Байгуттиев Женишбек Сейтбекович

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  

Байгуттиев  Женишбек Сейтбековичтин

 

«Жеңиш» программасынын кыскача версиясы

Программанын максаты жана милдеттери.

Программанын максаты Кыргызстан калкынын жашоо деңгээлин жана сапатын бир нече эсе жогорулатуу жана өлкөнү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу. Бул максатты ишке ашыруу үчүн коррупцияны түп тамырынан жоюу, кадр саясатын талаптагыдай жүргүзүү, өнөр жайды жандандыруу, өндүрүш моделин иштеп чыгуу жана өзгөртүү – продукция өндүрүү санариптештирилген жана автоматташтырылган заманбап фабрикалардын пайда болушу сыяктуу кечиктирилгис маанилүү милдеттерди чечүү талап кылынат.   

Өнөр жайды жандандыруу. Даанышмандар институтун түзүү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн түрлөрүн аныктоо жана тандоо үчүн кошумча нарк чынжырчасына талдоо жүргүзүү институтун түзүү керек.  Аны Экономика министрлигинин же Экономика министрлигине бириктирүү менен Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун базасында ишке ашырууга болот. Өздүк ресурстук базага таянуу наркты түзүүнүн глобалдык чынжырчаларында максималдуу диапазонго (сырьелук эмес) жетишүүгө мүмкүндүк берет. Колдонулуп жаткан төмөнкү базада максималдуу сандагы кайра түзүүлөр менен өнөр жай потенциалын жандандыруу рыноктун зарыл болгон тереңдигин камсыз кылат. Мунун өзү соода балансын текшилөөгө жана улуттук валютанын – сомдун курсун турукташтырууга алып келет. 

Өз кезегинде сомдун туруктуулугу ишкананын жабдууларын андан ары модернизациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен, продукциянын өздүк наркына оң таасирин тийгизет.

Тигинен интеграциялоо негизги максат эмес, бирок ага умтулуу импорттун ордун максималдуу алмаштырууга жана экспорттук потенциалды жогорулатууга  түрткү берет.

Алты жылда 180ден кем эмес заводдорду жана фабрикаларды куруу жана ишке киргизүү милдети коюлат. Алты жылда Ички дүң продукцияны жок дегенде эки эсе көбөйтүү (көмүскө сектордун эсебинен эмес)  жана 18-20 млрд. АКШ долларына жеткирүү милдети турат. Ошол эле учурда  бюджет 480-500 млрд сомго чейин өсөт.

Бирок ушунча сандагы жаңы өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү үчүн электр энергиясын импорттоо же аны өлкө ичинде кошумча өндүрүү талап кылынат. Ал ГЭСтер (Жогорку-Нарын ГЭСтер каскады) жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу,  Камбар-Ата-2 ГЭСин долбоордук кубаттуулугуна жеткирүү аркылуу ишке ашырылат.

Россия (россиялык мамлекеттик компаниялар) сыяктуу стратегиялык инвесторду тартуу эки өлкөнүн жетекчиликтеринин ортосундагы талаптагыдай кызматташтык мамилелерди калыптандырууда жана генерацияланган кубаттуулуктагы нормалдуу экономиканы түзүүдө мүмкүн экендиги айдан ачык. 

Инвестициялык түзүмү менен тарифтик саясатты ишке ашырууга жетишүү, мында калктын социалдык жактан аялуу (жакыр) катмарынын электр энергиясын пайдалануусу бюджеттик каражаттардын эсебинен болот (кирешенин тиешелүү өсүшүнө жеткенге чейин), бул республиканын суу ресурстарынын энергетикалык потенциалынын бир кыйла толук ишке ашырылышына алып келет (143 - 162 млрд кВт*ч). 

Коррупция менен күрөшүү жана кадр саясаты. 2019-жылдын жыйынтыгы  боюнча Transparency International эл аралык уюму тарабынан жүргүзүлгөн Коррупцияны кабыл алуу индексине ылайык Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 126 орунду ээледи.

