Кыргызстан коомдун, социалдык топтордун жана ар бир адамдын жашоосунун жогорку денгээлде болушу үчүн руханий-адеп-ахлактык жана адилеттүү мамлекетти куруу аркылуу дүйнөлүк цивилизацияда өзүнүн татыктуу ордун ээлеши керек.

Кыргызстан – бүгүн

Тарых көрсөткөндөй, миңдеген жылдар бою кыргыздар этнос катары жашап, жашоодо өздөрүнүн өзгөчө көз карашы, жашоо образы, башкаруу ыкмасы, өнүккөн маданияты, тили, мамлекеттүүлүк институттары болгон. Көптөгөн башка элдердей эле биз дагы акыркы тарыхый баскычтарда багытыбыздан тайып, бөтөн баалуулуктарды жана мамлекеттүүлүктүн моделдерин кабыл алып, тутумдашкан кризиске кабылдык. Эгер биз мындан аркы иш-аракеттерибизди өзүбүз түзбөсөк, анда башкалар биздин балдарыбыздын жана келечек муундарыбыздын жашоосун өздөрүнүн көз карашы менен өзгөртүп, жол көрсөтүп, аны менен кыргыздар этникалык топ катары башка мамлекеттерге сиңип, өлкөбүз жок болуу коркунучуна кабылышы ыктымал. Ошондуктан, улуттун жана өзүбүздүн мамлекетибиздин өнүгүшүн көздөгөн көз карандысыз план керек. Мамлекетибизди өнүктүрүүгө багытталган ал жеке план өзүнүн системасындагы балуулуктары менен айырмаланышы керек. Мамлекеттин жана коомдун түзүлүшүнүн моделин алмаштыруу, башкача айтканда биздин республикабыздын жашоо нугун түп-тамырынан бери өзгөртүү зарыл.

"ОРДО" саясий партиясы кыргыз мамлекетин жана коомдун түзүлүшүнүн жаңы моделин сунуш кылууга даяр

Кандай гана өзгөрүү болбосун, өзгөртүү жолунун идеяларын жана максаттарын так аныктоо менен башталат. Максатсыз адамдын багыты жок, аны менен коом жарга такалат. Эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилден бери  Кыргызстандын бийлиги өлкөнү өзгөртүп түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн ар кандай программаларын сунуштап келген. Алар балким, өлкөнүн абалын жакшыртууга аракет кылышкандыр, бирок алардын чечимдери натыйжасыз болуп, кадамдары убакытты текке кетиргенине күбөбүз. Жакшы ниеттеги өнүктүрүүгө арналган конкреттүү иш-чаралар да туура эмес түшүнүктөр менен ишке ашырылган.

Мамлекеттик башкаруу системасын 29 жылдан бери президенттиктен баштап, жарым парламенттик жана парламенттик башкарууга чейин өзгөртүп, бардык моделдерин колдонуп көрдүк. Натыйжада, ар кандай варианттарга токтолдук. Экономика чөйрөсүндөгү реформалар бардык завод-фабрикаларды жана башка өнөр жай объекттерин жок кылуу менен аяктады. Финансы системасын реформалоо финансылык эгемендүүлүктү жоготуп, мамлекеттик бюджеттин туруктуу дефицитин жаратты. Бардык өткөөл мезгилибизде жапайы капитализм менен орой базар мамилелери түзүлүп, мамлекеттик жана коомдук мүлктөрдү талоо менен коштолду. Адептүүлүктүн, тарбиянын жана маданияттын төмөн түшүшү өткөн мезгилдин реалдуулугу. Акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан сот системасын реформалоо жөн гана кадрларды алмаштыруу менен коштолуп, сот адилеттүүлүгүн төмөн деңгээлге түшүрдү. Жасалма реформалардын ар бир этабында биз өтө төмөн жана натыйжасыз жыйынтыкка кептелдик. Канчалаган мамлекеттик программалар, мыйзам актылары кабыл алынды, илимпоздор тарабынан канчалаган диссертациялар жазылды жана көптөгөн   мамлекеттик финансылык каражаттар сарпталып, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү. Тилекке каршы, мунун баары натыйжасыз жыйынтык көрсөттү.

