Кочкоров Улукбек Тойчубаевич

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер

      Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин

         «КУТ» программасынын

           ТЕЗИСТЕРИ

 

Адам жана анын муктаждыктары социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылган мамлекеттик саясаттын негизги өзөгү болушу керек. Негизги максат - ар бир жарандын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылган социалдык мамлекетти куруу. Кыргызстан финансы-экономикалык мамилелерди жана шайлоо системасын олуттуу өзгөртүүгө муктаж.

 

Социалдык-экономикалык саясат. “КУТ” программасын ишке ашыруу менен өзүбүздүн жергиликтүү өндүрүштү колдоого жана жаңы иш орундарын түзүүгө, эл менен мамлекеттин кирешесин арттырууга жетишебиз. Натыйжада Кыргызстандын экономикасы кайрадан индустриялашып, тышкы миграция кыскарат. Жыл сайын жөлөк пул менен стипендиялар 1000 сомго, пенсия 1200 сомго, бюджеттен айлык алгандардын маянасы 3000 сомго көбөйүп турат. Жылдык өлчөмү 2 пайызды түзгөн, 30 жылга чейинки мөөнөттөгү ипотекалык насыялар берилет. 

Билим берүү, медицина. Мамлекетте киреше көбөйүүсү ар бир кыргызстандыкты сапаттуу, жеткиликтүү, акысыз билим берүү жана медициналык тейлөө менен камсыздоого шарт түзөт. 

Мамлекеттик түзүлүш жана кадр саясаты. Коррупциясыз жоопкерчиликтүү бийлик. Карьералык өсүү сөзсүз түрдө мамлекеттик кызматтын иерархиясынын бардык тепкичтерин ырааттуу басып өтүү менен коштолуусу зарыл.

Сот системасы. Судьяларды шайлоо ыкмасын киргизүү жана сот жараяндарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу менен чыныгы көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү сот системасын түзүү.

          Тышкы саясат. Тышкы саясаттын башкы милдети - өлкөнүн жана жарандардын өсүп-өнүгүүсү, жаркын келечеги үчүн эң ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу.

        Маалыматтык технологиялар жана электрондук мамлекет. Маалыматташтыруу жана электрондук мамлекетти куруу эң маанилүү милдеттердин бири. Бул ар бир жаранга мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөөгө жана алардын кызматын ыкчам, ары-бери ашыкча  түртмөлөөсүз колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

           Тыянак. Кыргызстан элинин социалдык адилеттүүлүктүн негизинде биригиши.