Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич

Арстанбек Абдылдаевдин Кыргыз Республикасынын

Президенттик шайлоо алдындагы программасы:

Бүгүнкү күндөгү адамзаттын оор акыбалы, улуттар, мамлекет аралык пикир-келишпестиктер, табигый кырсык, рак, вирустан адамзаттын өлүмүнүн көбөйүшү, революция, экономиканын түшүшү, саясий каатчылыктар – бул дүйнө саясатчыларынын, Президент, окумуштуулардын планы, программасы иштебей жаткандыгы.

XXI-кылымдын башында мага аян катары Ааламдан адамзат үчүн Жаңы Доордо жашоо эрежелери, талап, буйрук, программасы берилген.

Ааламдык программа:

  • Адамзат пендечиликтен чыгып, Периштелик, улуулук сыпатка калыптануусу керек;
  • Өлүм сырын таап, өлбөстүккө өтүү (2000 жаш адамзаттын орто жашы болуп калат);
  • Адамзат Табият кызматын, Аалам сырын билип, таттуу мамиледе болуу;
  • Адам Атадан таркаган адамзат биригип, бир мүнөз, бир идеологияга өтүү;
  • Бүгүнкү күнгө чейин адамзат сыйынган ар кандай диндер ошол убакыттагы эволюцияга гана жарактуу экенин билип, XXI-кылымда сыйынууну токтотуп, сыйкыр касиетке ээ болуу (пендечиликтен чыгып, Периштелик сыпатка калыптануу);
  • Адамдын анатомиясы эненин курсагында астрологиялык энергиядан жаралаарын билип, жан Ааламдан, чындыктан келип, Ааламга кетээрин, адамзат жерде Ааламдын, Кудайдын ролун аткаруу, адамзатты бириктирүү, куткаруу ж.б. кызматын аркалоо.

Аалам – адамзат үчүн программасын эле эмес Арстан-Алайга энергия, касиетин дагы берген. Мен, Ааламдын өкүлү катары дүйнө эли дүңгүрөп жол таппай калган кезде, адамзатты кризистен чыгарам, чындыкты аныктап берем, өлүм сыноосунан куткарам. Кыргыз өлкөсү биринчи бутка турат. Дүйнө эли Кыргыз Мамлекетине уланат.

Адам Арбайлык, Периштелик, Кудайлык сыпатка калыптанганда пикир-келишпестик токтоп, улуттар биригет, улуулукка карап каражат, саясат, маданият, улуу рахат пайда болот.