"ОРДО"саясий партиясы жарыялайт: Өз элиңердин үстүнөн эксперименттерди жүргүзгөндү токтоткула! Жаңы идеялар керек. Алар бизде бар!

Кыргыз - тарыхы терең, маданияты бийик, улуу жана байыркы эл. Кылым карыткан тарыхыбыз, улуу инсадарыбыз жана бийик маданий мурасыбыз канатын кагып, бийиктешибиз керек. Биздин генетикалык тамырыбыз, генетикалык эс тутумубуз маанилүү сөзүн айта турган учур келди.

“ОРДО” САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН НЕГИЗГИ ИДЕЯСЫ

  1. Улут биримдиги – элдин биримдигинде

Эгерде кыргыздар мамлекет түзүүчү улут катары, эл катары өнүгүп, бирдиктүү, биримдиктүү болууга жетишсе алса, башка улуттардын өнүгүшүнө жана алардын корголушуна кепилдик бере алат. Кыргыздардын бирдиктүүлүгү бардык улуттардын жана кыргыз жарандарынын биримдигинин башкы фактору.

Биз жалпы мамлекеттин улуттук жана улут аралык механизмин толугу менен карап чыгып, элдин биримдигине болгон тоскоолдуктарды жоёбуз. Айырмачылык жана окшоштук бир гана жынысы жана курагы жагынан болууга тийиш. Бардык жасалма тоскоолдуктар, субъективдүү факторлор жокко чыгарылышы керек же болбосо аз көрүнүштө гана болушу зарыл.

  1. Адеп-ахлактуу мамлекет

Алгач адеп-ахлак, андан кийин гана мыйзам жана программа. Адептүү адам башкаларга урмат-сый менен мамиле кылат, чынчылдык, адилеттик менен жашап, иштейт. Мыйзамды бузбай, сыйлап жашайт.

Чынчыл, таза адамдар гана уурулук, паракорлук кылбайт жана калп айтпайт. Тилекке каршы, руханий аруулугубузду жоготуу менен биздин бийликке таза эмес адамдар келип жатат. Негизги көйгөй адамдарда эмес, руханий баалуулук системасынын жоктугунда болууда.

Адамды абийирдүүлүккө, чынчылдыкка үндөп, убакыт коротуу менен  лекцияларды окуунун кажети жок. Адамды өзгөртүү үчүн чөйрөнү өзгөрт, ошондо гана адам өзгөрүү жолуна кетет.

“Биз адилеттүү мамлекет курабыз!”

  1. Кыргызстан – дүйнөдөгү экологиясы таза мамлекет

Биз 2030-жылга карай Кыргызстанды экологиялык жактан эң таза 10 мамлекеттин катарына киргизүүгө умтулабыз. 2040-жылы дүйнө жүзү боюнча экологиясы эң таза мамлекет кылууга жетишебиз. Экологиялык аң-сезим - ой жүгүртүүдөн жана экологиялык билим берүүдөн жогорку экологиялык маданиятка жана коомду экологиялык жашоого тарбиялоодон башталат.

Биз жашоонун эң кымбат экендигин, деградацияга кабылуу коркунучун, андан сактануу жолун, жаратылыш ресурстарынын чектелиши жана аны сактоо муктаждыгын, адам менен жаратылыштын ортсундагы тең салмактуулукту эске алышыбыз керек.

Биз мамлекеттин жана коомдун бардык жашоо нугун экологиялык нукка бурууга тийишпиз. Алар   мамлекеттик жана саясий институттар, экономика, илим, маданият, билим жана элдин жашоо аракети.

“Ичүүчү таза суунун сапатына, медициналык препараттарга, өнөр жай товарлары жана тамак-аш азыктарына, коомдук жана көчө тамак-аш азыктарына, сырттан ташылып келинген азыктарга мамлекеттин экологиялык көзөмөлү өзгөчө катуу болушу керек”

  1. Мурдагы, азыркы жана келечектеги муундардын гармониясы

Биз кыргыз элинин кылым карыткан улуттук каада-салттарын жана үрп-адаттарын, жашоо принциптерин, өлкөбүздөгү башка улуттардын тарыхтагы сакталып келе жаткан салттарын заманбап маалыматтык, жаңы технологиялар жана коммуникация менен жуурулуштуруп, санариптик мамлекетке айландырууга даярбыз.