Бирок карапайым калктын түшүнүгү боюнча өлкөдөгү коррупциянын деңгээли жалпы мүнөзгө ээ жана коомдун бардык чөйрөсүнө жайылган. Жыл сайын коррупциядан мамлекеттик бюджеттин жоготуулары кеминде 80 миллиард сомго бааланат.

Коррупциялык көрүнүштөр көпчүлүк учурда укук коргоо органдарында, бажы жана салык кызматында, сот системасында, мамлекеттик органдардагы кадр саясатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында (жер тилкесин бөлүп берүүдө жана трансформациялоодо) кездешет. 

Коррупцияны түп тамырынан бери жок кылуу үчүн туура кадр саясаты, татыктуу эмгек акы жана эмгек шарттарынын болушу, мыйзамсыз аракеттер үчүн милдеттүү түрдө жазага тартуу зарыл.

Коррупцияны жок кылуу учурдагы эмгек акыны, пенсияларды, жөлөк пулду эки эсе жогорулатууга гана мүмкүндүк бербестен, ошондой эле модернизациялоого, зарыл болгон инфраструктураны түзүүгө, өлкөдө билим берүүнү жана саламаттык сактоону сапаттуу жакшыртууга шарт түзөт.

Биз заманбап жана жаңы жабдуулар менен жабдылган ооруканаларга, ушундай эле бала бакчаларга жана мектептерге, келечек үчүн иш билги  университеттерге ээ болобуз, мунун өзү жыл сайын бюджеттен жаңы жолдорду, тротуарларды, көпүрөлөрдү, транспорттук түйүндөрдү, жогорку ылдамдыктагы магистралдын базасында темир жолду, экологиялык жактан таза Жылуулук электр борборлорун (ЖЭБ), калкты суу менен камсыз кылууну жана башка көптөгөн нерселерди  каржылоого мүмкүндүк берет.

Өнөр жай өндүрүшү жана дүйнөлүк илим менен интеграцияланган ата-мекендик илим, ошондой эле маданият өзүнүн бардык турпаты жана ар түрдүүлүгү менен жок болуп кетүүдөн сактануу жана толук кандуу өз нугуна кайтып келүү үчүн кайра жанданат. Өлкө жашайт, калыбына келет жана өнүгөт.

Жыйынтык.

Алты жылдык Президенттик кызмат учурунда мен, жана мен гана, өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги маселелерди чечем.

Алар төмөнкүлөр:

Өлкөнүн бюджетин 500 млрд. сомго чейин көбөйтүү жана анын андан ары өсүшү үчүн негиз түзүү (максаттуу көрсөткүч азыркы курс боюнча 1 трлн. сом). Жыл сайын Ички дүң продукциянын 9-10 пайыздан кем эмес өсүшүн камсыз кылуу.

Бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык акысын төрт эсе жана андан ашык көбөйтүү: кыска мөөнөттө коррупцияны жана уурулукту түп тамырынан бери жок кылуунун эсебинен эки эсе, андан ары экономиканы өнүктүрүүнүн эсебинен көбөйтүү. Өлкөдө адамзаттык капиталды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Билим берүү, саламаттык сактоо, илим, маданият тездетилген темпте өнүгөт.

Алты жылдын ичинде 180-200 завод-фабрика ишке киргизилет (жеке ички инвестицияларды эске албаганда). Алар кайра иштетүүчү ишканалар, жеңил өнөр жай кластерлери, тиричилик техникаларын чыгаруучу заводдор, мунай химиясы жана мунайды кайра иштетүүчү заводдор, Россия Федерациясы менен биргеликте аскердик өнөр жай комплекси, машина куруу, келечектин фабрикалары: буюмдардын өнөр жай интернети   (IIoT), аддитивдүү технологиялар (3D-печать), робот техникасы, big data, «санарип эгиз» технологиясы, жасалма интеллект, блокчейн.

Россия Федерациясы менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадын куруу иштери жүргүзүлөт,  Камбар-Ата-2 ГЭСин долбоордук кубаттуулугуна жеткирилет.

