«АТА МЕКЕН» шайлоо алдындагы «ЖАҢЫ ДЕМ» программасы

 

Элге кайрылуу

Урматтуу мекендештер!

«Ата Мекен» партиясы өз ишин ырааттуу улантып келе жатканы менен дайыма айырмаланган. Биздин негизги баалуулуктарыбыз  - адилеттүүлүк, тилектештик жана өнүгүү өзгөрүүсүз бойдон калууда. Ошол себептүү биз ар бир шайлоого жаңы программаларды жазбай, эскилерин толуктап, жаңылап келебиз. Биз бүгүн да өз принциптерибизден  баш тартпай, аларды жайылтуу ниетиндебиз.

 

2020-жыл бир гана Кыргызстан эмес, бүткүл дүйнө үчүн өзгөчө болду. Коронавирус пандемиясы жана аны коштой келген экономикалык каатчылык биздин өлкөнүн талылуу жерлерин айкын көрсөттү. Жаңы коркунучтар жана чакырыктарга бет келген Кыргыз Республикасы алдыга карай күчтүү секирик жасай алат. Же дүйнөлүк рейтингдердин биротоло түпкүрүнө түшөт. Жаңыланган «Ата Мекен» командасы шайлоого «Жаңы дем» манифести менен бара жатат.

 

«Ата Мекен» командасы биздин өлкө өзгөрүп, адамдар эптеп күн кечирген эмес, сапаттуу, маңыздуу жашаган өлкөгө айланарына бөркүндөй ишенет. Акчасына, мансаптуу туугандарына таянгандардын эмес, бардык адамдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсүнө айланып, өз өнүгүүсү үчүн жаңы багыттарды издеген жана таба алган мамлекет болоруна ишенет. «Ата Мекен» командасынын саясий эрки бар. Биз жалпы элдин кыялы канткенде турмушка ашарын билебиз!

 

Шайлоо алдындагы манифестибиздин идеялары, жалындаган илеби тарапташтарыбызды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Бир чечимге келе электер үчүн «Ата Мекенди» колдоого негиз болуп берет деген ишенимдебиз. Кыргызстандын жаңы деми ачылышы керек!

 

«Ата Мекен» командасы

  

 Системаны өзгөртүү керек. Саясий реформалардагы жаңы дем:

  • “Электрондук өкмөт” долбоорун акырына чыгаруу. Анын максаты – башкаруу системасын децентрализациялоо жана дерегуляциялоо. Бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюп, өкмөттү чакан жана ыкчам кылып, министрликтердин жана ведомстволордун санын кыскартуу. Аутсорсинг, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү киргизүү.
  • Чиновниктер армиясын үч жыл аралыгында 30%га кыскартуу.
  • Сарамжалдык менен аскетизмди саясаттын жаңы тренди катары калыптандыруу. Кымбат кызматтык унаалар, казынанын эсебинен иш бөлмөсүн жасалгалоо таптакыр болбойт. Баарыбыз ашыкча нерселерден баш тартып, сарамжалдуулукка өтүшүбүз зарыл.
  • Мамлекеттик кызмат системасына КРI (Key Perfomance Indicator) технологиясын, тактап айтканда, ишмердүүлүктү негизги көрсөткүчтөр боюнча баалоону киргизүү. Бул бардык тепкичтеги мамлекеттик органдардын, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө коомдук көзөмөлдүн сапатын жакшыртат.
  • Антикризистик менеджментти башкаруу системасынын ажырагыс бөлүгү катары орнотуу.
  • Бардык мамлекеттик чечимдер тобокелдик жана мүмкүнчүлүктөрдү анализдегенден кийин гана кабыл алынышы керек. Негизи эле мамлекет аналитикалык-божомолдоо борборуна айланууга умтулушу зарыл.
  • Административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу
  • Баш мыйзамды элге кайтаруу. Конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү. Премьер-министрге – чыныгы ыйгарым укуктар жана жеке жоопкерчилик. Президент – өкмөттүн, соттун ишине аралашпаган калыс арбитр.
  • Парламенттик шайлоо ачык партиялык тизме менен өтүүсүн талап кылуу.
  • Шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү.
  • Башкаруу системасында бийликтин тең салмакта болушун камсыздоо. Бул бейформал жамааттык органдардын пайдасына ыкташы керек.
  • Бийликтин бардык бутактарынын ишмердүүлүгүн элдик көзөмөлгө алуу механизимин киргизүү. Элде парламент кабыл алган мыйзамдарга “вето коюу” укугу болушу керек.
  • Премьер-министрдин алдында реформа жана стратегиялык өнүгүү борборун – өлкөнүн «мээсин» түзүү. Анын ишине бардык саясий күчтөрдүн, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер тартылышы керек.