Муундардын баалуулуктары ар башка, ошондуктан муундан-муунга салттарды унуткарбай улоо менен гана өткөн мезгил, коомдун чыныгы бүтүндүгү сакталат, анын андан аркы өнүгүү бутагы аныкталып, улуттун жана бардык социалдык топтордун иденттүүлүгү сакталат.

Маданияттын сакталышы, эл жана мамлекеттин биримдиги, бирдиктүү улуттук иденттүүлүк, коомдун туруктуулугу үчүн муундардын үзгүлтүксүздүгүнүн механизмин камсыз кылуу маанилүү. Жалпы баалуулуктар гана муундарды бириктире алат, андыктан муундар бири-биринин баалуулуктарын түшүнүп, кабыл алышы зарыл.

Мурдагы учурдун элементтери сакталып азыркы муунга берилиши - өткөн менен азыркы учурду жана келечекти байланыштырган маанилүү курал. Каада-салттар, маданий мурастар, коомдук балуулуктар үй-бүлө ичинде атадан-балага, уруудан-урууга берилип, сакталып келет.

Илимий-техникалык прогресстин өнүгүшү менен мурунку ата-бабаларыбыздан келе жаткан элибиздин адеп-ахлакка негизделген  тарбиясын туура пайдаланып, сакташыбыз керек. 

  1. Кыргызстан - санариптик мамлекет жана мамлекеттик социалдык түйүн

Эгерде электрондук өкмөт биринчи кезекте жарандар жана бизнес үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ыңгайлуу тутумун, мамлекет менен өз ара аракеттенүүлөрдүн жогорку деңгээлде автоматташтырылышын, керектүү маалыматка жетүү үчүн бирдиктүү порталдарды, каттоо иш-аракеттеринин жогорку ылдамдыгын билдирсе, санариптик өкмөт – бул кызмат көрсөтүү гана эмес, – бул баарынан мурда маалыматтык тутумдардын бардык түрлөрүндө топтолгон бай маалыматтарды колдонуу.

Санариптик өкмөт жана санариптик экономика гаджеттер эмес, интерфейстер эмес, байланыш каналдары эмес, интеграциялоо, кайчылаш иштетилген жана пайдалуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү. Келечекте экономика, аймактык башкаруу жана адамдардын күнүмдүк жашоосу – бул дүйнөдө болуп жаткан жашоо тамырын сезип туруунун принципиалдуу жаңы мүмкүнчүлүгү.

“Биз бирдиктүү мамлекеттик социалдык тармакты түзөбүз. Кыргызстан бирдиктүү IT чөйрө – бирдиктүү социалдык түйүн”

Бийликти толугу менен онлайн ыкмасына өткөрөбүз. Жарандар үйдөн чыкпай мамлекеттик кызматты заманбап жаӊы технологиялар аркылуу алуусу үчүн толук шарттарды түзөбүз.

Бизге көптөгөн инженерлер, дизайнерлер, бета-тестерлер, көптөгөн программисттер, социалдык тармактар боюнча адистер, веб-иштеп чыгуучулар керек болот. Мамлекеттик социалдык тармак аркылуу биз жаңы цивилизациялык коомчулукту түзөбүз.

Экономика бара-бара инновациялык мүнөзгө ээ болот. Экономикалык иштин бардык катышуучуларынын ачык-айкындыгы, ырааттуулугу жана натыйжалуулугу камсыз кылынат жана болуп көрбөгөндөй дилгирлик пайда болот. Өнөр жайдын өсүшүнө түрткү болот. Идеялар жана таланттар, калктын муктаждыктары жана жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө ойлору активдештирилет, кайра байланыштын ыкчам мониторинги жүргүзүлөт, тартип жана коопсуздук ирээттелет, ошондой эле бардык кызматтарга жана товарларга тез жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Бул учурда билим берүү жана маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, оор милдет жүктөлөт. Азыр жаштарды Facebook, Twitter, OK ж.б. сыяктуу социалдык тармактар тарбиялап жатат. Заманбап реалдуулукту кабыл алып, мамлекет өзүн артка тартып кетпеши керек жана маалымат каражаттарын өз колуна алышы керек.

