Арстанбек Мыктыбек

Кыргыз Республикасынын Президентигине талпкер Арстанбек Мыктыбектин шайлоо алдындагы программасы

Мен заман талабына жооп бергени чыктым!

 

«ЖАША, КЫРГЫЗСТАН!»

 

Биздин байлык – эл. Оболу – эл, анан гана мамлекет!

 

Элдин жашоосун өнүгүү нугуна буруу үчүн мен  негизги беш мүдөөнү сунуш кылам:

 

  1. Бүгүн биздин эл АКЫЛ-ЭСИН ырастоосу зарыл

 

А. Тарых, жашоо жана келечек тууралуу акыйкат маалымат;

Б. Терс сапаттардан – асыл касиеттерге карай өнүгүү;

В. Керектүү билимди, пайдалуу илимди өнүктүрүү.

 

  1. Бүгүн биздин эл келечек НАСИЛИНЕ кам көрүү зарыл

 

А. Чың ден-соолук жана кажыбас кайрат;

Б. Аял заты – дайым камкордукта;

В. Үй-бүлөө – негизги чөйрө.

 

  1. Бүгүн биздин эл өз БАЙЛЫГЫНА ээ болуусу зарыл

 

А. Мамлекетке – саясий жана экономикалык көз карандысыздык;

Б. Кедейликтен – лидерликке, өзүбүзгө – өзүбүз гана чегеребиз;

В. Адилеттүү салык, адал ишкердик жана финансылык эркиндик.

 

  1. Бүгүн биздин эл бекем АБРОЮН көтөрүү зарыл

 

А. Саясатта биримдик жана дос-душманды аңдоодо кыраакылык;

Б. Кыргыз каерде болбосун – Кыргызстандын жараны,

В. Жер-сууларга жана кен-байлыктарга – сарамжалдуулук.

 

  1. Жогорудагылар ЫЙМАНДЫН гана үстүнө тургузулат

 

А. Атеисттик караңгылыктан – тунук дүйнөтаанымга;

Б. Диний сабатты өнүгүүгө – зор өбөлгө;

В. Кыргыз наркы – көөнөрбөс заманбаптык .

 

Биз бактылуу болууга укуктуубуз!