 

 Саламаттыкты сактоодогу жаңы дем:

  • Үч жыл аралыгында “электрондук саламаттыкты сактоо” принциптерине толук кандуу өтүү.
  • Телемедицинаны, анын ичинде реалдуу режимде кеп-кеңеш берүү, үй шартындагы телемедицина, окутуу жана квалификацияны жогорулатууну өнүктүрүү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында атайын клиникалык илимий-практикалык телемедицина борбору түзүлүүгө тийиш.
  • Мамлекеттик бюджеттин саламаттыкты сактоо тармагынын муктаждыктары үчүн чыгымын ички дүң продукциянын 8%ына чейин көтөрүү.
  • Мамлекеттик каржылоо ооруканага эмес, бейтапка багытталышы керек. Башкача айтканда, жумуш «акча оорукана эмес, бейтаптын артынан жүрөт» деген принципте уюштурулат.
  • Ар бир кыргызстандык өзү үчүн кепилденген медициналык кызматтардын базалык топтомун так элестете алышы зарыл.
  • Бардык жарандарды, анын ичинде жаш балдарды диспансеризациялоо (профилактикалык кароо) системасын түзүү.
  • Сапаттуу медициналык камсыздоо жарандардын социалдык жана экономикалык статусуна карабай, бирдей жеткиликтүү болууга тийиш. Ал үчүн медициналык камсыздандыруунун ар кандай формаларын, анын ичинде жеке жана коомдук түрлөрүн киргизүү жана өнүктүрүү.
  • Дарыгерлердин жана кенже медициналык кызматкерлердин айлык-акысын жогорулатуу. Дарыгердин маянасы президенттик жана өкмөттүк аппараттын кызматкерлеринин айлыгынан кем болбош керек.
  • Медицина кызматкерлери үчүн социалдык турак-жай куруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу.
  • Дары-дармек мафиясын түп-тамырынан жок кылуу. Дарылар элге жеткиликтүү болуп, эң керектүүлөрүнүн баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынышы абзел.
  • Өзүбүздүн фармацевтикалык өндүрүштү жолго салып, жеке коргонуу каражаттарын чыгарууну баштоо.
  • Медициналык билим берүү системасына өзгөчө көңүл буруп, бир кездеги кадыр-баркын кайтаруу.
  • Медициналык жогорку окуу жайлардын жеке өздөрүнө бекитилген клиникасы болууга тийиш. Мындай чаралар аларды заманбап, көп профилдүү медициналык мекемелерге айланта алат.
  • Медициналык билим берүү тармагына жеке инвестиция тартуу – жаңы Өкмөттүн программасынын атайын багыты болууга тийиш.

 

Билим берүүдөгү жаңы дем

 Беш жыл аралыгында электрондук билим берүү принциптерин ишке ашыруу, “Электрондук мугалим” жалпыга багытталган агартуучулук долбоорун ишке киргизүү.

  • Бардык мектептерди бекер интернет менен камсыздап, аларды маданий жана маалыматтык борборго айлантуу. Айрыкча алыскы айылдарга басым жасалууга тийиш.

 

