Тольбаев Бабыржан Латиханович

Президенттикке талапкер Бабыржан Тольбаевдин программасындагы

негизги үч багыты

 

  1. Мамлекеттик ишканаларды (министрликтер жана ведомстволор ж.б.) жана мамлекеттин ири үлүшү бар компанияларды натыйжалуу башкаруу.

Иш-чаралар:

  • Мамлекеттик органдардын түзүмүн жана иштешин оптималдаштыруу. Ар бир кызматкер үчүн KPI тутумун (натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчү) киргизүү менен натыйжалуулукту жогорулатуу жана бюджеттик чыгымдарды 20% га же андан ашык азайтуу. Жыл сайын бюджетти кеминде 400 миллион АКШ долларына жакын каражатка үнөмдөө;
  • Мамлекеттик компаниялардын жана мекемелердин ишине коомдук көзөмөлдү уюштуруу. Ай сайын бизнес өкүлдөрү менен бир жана эл өкүлдөрү менен бир жолугушуу өткөрүп туруу;
  • Мыкты менеджерлерди / жетекчилерди тандоо жүргүзүү менен ишке алуу. Алардын ар биринин алдына маанилүү милдеттерди коюп, жана максаттарга жетүү үчүн башкаруучуларды шыктандыруу.
  1. Экономиканын өнүгүшү.

Иш-чаралар:

  • Санариптештирүүнү киргизүүнү улантуу, бирок интенсивдүү темп менен;
  • Патенттердин, иш-аракеттердин формаларына жана көлөмүнө шайкештигин текшерүү;
  • Чет өлкөлүк акционердик капиталдын менчик укугунун кепилдиги үчүн чет өлкөлөрдө соттук териштирүү институттарын киргизүү;
  • Инвесторлордун мүлктүк укуктарын бузуу боюнча бардык олуттуу учурларды (1 млн. АКШ долларынан ашык транзакциялар) текшерүү жана алардын укуктарын калыбына келтирүү;
  • ЕАЭБ берген атаандаштык артыкчылыктарын талдоо, жумуш орундарын түзүү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү максатында 5-10 долбоорго сынак жарыялоо. Жеңүүчүлөр 4 жыл аралыгында салыктан бошотулат, ал эми 2 жыл аралыгындагы жетишкендиктерге баа берилет.
  1. Билим берүү.

Мамлекеттик бюджетти натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу жолу менен кошумча каражат бөлүү аркылуу билим берүү системасын каржылоо.

Иш-чаралар:

  • Жаш мугалимдин программасын түзүү;
  • Мугалимдердин статусун жогорулатуу жана айлык акыларды жана сыйлык акыларды көтөрүү боюнча расмий системаларды киргизүү. Ай сайын кирешенин кеминде эки эсе өсүшү;
  • Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө / ата-энелерге мектеп тамагы жана мамлекеттик субсидиялар менен жардам берүү;
  • ЖОЖдордо билим берүүнү реформалоо. Мурунку коррупциялык схемаларга жооп иретинде, бюджеттик орундарга ЖОЖдорго каттоонун борборлоштурулган системасын киргизүү. Бюджеттик квоталарды бөлүштүрүү: Бишкек жана Ош шаарларындагы ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн республиканын эң мыкты бүтүрүүчүлөрүнө 70% жана региондордун бүтүрүүчүлөрүнө 30% квота берүү.