Жарандарды жумуш менен камсыз кылуу:

- ар бир жарандын эмгек укуктарын ишке ашыруунун кепилдиктерин камсыз кылуу;

- жумушчулардын эмгек келишимдерин эсепке алуу (катто) жана аткарылышын көзөмөлдөө системасын түзүү;

- бардык категориялардагы жумушчулардын квалификациясына карабастан, минималдуу эмгек акыны жогорулатуу ;

Айыл чарба тармагында:

 - айыл чарба тармагындагы кооперацияны өнүктүрүү үчүн айыл чарба кооперативдери жөнүндө атайын мыйзамды иштеп чыгуу зарыл;

- Майда дыйкан чарбалары келишимдин негизинде кооперациялоо- чон дыйкан чарбаларды түзүү;

- Айыл чарба министирлиги тарабынан долбоорлордун негизинде чон дыйкан чарбаларга %-сыз насыялар берүү;

- мелиоративдик, агрохимиялык жана маданий-техникалых иш-чараларды өткөрүү долбоорлорун мамлекеттик тараптан каржылоо;

- Асыл тукум жана үрөн чарбаларды өнүктүрүү, алардын түшүм жыйноо наркын төмөндөтүү;

- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдын негизинде айыл чарба тармагында  Мамлекет жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жолго кою.

Билим берүү.

- жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачууну жөнөкөйлөтүү;

- жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдарды тамак-аш менен мамлекеттик камсыздоо;

- билим берүүчү, тарбиялык жана атайын компоненттерди камтыган орто жалпы билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

Медицина жана саламаттыкты сактоо:

- мамлекеттик дарылоо жана клиникалык мекемелерде санариптештирүү жана электрондук процедураларды колдонуу толугу менен ишке ашыруу;

- жеке медициналык клиникаларды ОМС (милдеттүү медициналык камсыздандыруу) системасына кошуу жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын мамлекеттик көзөмөлдөө.

Үй-бүлөнү бекемдөө:

-ар бир төрөлгөн бала үчүн мамлекет үй-бүлөнүн материалдык абалына карабастан жөлөкпул төлөп бериши керек;

- нике курагы боюнча долбоор кабыл анлынып жатат, жаштарды никеге даярдо, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, бекемдөө

- балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын функцияларын кеңейтүү.