Жаңы технологияларды жана компетенцияларды өздөштүргөн чет өлкөлүк адистерди тартуу менен кендерди өлкө калкынын кызыкчылыгы үчүн иштетүү жүргүзүлөт. Кендерди иштетүүдөн түшкөн кирешелер аймактардын үлүшүн жогорулатуу менен бөлүштүрүлөт.  

Кен чыккан жерлерди тышкы карызды төлөө  үчүн өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

Ички дүң продукцияга карата инвестициялардын үлүшү 35 пайызга чейин жеткирилет, мунун өзү 2021-жылы 2,5 млрд. АКШ долларын, 2027-жылы 7 млрд. АКШ долларын түзөт.

 Жыл сайын айлык акысы жогору 30 миңден кем эмес жаңы жумуш орундары түзүлөт, андан ары 2027-жылы айлык акысы жогору болгон 90 миң жумуш орундары түзүлөт.

         Турак-жай куруу темпи жылына 800 миң чарчы метрге, ал эми беш жылдын кийин 3 млн. чарчы метрге жетет (максаттуу көрсөткүч жылына 5,2 млн чарчы метр  турак жай). Анын ичинде жылына 1 млн. чарчы метрден кем эмес социалдык турак жай курулат.  

Заманбап инфраструктураны түзүү: транспорттук, суу чарбасы, инженердик, социалдык, туристтик, аскердик ж.б. Өлкөдө байланыш жогорулатылат. 

Өнүктүрүү институттары түзүлөт жана иштеп жаткандары адистештирилет. Сот системасынын ишмердигин өркүндөтүү, жөнгө салуучу органдардын (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Финансылык көзөмөлдөө ж.б.) ашыкча жөнгө салуусун төмөндөтүү жана бир түргө келтирүү маселелерин чечүү аркылуу узак мөөнөттүү жана жеткиликтүү насыя берүү уюштурулат,  экономиканын артыкчылыктуу  секторлоруна жеткиликтүү насыя берүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук  банкынын ролу жогорулайт.

Өлкөнүн коопсуздук концепциясында коңшу мамлекеттер менен чек ара маселесин жөнгө салуу, экология, мамлекеттик институттардын потенциалын жогорулатуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана экономикалык коопсуздук маселелери өзгөчө роль ойнойт жана бул маселелер өз нугунда чечилет.

 Айыл жергесинде социалдык адилеттүүлүк маселесин чечүү: жер тилкесин бөлүп берүү жана айыл чарба багытындагы жерлерди ижарага берүү, таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу, айыл чарба продукцияларын базар баасында сатууга көмөк көрсөтүү, айыл жергесинин инфраструктурасын өнүктүрүү, айыл жергесинде эмгекти механизациялаштыруу камсыздалат. Мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.

ЕАЭБдин алкагында интеграциялоо, мигранттар маселелери чечилет, экономиканын түзүмүн өзгөртүү менен, өндүрүштүн кубаттуулугу тездетилген темпте өнүктүрүлөт.

Бюджет борборлоштуруудан алыстайт: негизги салык – кошумча нарк салыгы бөлүштүрүлөт. Бишкек инвестициялык дарбазага айланат. Аймактар бара-бара өзүн өзү камсыздай баштайт. Өлкөнүн жыргалчылыгы  үчүн бардыгы салыктарды толугу менен төлөй башташат. Коррупционерлер жоопко тартылат жана салыктарды толугу менен төлөшөт! Өлкөдө жакырчылык жоюлат.

Кытайга болгон тышкы карыз жабылат.

 Биз күчтүү, өзүн-өзү камсыз кылган, өнүккөн, келечекке умтулган өлкө болобуз! Мени  урпактар Кыргызстанды ийгиликке жеткирген, чынчыл Президент катары эстешет жана сыйлашат! Мен талыкпай, сиздер менен бирге, күчтүү, акылдуу жана адилеттүү адамдар менен иштейм! Андан соң менин ордумду өлкөнү бактылуу кыла турган, ийгиликтүү Президент алмаштырат.