдүү үй-бүлөлүк байланышы бар адамдар, чоң капиталы бар адамдар жана  подхалимдер гана кызматтык өсүш жасап жатат. 3. Облустук маанидеги мамлекеттик органдарды керексиз жана бюрократиялык тоскоолдуктар катары жоюу. 4. Биз дотациядагы жергиликтүү жамааттарды 5 жылдын ичинде дотациядагы кырдаалдан чыгуу стратегиясын иштеп чыгууга милдеттендирген мыйзамдын кабыл алынышын жактайбыз. 5. Өкмөткө мугалимдерди, медиктерди жана башка социалдык ведомстволордун кызматкерлерин мамлекеттик, муниципалдык иш-чараларды өткөрүүгө тартууга, мисалы, жогорку мамлекеттик кызматкерлерди тосуп алууга, ишембиликтерди жана шайлоо жараянын өткөрүү, мыйзамдуу түрдө тыюу салат. 6. Мамлекеттик чек ара кызматын Баткен облусуна жайгаштыруу. 7. Биз Ички аскерлерди Ички иштер министрлигинен курамынан Улуттук гвардиянын курамына өткөрүп берүү жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышын колдойбуз, ал бийликтин мүмкүн болгон тынч нааразылык акцияларын басууда ири армия корпусун колдонушуна жол бербейт.II. АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ 1. "Люстрация жөнүндө" Мыйзамды кабыл алууну сунуштайбыз (мыйзам долбоору менен партиянын расмий сайтынан таанышууга болот)2. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды четке кагууну сунуштайбыз.3. Биз Конституциялык палата берилген кайрылууларды гана эмес, бардык мыйзамдардын конституциялуулугун текшерүүгө укуктуу болушун колдойбуз. Азыркы учурда саясий жана башка аспектилер Конституциялык палатанын чечим кабыл алуусуна таасирин тийгизүүдө, анткени конституцияга байланыштуу маселе конкреттүү турмуштук кырдаалдагы талаштуу учурдан келип чыгат.4. Жогорудагы мыйзам долбоорлору жана демилгелердин бардыгы кабыл алынгандан кийин парламенттин таркатылышын колдойбуз. Анткени биз билебиз, парламенттин 7-чакырылышында люстрация процессине кире турган адамдар көп болот, экинчиден, шайлоо таза өтпөйт,  балким, бийлик оппозициялык партияларды шайлоо жарышынан сүрүп чыгарышы мүмкүн.5. Мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү кайтарып берүүнү сунуштайбыз.6. Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү жөнүндө мыйзамдын киргизилишин колдойбуз: а) алар өз бизнесин баштоо үчүн жеңилдетилген насыя ала алышат, ошондой эле 3 жылга салык жеңилдиктерин алышат; б) балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн "Социалдык турак жайды" курууга каражат тартуу үчүн шарттарды түзүү.

  1. Жаш мугалимдерди жана жаш дарыгерлерди колдоо боюнча мыйзамдын кабыл алынышын жактайбыз:

35 жашка чейинки мугалимдерге жана дарыгерлерге киреше салыгын алып салуу; мамлекеттик университеттерде жана колледждерде эң көп талап кылынган медициналык адистиктер үчүн бюджеттик орундарды түзүү жана көбөйтүү.

8. Биз "Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине жана камкорчуларына эмгек акы төлөө жөнүндө" мыйзамды кабыл алууну сунуштайбыз.

III. УКУК КОРГОО ЖАНА СОТ ОРГАНДАРЫНЫН РЕФОРМАСЫ

Алар эки негизги милдетти чечиши керек:

         Биринчиден, укук коргоо органдары бизнести рейдерлик жол менен тартып алуу жана пара талап кылуу куралы болууну токтотушу керек;

        Экинчиден, укук коргоо органдарынын саясатка кийлигишүүсү, саясий репрессияларды жана сөз эркиндигине кол салууну (ооздуктоону) токтотушу керек.