“Электрондук өкмөт – санариптик башкаруу – санариптик мамлекет”

  1. Сапаттуу бийлик

Бийлик:

- кызмат мажбурлоочу аппарат эмес, элдин ишенимине ээ болуу кыйын. Ишенимди жөн гана шайлоодо жеңиш менен алуу мүмкүн эмес, иш менен гана татыктуулуктуу көрсөтүү башкы орунда;

- адекваттуу жана болжолдуу болушу керек. Эл эртең аларды эмне күтүп жатканын билип, ошонун негизинде даярданып, өз пландарын түзүшү керек. Ар кандай кырдаалда алар өз лидерлеринин жүрүм-турумуна ишеним артып,  башчылардын күтүлбөгөн чечимдерине жана тез билдирүүлөрүнө таң калбоого тийиш;

- мобилдүү жана оперативдүү болуу. Азыр бизде болуп жаткандай айлап чечим чыгарбоо зарыл. Мисалы, өкмөттү түзгөндө;

- адамдардын муктаждыктарына карата сезгич жана акылдуу болуу. Ал үчүн жөн гана патриот болуу жетишсиз, өз элин чын дилден сүйө билүү маанилүү. Өз элин тоноо ою мындай бийликтин акылына да кирбейт.

Өкмөт элдин кызыкчылыгын коргогон эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүшү керек.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨРҮҮЧҮ НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ, МОДЕЛДЕРИ ЖАНА ӨНҮГҮҮ КУРСУ

Биз тутумдук өзгөрүүлөрдү сунуштайбыз, биздин идеялар мамлекеттин, коомдун жана жарандардын турмушунун бардык чөйрөлөрүнө тиешелүү.

  1. Кыргыз мамлекетинин идеологиялык негиздери жана өнүгүү максаттары

Адам баалуулуктарсыз жана максаттарсыз тунгуюкка такалат, ал эми коомдо боштук пайда болуп, жок болууга кептелет. Бизде өнүгүүнүн алып бара турган так, даана багыттары орун алып, кайда жана эмне үчүн бара жатканыбызды түшүнүшүбүз керек. Улуттук идеологиясыз жана так максаттарсыз мамлекетке жаңы бир нерсе куруп, аны өнүктүрүү кыйын. Биз сунуш кылган партиялык Программа - анын жоболорунда мамлекеттик идеологиянын негиздерин түзгөн баалуулуктардын жана принциптердин тизмесин бекемдейт. Алардын ичинен эң жогорку баалуулуктар - бул бирдиктүү жана бөлүнгүс мамлекет жана биздин Республикабыздын бирдиктүү жана бөлүнгүс эли.

Адилеттүү, социалдык, адеп-ахлактуу мамлекетти жана коомду куруунун баалуулуктары жаңы мамлекеттик идеологиянын негизи болууга тийиш. Ошол эле учурда алар ата-бабалардын осуяттарына жана элдин каада-салттарына, заманбап чындыкка жана прогресстин талаптарына негизделгени туура.

Адамзат тааныган баалуулуктар менен катар кыргыз элине жакын жана мүнөздүү болгон, улуттук өзгөчөлүгүн аныктаган баалуулуктар, принциптер сунуш кылынат. Аларга төмөнкүлөр кирет:

  • кыргыз элинин биримдиги, бөлүнбөстүгү;
  • кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүн колдоо жана коргоо;
  • кыргыз элинин салттуу баалуулуктарын сактоо;
  • жашоо жүрүм-турумунда руханий жана адептик сапаттар материалдык кызыкчылыктардан бийигирээк туруусу;
  • уруулук мамилелерди кыргыз элинин биримдигинин негизи катары таануу;
  • патриоттуулук, эр жүрөктүүлүк, мекенге болгон сүйүү жана элге, Ата-Мекенге кызмат кылуу;
  • ата-энени, улуу муунду урматтоо, алардын жолун жолдоо;
  • жамаатташуу жана социалдык өз ара жардамдашуу;
  • айкөлдүк, кайрымдуулук, ырайымдуулук;
  • эмгекчилдик жана ашарга баруу активдүүлүгү;
  • марттык, меймандостук жана башка элдерге ачык болуу;
  • дүйнө жана жаратылыш менен жуурулушуу.

