Баткен шаардык Кеңешине талапкер “ЫНТЫМАК”  саясий партиясынын 2021-2025-жылдарга

 ПРОГРАММАсы:

         Баткен шаарында шаардын генпланына ылайык, заманбап талаптар менен коомдун ачыктыгына жана инновациялык экономикасын жакшыртууга, экологиялык агрокомплексин өнүктүрүүгө, стратегиялык өнөктөштүк аркылуу  шаарды ар тараптуу өнүктүрүүгө негизделген бир катар реалдуу жүзөгө ашырылуучу демилгелердин негизинде “Ынтымак” саясий партиясы  конкреттүү иш аракеттерди жүргүзөрүн жарыялайт.

  1. Баткен шаарынын социалдык өнүгүүсүн камсыздоо, социалдык жактан аз камыз болгон жана аялуу катмардагы жарандарын колдоо:
  • Билим берүү тармагында мектепке чейинки жана мектептен кийинки билим берүү сапатын, материалдык-техникалык базасын чыңдоо. Жеке менчик билим берүү мекемелерине туруктуу жана сапаттуу иш алып баруусуна шарт түзүп берүү.
  • Шаарда мектепке чейинки мекемелердин жетишсиздигине байланыштуу, жергиликтүү бюджеттин жана инвестициянын эсебинен мектеп жана балдар бакчасын куруу.
  • Калктын аялуу катмарына өзгөчө көңүл буруу, ден-соолугу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, тубаса майыптарга жана аларды караган камкорчуларына биринчи кезекте көңүл буруу.
  • Шаар калкынын ден-соолугунун саламаттыгына кам көрүү максатында саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо. 
  1. Баткен шаарынын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу:
  • Шаардын бюджетин толтурууга багытталган өнөр-жай ишканаларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу. Тигүү фабрикасын ишке киргизүү, кайра иштетүү  ишканаларын куруу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу.
  • Экспорттоого көбүрөөк көңүл буруу, жергиликтүү тургундардын жана өнөр-жай тармагынын өндүрүшүн колдоп, экспортко чыгарууга шарт түзүү. (Логистикалык борборлорду көбөйтүү)
  • КМШга кирген мамлекеттер менен (Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Россия) биргелешкен өнөр-жай тармагын өнүктүрүү.
  • Шаарга тышкы жана ички инвестиция тартуу. Инвестициянын көлөмүн 5 жылдын ичинде 2 млн. долларга жеткирүү.
  • Жаңы жана кошумча жумуш орундарын түзүү менен жумушсуздуктун санын кыскартуу.
  • Шаардын жана шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн шаардын аэропортун сыртка чыгаруу маселесин мамлекеттик деңгээлге алып чыгып чечүү.
  • Трансформация жана турак –жай маселесин чечүүнү так пландар менен колго алуу.
  • Мамлекеттик деңгээлде көп кабаттуу үйлөрдү куруу жана аз пайыз менен ипотекага берүү аркылуу жергиликтүү жашоочуларга шарт түзүү.
  1. Баткен шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо, калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу:
  • Шаар тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо максатында шаардын ар бир аймагына таза суу түтүктөрүн тартуу, таза суу көйгөйүн чечүү. Өзгөчө, шаардын аймагындагы  жаңы конуштар  (жол, электр энергия, таза суу сыяктуу маселелерди чечүү).
  • Баткен шаарынын ичиндеги эскилиги жеткен канализация түтүктөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү.
  1. Баткен шаарынын калктуу конуштарындагы муниципалдык жолдорун жакшыртуу:
  • Алгач шаардын ички жолдоруна асфальт төшөө, жөө жүргүнчүлөр үчүн стандартка жооп берген жолдорду куруу, шаар ичиндеги жолдордогу жол белгилерин жана аялдамаларды заманбап үлгүдөгү шартта оңдоп түзөө.
  1. Баткен шаарындагы жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу:
  • Шаардын жашылдандыруу мекемесин уюштуруу.
  • Манас комплексиндеги эс алуу жайын  өнүктүрүү.
  • Жашылдандыруу маселесин колго алуу менен шаарды гүлдүү, жашыл шаарга айландыруу.
  1. Баткен шаарындагы таштандыларды жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу:
  • Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу.
  • Шаардын тазалыгына көңүл буруу. Шаардык бюджеттин эсебинен шаарды тазалоо, ошондой эле коммерциялык кызматтарды өнүктүрүү менен коммуналдык тейлөөнү жакшыртуу.
  • Таштандыларды кайра иштетүүчү цех куруу.
  1. Баткен шаарында муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу:
  • Шаар ичиндеги унаалардын тыгындарын азайтуу, ошого байланыштуу ички альтернативдүү  жолдорду уюштуруу аркылуу көйгөйдү чечүү.
  • Шаарда тейлөө сапатын жакшыртуу максатында шаардык автобаза түзүп, кенейтүү.
  1. Баткен шаарындагы жергиликтүү маданият бөлүмүнүн, китепканалардын ишин жандандыруу жана камсыз кылуу:
  • Баткен шаардык маданият бөлүмүнүн эскирген жабдыктарын жаңылоо.
  • Жаш өспүрүмдөрдүн максатсыз пайдаланган компьютер, интернет, смартфондордон арылтуу үчүн бардык шарттары бар, заманбап үлгүдөгү, ыңгайлуу китепкана бөлмөлөрүн уюштуруу.
  • Китепканалар фондун жаңыртуу, жаңы, аң-сезимди өстүрүүчү, келечекке туура багыттоочу, бизнести өнүктүрүү боюнча ж.б. китептер менен толуктоо.
  1. Жарандардын бош убакытты пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү:
  • Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу максатында жаңы, заман талабына ылайыкташтырып парк, эс алуу жайларын жандандыруу.
  • Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү максатында бассейн жана стадионду жакшыртуу.
  1. Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетин көтөрүү, аткаруу жана ысырапкерчиликти кыскартуу:
  • “Ынтымак” саясий партиясынын жогоруда көрсөтүлгөн программасынын негизинде аткарылган иштерге жараша Баткен шаарынын бюджетин  150млн. сомго көтөрүү.
  • Баткен шаарындагы дин өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруу менен ысырапкерчиликти кыскартуу. 

“Ынтымак” саясий партиясы өз программасында көрсөткөн иш чара пландарын толук жүзөгө ашырууга даяр жана бардык мүмкүнчүлүктөрү бар.