         Биз сунуштайбыз:

  1. Саясий себептер менен козголгон иштерди кайра кароо.
  2. Коррупциянын негизги булагына айланган, керексиз жана кайталанма орган катары УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызматты жоюуу, андан тышкары, Башкы прокуратурага бардык күч структураларынын тергөөгө тийиштүүлүгүнүн сакталышына катуу көзөмөл жүргүзүү милдеттендирилсин.
  3. Келечекте - Тергөө комитетин түзүү, тергөө иш-милдеттерин Ички иштер министрлигинен, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан (ГСБЭП) жана УКМКдан алып салуу. Бизнеске кысым жасоону токтотуу!
  4. Сыноодон (полиграфтан) өтпөгөн судьяларды автоматтык түрдө бошотуу менен, бардык сот корпусу үчүн туруктуу, жыл сайын "полиграфиялык" тесттерден өткөрүү.
  5. Саясий күрөштө күч структураларын колдонууга мыйзамдуу тыюу салуу.
  6. Жакын туугандарынын кирешеси жана чыгымдары сыяктуу эле, олуттуу чыгымдардын мыйзамдуулугун тастыктай албаган мамлекеттик кызматкерлердин баардыгын кызматтан милдеттүү түрдө бошотуу жөнүндө эреже киргизебиз. Мамлекеттик кызматкердин күнөө презумпциясын киргизебиз, жана алар мүлкүнүн жана акча каражаттарынын келип чыгышынын мыйзамдуулугун далилдеши керек. Мамлекеттик кызматкерлердин башка адамдардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн пайдалануусуна тыюу салуу. Бул чара ал адамдардын коррупциялык мүлкүн бөтөн адамдарга каттатууга бөгөт койот. Мамлекеттик кызматкер мамлекеттин мыйзамдуу каражаттары менен жашашы керек жана бул каражаттар анын натыйжалуулугуна ылайык татыктуу жашоо үчүн жетиштүү болушу керек.
  7. Укук коргоо тутумун, ошондой эле жаза аткаруу тутумун (ГСИН) реформалоону мыйзамдык жактан камсыз кылуу жана көзөмөлдөө. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары элдин коргоочусу эмес, алардын кордоочусу, анткени аларды эч ким көзөмөлдөбөйт жана алардын күч колдонуусу эч кандай деңгээлде чектелген эмес. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын тутуму түзөтүү жана жазалоо эмес, кыйноо жана адамдардын кадыр-баркын кемсинтүү. Күч структуралары мамлекеттин мыйзамдарын сакташы керек.Аларды иштен бошотуу укугуна ээ адамдардын кызыкчылыгына кызмат кылбай, мыйзамдын үстөмдүгүн коргоо үчүн атайын мотивация түзүү керек, ошого жараша күч структураларынын көз карандылык принциптерин кайра карап чыгуу керек. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бүгүнкү күндө жазалоочу орган, ал эми түрмөлөр кылмышкердин жогорку окуу жайы болуп саналат, ал система түзөтүү жана тарбия берүү функциясын аткарышы керек. Ички иштер министрлиги жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы активдүү иштеши керек, башкача айтканда, кылмыштуулуктун алдын алуу, өлкөдөгү кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү жана алардын ишинин натыйжасы болушу керек.
  8. Кылмышкелер башкарган пенитенциардык системадагы “каардуу чөйрөдөгү” тутумду жок кылуу.
  9. Кылмышкерлерге жазаны тандоодо сотторүчүн көптөгөн өзүм билемдиктербар жана коррупцияга жол ачат. Ошондуктан кылмыш-жаза мыйзамдарын реформалоо зарыл.
  10. Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин кайрадан аттестациядан өткөрүү жана өздүк курамды "тазалоо".
  11. Айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде, аймактык участкалык милицияны шайлоо (шериф) институтун түзүү.

IV. "БИЗ ӨЗ ӨЛКӨБҮЗДӨ ГАНА БАКТЫЛУУ БОЛО АЛАБЫЗ" 

Кыргыз элинин улуттук аң-сезиминин деңгээлин көтөрүү, өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, бирдиктүү кыргыз элинин курамында бардык жамааттарды шайкеш келтирүүгө шарт түзүү керек.