Мамлекеттик идеология мамлекет тарабынан тарбия, каада-салт, билим берүү, илим, маданият, массалык коммуникация аркылуу колдоого алынып, ички жана тышкы кол салуулардан корголушу керек.

Эгемендүүлүктү алгандан тарта бизде демократиялык өнүккөн мамлекетти куруунун абстрактуу көрсөтмөлөрүнөн башка мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсү боюнча так жана конкреттүү аракеттер болгон жок. Максаттар менен каражаттардын багытын адаштырышып, элдин чарба тармагын “мамлекетти өнүктүрүү жолу” деп адаштырып келишкен (өнөр жай, энергетика, айыл-чарба, тоо-кен казып алуу жана туризм).

Биз өнүгүү жолунун так жана түшүнүктүү программасын сунуштайбыз - ар бир жаран эртең эмне күтүп жаткандыгын, кайда бара жатканыбызды так билиши зарыл. Негизги максат - коом, социалдык топтор жана ар бир адам үчүн жогорку сапаттагы руханий, адеп-ахлактуу, адилеттүү мамлекетти куруу менен дүйнөлүк цивилизацияда татыктуу ордубузду тапканыбыз маанилүү.

Өнүктүрүү багыттары:

  • кыргыздардын руханий булактарын жана мурастарын сактоо жана өнүктүрүү;
  • кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүн сактоо жана өнүктүрүү;
  • Кыргыз Республикасынын эли болгон ар улуттардын биримдиги, бөлүнбөстүгү;
  • Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгү жана коопсуздугу, саясий жана социалдык туруктуулугу;
  • адептүү жана адилеттүү коом;
  • мамлекеттин экономикалык гүлдөп-өсүшү, коомдун, социалдык топтордун жана адамдардын турмушунун сапатынын жогорулашы;
  • дүйнөлүк цивилизацияда татыктуу орунга ээ болуу.

Максаттардын негизинде узак, орто жана кыска мөөнөттө ишке ашырыла турган долбоорлорду, ченемдерди иштеп чыгыш керек, алар укуктук документтер менен белгиленип, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда бекемделиши кажет.

  1. Коомдун руханий жана адеп-ахлактык кайра жаралуусу

Адамзаттын, көптөгөн мамлекеттердин, инсандардын азыркы этаптагы саясий-экономикалык жана башка ар кандай чөйрөдөгү бардык кыйынчылыктары жана кагылышууларынын башаты - руханий жана адеп-ахлакка негизделген баалуулуктарды жоготуудан, тамырыбыздан алыстап, тарыхыбызды унутканыбыздан улам келип чыгууда. Дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы финансылык, жалпысынан тутумдашкан кризистин негизги себеби - материалдык кызыкчылыктардан руханий баалуулуктарды жогору коюу. Экономикадагы жана саясаттагы кризис – руханий кризистин, адеп-ахлак кризисинин кесепети.

Биз коомубуздун руханий жана адеп-ахлактык кайра жаралуусунун пайдасына бардык ресурстарды мобилизациялоо кадамына бармайынча  саясатта, экономикада, башка чөйрөдө дагы кыймылга алып келип, ийгиликке жете албайбыз. Бийликтин экономиканы көтөрүүгө жана өнүктүрүүгө болгон бардык аракеттери ийгиликсиз, натыйжасыз болгон жана болуп келүүдө. Анткени, салмактуу сандардын артында жаман ниет жана жасалма аракеттер бар. Биздин биринчи кезектеги милдетибиз - мамлекеттик, коомдук жана жеке жашоонун бардык чөйрөлөрүн руханий жана адептүүлүк принциптерине багыттоо. Экономика, саясат, мыйзам чыгаруу, менеджмент, илим жана билим берүү, башкача айтканда, бардык чөйрөлөр адеп-ахлакка жана руханий баалуулуктарга багытталышы керек. Бул эң биринчи ишке ашырыла турган маселе. Бул себеп, калганынын бардыгы натыйжа.

