Калмаматов Бактыбек Орозалиевич

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер

КАЛМАМАТОВ БАКТЫБЕК ОРОЗАЛИЕВИЧтин "Мүмкүнчүлүктөр мейкиндиги" шайлоо алдындагы программасы.

         Программанын концепциясы - “Баары адам үчүн”.

         "Менин өлкөм – менин үйүм" программасынын идеологиясы.

         Артыкчылыктар

Кадам № 1:

·        2020-жылдын 5-октябрынан тартып бардык кабыл алынган актыларды жокко чыгаруу; ؙ

·        Бардык укуктук базаны кайра карап чыгуу;

·        Мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик фондун инвентаризациялоо.

Кадам № 2

·        Коррупцияга каршы күрөшүү;

·        Люстрация

·        Реформа

  • Бир үй-бүлө - Бир үй. "Социалдык турак жай 2021-2027" мамлекеттик программасынын максаты - ар бир үй-бүлөнү үй менен камсыз кылуу. Биздин өлкөдө үйү жок бир дагы үй-бүлө болбошу керек.
  • АТР - Эл бийлиги! Облустар жана райондор жоюлат, айыл өкмөттөр ирелештирилинет (290)  - Өкмөт менен түз байланышуу болот.
  • Республикалык бюджетти децентрализациялоо - жергиликтүү кеңештердин каражаттары толугу менен жергиликтүү жамааттын карамагында калууга тийиш.
  • Ислам принциптерине ылайык кредиттик пайыз 5%дан ашпоого тийиш. Адилеттүү жана арзан насыялар! Баарына берекелүү турмуш!
  • Улуу Жибек Жолунун боюнда, Кыргызстан темир жол куруу аркылуу чек арадагы стратегиялык борборго айланат.
  • Люстрация. Менин шайланып келгеним саясий жана мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө моралдык укугу жок адамдарды автоматтык түрдө люстрациялоого алып келет. Мисалы, Үзөнгү-Кушту, Каркыраны, “Кыргызгазды” сатууга жана мөңгүлөрдү жок кылуу боюнча демилге көтөргөндөр, добуш бергендер, ошондой эле күнөөлөрү далилденген коррупционерлер люястрацияланат.
  • Биз улуттук экономика үчүн! Адамдарды улуттук өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштөрүн сатып алууга үндөгөн лоялдуулук программасын киргизүү аркылуу улуттук өндүрүштү колдоо.
  • Көп векторлуу тышкы саясат улуттук экономиканын гүлдөп-өнүгүшүнө шарт түзүшү керек.
  • Санариптештирүү. Акылдуу жана прогрессивдүү өлкө! Биз 5G Интернетти бүткүл өлкө боюнча жайылтабыз.
  • Ачык маалыматтар. Өлкөнүн жаратылыш, жер, материалдык байлыктарын инвентаризациялоо.
  • Кайтарымдуу пенсиялык фонд. Социалдык фондго чегерүүлөрдөн топтоочу, жеке фонддун тутумун түзүү, бардык финансылык ресурстарды же жарым-жартылай жарандын каалоосу боюнча кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен.
  • Медицина. Акысыз дары-дармектер, жеткиликтүү фармацевтикалык каражаттар. Жеке фармацевтикалык бизнес наркына 10% дан ашпаган кошумча төлөм. Ооруканаларда электрондук кабыл алуу. Дени сак улут - гүлдөгөн мамлекет.