Бул үчүн биз сунуш кылабыз:

  1. "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" долбоорун Кыргызстанга кайтарып алуу.
  2. Аялдардын укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы институтун түзүү.
  3. Балдардын укуктарын коргоо боюнча Акыйкатчы институтун түзүү.
  4. "Курултай жөнүндө" жаңы мыйзамды кабыл алуу менен туруктуу Коомдук палатаны түзүү.
  5. Мамлекеттик деңгээлде "Үй-бүлө институтун" өнүктүрүү жана колдоо жөнүндө программаны кабыл алып, ишке ашыруу.
  6. Жерди мыйзамсыз басып алуу маселесин чечүү. Ушул жерлерди өздөштүрүү менен жолдорду куруу, газдаштыруу, мамлекеттик социалдык мекемелерди куруу аркылуу, басып алынган аймактарды узак мөөнөткө сатып алуу укугун сунуш кылуу менен аймакта жашаган жарандарга кызмат көрсөтүү жана кепилдиктер сунуштоо.
  7. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн инклюзивдик билим берүүнүн принциптерин киргизүү.
  8. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жөлөк пулдарды көбөйтүү.
  9. Педофилдерге жазаны күчөтүү жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү чараларын күчөтүү.

 

  1. ӨНҮККӨН КЫРГЫЗСТАН

        Бүгүнкү күндө “Таза коом”, “Кырк кадам – ​​сорок шагов” программалары өкмөт тарабынан ишке ашкан жок, санариптештирүү шылдыңга айланды. Булар алгач социал-демократтар партиясынын программалары болгон жана биз аларды кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн ишке ашырууга даярбыз. (Программаларды партиянын сайтынан таба аласыз).

  1. Кыргызстанда жүргүнчү жана жүк ташуу чөйрөсүндө эл аралык транспорттук борбор болуу үчүн шарттарды түзүү (Tранспорттук лаб).
  2. Республиканын алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарында жеңилдетилген салык салууну киргизүү.
  3. Ишкердик менен алектенген субъекттерге салыкты акыйкат жана айкын жүргүзүү үчүн электрондук салыктык эсепти бардык жерде жайылтуу.
  4. Жалал-Абад облусунда туристтик-рекреациялык кластерди түзүү.
  5. Салык төлөөчүлөргө көмүскө секторду таштап кетүүгө стимулдарды түзүү боюнча инновациялык ыкмаларды киргизүү, ишкерлерден бюджетке акча түшүрүү үчүн репрессиялык чаралардын ордуна, салык амнистиялары, салык жеңилдиктери жана салык органдары тарабынан ишкерлерге жардам берүү принцибин киргизүү.
  6. Мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде чет элдик инвестициялар үчүн мамлекеттик кепилдиктерди берүү. Регионду, жергиликтүү жамаатты жана өлкөнү өнүктүрүүгө инвестициялоонун маанилүүлүгү жөнүндө жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
  7. Бажы көзөмөлүн жана жыйымдарды күчөтүү, бажы органдарында товарлардын агымын электрондук каттоонун инновациялык ыкмаларын киргизүү керек.

 

  1. КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК АРЕНАДА

 

  1. Социал-демократтар ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүнү жакташат. Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин, америкалык авиабазанын Кыргызстандан чыгып кетишинин демилгечилери катары социал-демократтар гана ЕАЭБ өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдө ар дайым артыкчылыктуу позицияга ээ болушат.
  2. Жалпы улуттук колдоонун жана ички туруктуулуктун жана туруктуулуктун, саясий эрктүүлүктүн жана социал-демократтардын улуттук кызыкчылыгынын аркасында социал-демократтардын тушунда Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында "ини" болууну токтотту.

Акыры, Кыргызстан бул аймакта санала баштады. Акыркы эки жылда кайрадан Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбай калды. Бизде, социал-демократтарда, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн жетиштүү күч жана интеллектуалдык ресурстар бар.

  1. Европа бирлигинин өлкөлөрү менен адам укуктары, демократияны өнүктүрүү, студенттердин тажрыйба алмашуу, жаңы технологиялар, инвестиция, туризм жана соода жаатында мамилелерди өнүктүрүү.
  2. Кытай менен жакшы коңшулук мамилелерди калыбына келтирүү.
  3. Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишинин натыйжалуулугунун критерийлерин киргизүү - инвестиция тартуу жана ошол өлкөдөгү кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын коргоо.
  4. Көбүнчө мурдагы чиновниктер же бийликтегилердин балдары үчүн санаторий болуп саналган элчиликтерди азайтуу.
  5. Тийиштүү билими бар жарандар гана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери боло турган мыйзамды кабыл алуу.

 

 

Биздин өлкөго ЖЕТИШКЕНДИКТЕР керек.

Ал үчүн күтүү эмес, чечкиндүү аракеттер керек.

Биз чечкиндүү аракеттерге даярбыз!