Мамлекеттин жана коомдун бардык тармактары тарыхый салттарга, кыргыз элинин маданий баалуулуктарына жана дүйнөлүк цивилизациянын мыкты жетишкендиктерине багытталууга тийиш. Кыргыз элинин, өлкөбүздө жашаган жарандардын руханий жана адеп-ахлакка байланышкан  баалуулуктары, диний көз караштары адеп-ахлактыкты көтөрүүнүн негиздери болсо, демек бул экономиканы, саясий курулушту жана элдин жыргалчылыгын жогорулатуунун негизги резервдери болуп саналат.

Эффективдүү натыйжаларга жетүү үчүн “ОРДО” саясий партиясы коомду идеологиялык жаңыртууга -  аларды жүзөгө ашырууга конкреттүү Программасын иштеп чыкты.

Сырттан таңууланган саясий билимдердин бүткүл системасы мамлекеттик идеологиянын анахронизм, тоталитаризмдин белгиси катары бар экендигин четке кагып, тааныйт деп уялуунун жана коркуунун кереги жок. Бирок,  жыйырма жыл ичинде республикада жүргүзүлгөн деидеологизация да мамлекеттик идеологиянын маңызы, аны таңуулагандар эч нерседен тартынбай, бизге, биздин жашообузга киргизишти.

Руханий жана адеп-ахлактык кайра жаралуучу иш-чаралардын комплекси мамлекеттин турмушунун бардык тармактарын камтып, ал эми адистер бүтүндөй өнүгүү стратегиясын жана бардык иш-чаралардын планын иштеп чыгуусу керек. Мисалы, бала бакчанын, орто мектептин, жогорку окуу жайларынын, башкача айтканда, бардык билим берүү мекемелеринин окуу программаларында милдеттүү түрдө эстетикалык, руханий-адептик билим берүү предмети камтылганы туура. Мамлекет улуттук көркөм өнөрдү жана спортту өнүктүрүүнүн конкреттүү чараларын жана механизмдерин иштеп чыгышы керек (музыкалык аспаптарда ойногонду, фольклорду жана музыканы, улуттук оюндарды өнүктүрүүгө кеңири мамлекеттик колдоо). Салтанаттуу жана башка иш-чараларда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин текстин билүү жана аткаруу ар бир жарандын ыйык милдети болушу керек. Дене тарбия, спортту жана патриоттук тарбияны өнүктүрүү да жалпы элдик милдет болууга тийиш.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маанисин позитивдүүлүккө буруп, түп-тамырынан өзгөртүү зарылчылыгы бар. Телекөрсөтүү жана басма сөз каражаттары экономикада, маданиятта, илимде, медицинада жана башка тармактарда жетишкендиктерди көрсөтүп, жазып турушу керек. Баңгиликке, зомбулукка жана бузукулукка үгүттөгөн көптөгөн көркөм тасмаларды жана мультфильмдерди көрсөтүүгө токтоосуз тыюу салынышы керек. Адамдардын аң-сезимине таасир этүүчү бардык тармактарда цензураны орнотуу пайдалуу болмокчу. Мамлектте саясий цензурага гана тыюу салынышы керек.

Жалпысынан коомдун жана адамдардын руханий-адеп-ахлактык жактан кайра жаралуусунун революциясы зарыл болууда. Биздин максат - ар бир жаранга биримдик, тилектештик, чынчылдык, эмгекчилдик, мекенчилдик, руханий жана материалдык жыргалчылык үчүн коомго жана мамлекетке аралашууга түрткү берген жаңы баалуулуктар жана идеялар керек. Ал эми аталган баалуулуктар негизги мыйзамда жазылганы өз жыйынтыгын берет.

