Касенов Аймен Абдыталипович

                           Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер                               

А. Касеновдун шайлоо алдындагы Программасы

“САЛТТАР ЖАНА ЖАҢЫЧЫЛДЫКТАР СИНТЕЗИ ЭЛДИН БАКУБАТТУУЛУГУ ҮЧҮН”

Менин стратегиялык артыкчылыктарым

1-артыкчылык:  Улуттук Кайра жаралуу

Биздин элдин маңызынын негизин түзгөн салттык баалуулуктар: адилеттүүлүк, жоопкерчилик жана ак ниеттүүлүк  аркылуу улуттук аң-сезимди ойготуу.

Жогорку адеп-ахлактык баалуулуктарды жана принциптерди сактоо аркылуу элдин тарбиясына таасир этүүчү негизги салттык диндерди колдоо жана кыргыз коомунун рухий жактан өсүшүнө шарт түзүү.

 

2-артыкчылык: Мамлекеттүүлүктү куруу

Эл бийлигинин үстөмдүгүн камсыздоо үчүн мамлекеттик түзүлүштүн жана башкаруунун жаңы моделин түзүү. Зомбулук аппараты катарындагы мамлекеттен коомдук мамилелерди шайкештөө системасы катарындагы мамлекетке акырындык менен өтүү. Коомдук коммуникациялардын санариптик платформасынын негизинде бардык маанилүү чечимдерди кабыл алуу.

 

3-артыкчылык: Адам – өнүктүрүүнүн негизи

Улуттук мураска негизделген социалдык программаларды түзүү жана киргизүү, жаңы типтеги маданий жактан байытылган чөйрөнү жана жаңы муундук коомдоштуктарды түзүү. Үй-бүлөлүк институттардын баалуулуктарынын жана улуттук салттардын негизинде муун аралык байланыштарды сактоо жана бекемдөө.

 

4-артыкчылык: Экономикалык базис

Жаңы экономиканын фундаменталдык принциби – “жерден өсүп чыккандын баары – бул жашоонун туура программасы”. Артыкчылыктар – органикалык айыл чарбаны жана гидроэнергетикалык дараметти өнүктүрүү. Заманбап таза жана жооптуу технологияларга ээ болгон глобалдык инвесторлорду тартуу.

 

5-артыкчылык: Региондордун өнүгүшү

Негизги принцип: “Күчтүү региондор – күчтүү өлкө”. Сакралдык-рухий, тарыхый-маданий, климаттык-табигый, социалдык-экономикалык негиздерге таянып ар бир облустун өнүгүшүнө жекече мамиле жасоо.