  • Мамлекеттик жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардан ар кандай максатка акча чогултууну, анын ичинде коомдук фонддор аркылуу каражат жыйноону тыкыр көзөмөлдөө жана жөндөө.
  • Мектеп окуучуларын компьютер менен камсыздоо мамлекеттик программасын иштеп чыгуу. Компьютерлерди минималдык үстөк пайызы менен насыяга же мектептер аркылуу жеткиликтүү баада, акысыз тейлөө шарты менен алуу.
  • Мугалимдердин санариптик сабаттуулугун арттыруучу комплекстүү программаны иштеп чыгуу.
  • Билим берүү жана илим министрлигинин алдында туруктуу иштей турган онлайн борбор түзүү. Анын базасында педагогдорго заманбап EdTech сервистерди пайдалануу, мультимедиалык контент түзүү, дегеле окуу процессинде зарыл болгон технологиялык инновацияларды пайдалануу боюнча методикалык колдоо көрсөтүү жана кеп-кеңеш берүү платформасын иштеп чыгуу.
  • Мектеп жана бала бакчаларда акча каражатын чогултууда, бөлүштүрүүдө ачык механизм, ата-энелер тарабынан көзөмөл системасын киргизүү. 
  • “Акча окуучунун артынан жүрөт” принциби боюнча каржылоо механизимин киргизүү.
  • Инклюзивдик билим берүүнү киргизүү жана кеңейтүү.
  • Мектептеги билим берүүнү окуучулардын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү багытына өзгөртүү.
  • Субсидия, гранттар системасы аркылуу жакынкы жылдарда суроо-талап көп болчу төмөнкү билим берүү багыттарын колдоо:
  • IT-технологиялар жана IT-тармагына байланыштуу адистиктер, маалыматтык коопсуздуктан баштап санариптик маркетингге чейин;
  • инженерия жана илимге таянган өндүрүшкө тиешелүү адистиктер, анын ичинде энергетика тармагы;
  • айыл чарба өндүрүшү менен байланыштуу адистиктер;
  • микробиология;
  • медицина жана фармацевтика.
  • «Кыргызстан ЕАЭБдин бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде» деген шарттуу аталыштагы өзүнчө долбоорду иштеп чыгуу.
  • ЖОЖдордун рейтингин аныктоочу республикалык система түзүп, биздин мыкты ЖОЖдор Евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги рейтингдерге киришин камсыздоо.
  • Калктын аярлуу катмарындагы таланттуу студенттерди мамлекеттик гранттардын эсебинен чет элдик алдыңкы ЖОЖдордо окутуу багытындагы улуттук долбоор иштеп чыгуу. Алар мекенине кайтууга милдеттендирил ет.
  • Атаандаштыкка туруштук бере алчу кесиптик билим берүү системасын түзүү.

 

Адам укугу жана эркиндиги – башкы баалуулук:

  • Биз адам укугу жаатындагы бардык репрессивдик, анын ичинде эл аралык мыйзамдарды бузган, сөз эркиндигин жана өкмөттүк эмес сектордун өнүгүшүн чектеген мыйзамдарды артка кайтарууну талап кылабыз.
  • ИИМ, УКМК тармактарын жарандык-укуктук көзөмөлгө алуу системасын киргизүүнү талап кылабыз.
  • Эркинен ажыратылгандардын кармалуу шартын, медициналык тейлөөсүн жакшыртууга аракеттенебиз.
  • ММКда, анын ичинде КТРКда сөз эркиндигинин сакталышын, мамлекеттик ЖМКлар бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрүнө бирдей жеткиликтүү болушун талап кылабыз.
  • Мыйзамга каршы, экстремисттик, аймактар, улуттар, диндер аралык ажырымга ачык чакырыктар болбосо, мамлекеттин колдонуучуларды саясий өңүттө куугунтукка алышына, интернетте сөз эркиндигин чектөө  аракеттерине каршы турабыз.
  • Жарандардын экологиялык укуктарынын корголушун көзөмөлдөгөн системанын киргизилишин колдойбуз.

Экономикадагы жаңы дем:

  • Сарамжал жана өндүрүмдүү экономикага өтүү
  • Өнөр-жай секторун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу. Өнөр-жай жана өндүрүш мамлекеттик деңгээлде артыкчылыктуу багыт деп аныкталышы керек. Бул тармак жеңилдетилген насыяларды алып, салык каникулдарынан, мамлекет колдоосунан пайдаланышы керек.
  • Өлкөдө өнүктүрүү долбоорлорун жеңилдетилген шартта каржылай турган, тобокел шартта иштей алчу өнүгүү банкын түзүү.
  • Ири өнөр-жай долбоорлоруна жеңилдетилген шартта насыя, субсидия берчү түзүмдөр менен кызматташууну күчөтүү. Мисалы, Евразия өнүктүрүү банкы менен.
  • Беш жыл ичинде импорттун ордун максималдуу түрдө алмаштыруу программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу. «Мade in Kyrgyzstan» деген жазуусу бар товар же азыкты сатып алуу модага, беделдүү, патриоттук кадамга айлануусу керек. Кыргыз азык-түлүгүн өлкө ичинде жана чет жактарга жайылтуу кампаниясы программанын бир бөлүгү болууга тийиш.
  • Сырткы экономикалык ишмердүүлүктү толугу менен либералдаштырып, башкача айтканда, биздин экономика инвестицияга, жүргүнчүлөрдүн агымына, соода алакасына ачык деп бүткүл дүйнөгө жар салуу. Жарыя Акт, Манифест же Декларация формасында болушу мүмкүн.
  • Инвестициялык кодексти иштеп чыгуу.
  • Капиталдын өлкөгө кайтышына мыйзам жүзүндө түрткү берүү.
  • Кош салыкка жол бербөө боюнча келишимдерди мүмкүн болушунча бардык өлкөлөр менен түзүү.
  • “Чакан бизнес ар бир үй-бүлө үчүн” мамлекеттик программасын иштеп чыгуу.
  • Улуттук өнөр жана өндүрүмдү колдоо программасын иштеп чыгуу.
  • Аялдар ишкерлигин колдоо программасын иштеп чыгуу.
  • Заманбап мамилеге негизделген агроөндүрүш комплексин өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу. Өзгөчө басым айыл чарба продукцияларын кайра иштеп чыгуу технологияларына жасалат.