  1. Саясий тутум жана мамлекеттик түзүлүш

Мамлекеттик тартиптин жоктугу, саясий партиялардын ортосундагы портфолиолордун бөлүнүшү, кадрдык секирик, мамлекеттик кызматтын шайкеш эместиги жана туруксуздугу оңолууга үмүт бербейт. Бийликтин тынымсыз алмашуусу бийликтин убактылуу жумушчулар тутумун түздү. Эң жакшы дегенде, өкмөт башчы бир жылга кармалат. Андай болбошу керек. Биз өзүбүзгө ылайык башкаруу моделин иштеп чыга алабыз.

Элдик Курултай институтун элдин жогорку бийлигинин Конституциялык органы катары, президент, парламент жана башка органдар, ошондой эле кызмат адамдары отчёт берген, өлкөнүн өнүгүүсүнүн фундаменталдык багыттарын аныктоого ыйгарым укуктуу орган, жеке мамлекеттик органдардын түзүлүшүн - Конституциялык орган катары киргизүүнү сунуш кылган жарандарыбызды толугу менен колдойбуз.

Кыргыз Республикасынын премьер-министрлигине талапкерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна жана бекитүү үчүн талапкерди сунуштоо ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын президентине берилгени ылайыктуу. Мындай учурда аткаруу бийлигинин эффективдүү ишмердүүлүгүнүн толук жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын президентине жүктөлөт.

Биз эки палаталуу парламенттик системаны сунуштайбыз. Алар - Мыйзам чыгаруу кеӊеши жана Аймактык өкүлчүлүк кеӊеши. Бул система менен мыйзам ченемдик актылардын сапаты жакшырып, эл өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги жогорулап, аймактардын кызыкчылыктары эске алынат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизги мыйзамынын 73-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүнү колдойбуз. Анда ЖКнын депутаты императивдик мандат менен байланышпайт. Биз кайра чакыртып алуу институтун киргизебиз, анткени бул шайланган кызмат адамдарынын шайлоочулар менен болгон мамилесин билдирген демократия институту, бул алардын калк алдындагы жоопкерчилигинин бир түрү. Депутат элдин кызматчысы экендигин билип, элдин буйругуна ылайык иштейт. Депутаттарды эрте чакыртып алуу - шайлоочуларга аларды түздөн-түз көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Шайланган депутаттын, өкмөт өкүлчүлүктөрдүн, органдардын ишине кайдыгер карап катышпоосу, сессияларга, комитеттердин жана комиссиялардын жыйындарына барбашы, шайлоочулар менен жолугушуудан качуусу, өз статусун жеке кызыкчылыгына, коммерциялык пайда табуу үчүн пайдалануу (мисалы, жакшы насыяларды, муниципалдык заказдарды алуу) сыяктуу көрүнүштөр ачык-айкын болуп калганда депутат тарабынан мыйзам бузуулар болсо, анда эл өкүлүнүн мыйзамдуу жоопкерчилигин карап, аны кайра чакыртып алууга жол берилет.

  1. Кадр жана жаштар саясаты

Биз колдо болгон бардык кадрларды мобилизациялап, аларды "революциялык таандыктыгы" боюнча бөлүштүрүүнү токтотушубуз керек. Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошо алган кадрларды колдоп, чачыратпаганыбыз маанилүү. Биз саясий куугунтуктоолорду токтотушубуз зарыл. Өкмөткө же башка кызматка кирүүнү чектөөнүн бирден-бир критерийи - туура эмес жүрүм-турум же туура эмес иш-аракет болушу керек.

Мурунку бийликке же партияга таандык экендигине карабастан, жарандар татыктуу жана кесиптик чеберчиликке ээ болсо иштөөгө мүмкүнчүлүк берген жакшы кадам.

Кадрларды өнүктүрүү жана калыптандыруу үчүн атайын бир бүтүмгө келген  мамлекеттик программаны иштеп чыгыш керек. Кыргызстанда кадрлар фондусун жана тармактарда кадрлар фондусун түзүү шарт. Жаштарды жогору эмгек акысы бар жумуш менен камсыз кылып, республикадан чыгып кетпеши үчүн талаптагыдай шарт түзүш керек.