 

Санариптик экономиканы өнүктүрүүдөгү жаңы дем:

  • Ар бир үйгө тез, сапаттуу, дээрлик бекер интернетти жеткирүү. Бул Кыргызстандын кыска мөөнөттүү экономикалык саясатынын ураанына айланышы керек. Бүгүнкү күндө интернет ашкере байлык эмес, турмуш зарылдыгы. Интернеттин баасы калктын капчыгына туура келиши керек. Мамлекет бизнес менен биргеликте өлкөнүн эң алыскы жана тоолуу аймактарындагы ар бир үй-бүлөнү интернет менен камсыздоо долбоорун иштеп чыгууга тийиш.
  • Криптовалютаны колдонууга уруксат берип, смарт-келишимдерди легалдаштыруу. Бул продукциясы блокчейн технологиялардын базасында иштелип чыгуучу стартаптар үчүн шык-дем болот.
  • Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин ишмердүүлүгүн кеңейтүү, криптобиржа, криптоалмашуу менен алектенгендерге уруксат берүү.
  • Google, Amazon сыяктуу ири компаниялардын дата-борборлорун өлкөгө тартуу үчүн табигый артыкчылыктарыбызды мүмкүн болушунча пайдалануу. Мисалы, аларга Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууну сунуштап, республиканын дарыяларында дата-борборлордуу курууга кепилдик берсе болот.

 

«Жашыл» экономика – бүгүнкү күндүн негизги тренди. Жаңы дем:

  • Күн жана шамал энергетикасын, суу жана биоэнергия, кичи ГЭСтерди өнүктүрүүгө, энергоэффективдүүлүктү жогорулатууга ыктаган жаңы энергетикалык программанын концепциясын иштеп чыгуу.
  • Кыргыз жерлеринин түшүмдүүлүгүн кайтаруу! Глобалдык экологиялык фонд жана Жашыл климаттык фонд менен бирге жерлерди калыбына келтирүү, алардын деградацияланышынын алдын алууга багытталган бирдиктүү аракеттеринин жаңы программасынын өзөгү - жерлердин түшүмдүүлүгүн кайтаруу болушу керек. Мунун алкагында үстүртөн суугаруудан баш тартып, аны башка ыкмаларга, мисалы, тамчылатып, бүркүп суугарууга алмаштыруу зарыл.
  • Мал чарбачылыгында синтетикалык семиртүүчү каражаттарды колдонууга мыйзам чегинде тыюу салып, синтетикалык антибиотиктерди колдонууну жөндөө.
  • Экологиялык таза продукция үчүн стандарттарды жана аларга атайын маркировканы иштеп чыгуу.
  • Айыл чарбаларын экологиялык таза азык-түлүктү өндүрүүгө шыктандыруу.
  • Бишкек шаарын бир жыл ичинде таштандыны иргеп чогултууга өткөрүү боюнча пилоттук планды иштеп чыгуу. Ири шаарларда таштандыны кайра иштетүүчү заводдорду куруу.
  • Шаарларды колдон келишинче веложолдор, пандустар менен жабдуу.

 

Инфраструктурадагы жаңы дем:

  • «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун Торугарт-Жалал-Абад тилкесин (Балыкчыга чыгуу мүмкүнчүлүгү менен) курууну тез арада баштоо. Долбоор Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына толугу менен жооп бериши керек. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу улуттук долбоор макамын алып, инфраструктура багытындагы мамлекеттик саясаттын приоритети болушу керек.
  • Фергана, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө шарттар түзүлүшү керек (Фергана жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө темир жол тармагын куруп, Чүй өрөөнүндөгү темир жол тармагын өнүктүрүү аркылуу Бишкектин спутник шаарларын байланыштыруу).
  • Кыргызстанда аба хабын түзүүгө багытталган «Аба Жибек Жолу» шарттуу аталышындагы долбоорду ишке ашыруу.
  • Жергиликтүү темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү.

 

Турак-жай саясатындагы жаңы дем:

  • Жеке жана көп кабаттуу турак-жай куруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жана киргизүү.
  • Эмгек ресурстарына муктаждык же жумушка жайгашуу мүмкүндүгү бар калктуу конуштарда социалдык турак-жайларды курууга жер тилкелерин эч тоскоолдуксуз берүү.
  • Жер ресурстарын натыйжалуу колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо үчүн шаарларда жана облустук борборлордо жер тилкелерин толук инвентаризациялоо.
  • Бишкек жана Ош шаарлары спутник-шаарларды курууга киришүүсү керек. Алардын ортосунда коомдук унаа үчүн ылдам магистралдар салынышы шарт. Бул спутник-шаарлар борбор калаалардын жүктөмүн азайтат, эмгек ресурстарын жана шаар четиндеги өндүрүш объектилерин кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет, Бишкек менен Оштун социалдык мекемелерине түшкөн ашыкча жүктөмдү азайтат.
  • Республиканын шаарларын, биринчи кезекте Бишкек жана Ошту заманбап суу тазалоочу жана канализациялык станциялар, үзгүлтүксүз жарык, зарыл инженердик коммуникациялар менен камсыздоо.
  • Жаңы конуштарды керектүү инженердик коммуникация, анын ичинде көгүлтүр от, социалдык-маданий объектилер менен камсыздоо. Бул аркылуу массивдер аз кабаттуу үйлөрдүн престиждүү шаарчасына айланат.
  • Кичи шаарларды өнүктүрүүнүн өзүнчө программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү.
  • Шаарлардын жака-белиндеги ири дача кооперативдерине калктуу пункт макамын берүү. Муну менен андагы жашоочуларды социалдык камсыздоого жол ачылат (каттоого туруу, оорукана, төрөт үй, мектеп, бала бакча ж.б. пайдалануу мүмкүнчүлүгү).
  • Кыргызстандыктардын турак-жай менен камсыз болуу көрсөткүчүн кошуна өлкөлөр менен салыштырууга жол берчү деңгээлге жеткирүү – бир адамга 18 чарчы метр.

Коррупция менен күрөштөгү жаңы дем:

  • Мамлекет менен коом экономикалык жана саясий коррупцияга аёсуз күрөш жарыялашы керек.
  • Укук коргоо органдарындагы жана сот системасындагы коррупция менен күрөшүү. Люстрация жүргүзүү.
  • Коррупция менен тандалма күрөштөн баш тартуу. Мыйзам алдында бардык адамдардын укугу бирдей.
  • Бажы жана салык системаларын толугу менен фискалдаштыруу.
  • Кыргызстандын Transparency International рейтингиндеги абалын жакшыртуу.
  • Коомдук жогорку кызматтагы адамдардын ири чыгашалары менен кирешелеринин дал келишин көзөмөлдөгөн мыйзамдын иштешин камсыздоо. Байлыгы кирешенин мыйзамдуу булагына туура келишине үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү керек, бул максатта салык органдарынын функциялары кеңейтилет.
  • Коррупция боюнча соттолгон адам мамлекеттик түзүмдө да, коррупциялык аракет болгон чөйрөдө да жогорку кызмат ордун ээлей албай турган нормалар киргизилиши шарт.
  • Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу.

 

Чек ара көйгөйлөрүн чечүү, аймактык бүтүндүктү жана суверенитетти сактоодогу жаңы дем:

  • Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү.
  • Чек аралаш облустардын, делимитациялана элек тилкелер бар аймактардын тургундарына «кооптуу зонанын жашоочусу» катары компенсация төлөө боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу.
  • Делимитация боло элек тилкелер бар чек аралаш аймактын тургуну облустун ичине көчүп кетүү үчүн үйүн сатууну көздөсө, анда аны мамлекет орточо базар баасында сатып алышын камсыздоо.
  • Баткен облусуна «өзгөчө экономикалык аймак» макамын берүү.
  • Жаңы шарттарды, “тоолуу өлкө” катары Республиканын аймактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргызстандын суверендүүлүгүн коргоо боюнча “Аскер доктринасын” иштеп чыгуу.
  • ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ менен кызматташтыкты күчөтүү.

«Ата Мекен» командасынын «Жаңы демин» колдо! Чимкириктерсиз парламент