Жаштар саясаты жаатында жаштарды өнүктүрүүнүн жаңы концептуалдык программасына муктажбыз, анткени Кыргызстандын келечеги алардын колунда. Жаштардын ден соолугу чың, билимдүү, адеп-ахлактуу болушу керек. Балдар - биздин стратегиялык байлыгыбыз. Келечекте адистиги боюнча иштөө милдеттенмеси менен акы төлөнгөн жогорку билим алуу үчүн жаштарга пайызсыз насыя берилиши керек.

Ошондой эле, орто кесиптик жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн жумушка кирүүгө квота берүү, техникумдар жана жогорку окуу жайлары үчүн мамлекеттик мекемелер жана ишканалар үчүн адистерге мамлекеттик заказ алынышы шарт. Биз акылдуу, креативдүү кадрлардын кетишине жол бербей, таланттуу жаштарды өлкөнүн экономикасын өстүрүү үчүн мамлекет мекемелеринде жана тармактарында иштөөгө тартуу менен колдоо көрсөтүп, шарт түзсөк. Шарап жана арак продуктыларын өндүрүүчү заводдорду ачуу эмес, таланттуу, илим-билимдүү жаштарга жогорку акы төлөнүүчү технополисттерди жана илим шаарларын түзүү зарылчылыгы бар.

Жаштарды өнүктүрүүнүн эң маанилүү багыттары - бириктирүүчү багыттын инструменттери жана факторлору болушу керек, ошондо Кыргызстандын жаштарынын баштары кошулуп, мамлекеттин жана коомдун өнүгүү баалуулуктары жана максаттары үчүн биригет. Бул комсомолду жандандыруу эмес, бирок бул вектор. Ынтымаксыз жаштар - бул биримдиксиз келечек жана биримдиксиз мамлекет.

  1. Кылмыштуулук жана паракорлук менен күрөшүү

Коомду криминалдаштыруу, алардын мамлекеттик органдар жана мекемелердин иштерине кийлигишүүсү - бийликтин алсыздыгынын кесепети. Мамлекеттик дисциплинаны жана бийлик вертикалын чыңдоо, укук коргоо органдарын, атайын кызматтарды күчөтүү, кылмыштуулукту түп-тамырынан бери жок кылуу жана ар кандай кылмыштуу топтордун пайда болушун алдын алуу механизмдерин иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу.

Мыйзам чыгаруу деңгээлинде мыйзамга укук коргоо органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын күчөтүү боюнча олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Коррупцияга каршы күрөшүүдө натыйжаларга эмес, анын чыгуу себептерине басым жасоо. Кандай гана зордук-зомбулук жана коркутуу болбосун, коррупцияны жок кыла албайт. Коррупцияны чектөөнү каалап, чын жүрөктөн жана талыкпастан күрөшүү аракети бардыр, бирок дагы да болсо аны жоюуга жетишсиз кадам. Азыркы колдонулган чаралар жана ыкмалар кылмыштуулуктун статистикасын көбөйтүп, аны менен өлкөнүн жарандарынын жарымы камалышы ыктымал. Натыйжада коррупциянын деңгээлин төмөндөтө албай, чарчап, элдин өзүн күнөөлөп, бардык нерсеге түкүрө турган абалга келесиз. Коррупцияны адамдын адеп-ахлактык жандануусу менен гана жеӊсе болот.

Мамлекет укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, атайын кызматтарга жана аскер кызматкерлерине өзгөчө мамиле кылат. Форма кийгендер ар кандай жеңилдиктерге жана социалдык жактан корголууга тийиш. Мындан ары, полиция кызматкери, атайын кызматтын кызматкерлери сыймыктануу менен каралышы керек, эгер кимдир бирөө бул органдардын жана кызматкерлердин беделине доо кетирүүгө аракет кылса, анда ал мыйзамдын толук чегинде жооп берет. Эгерде кимдир бирөө укук коргоо органынын кызматкеринин ар-намысына шек келтирүүгө аракет кылса, кол тийгизип, анын өмүрүнө же ден соолугуна доо кетирип, кол салууга аракет кылса ага кылмыш иши козголуп, мыйзам алдында жоопко тартылышы керек.

  1. Социалдык багыт

Билим берүү жана кадрларды даярдоо тутумуна биринчи кезекте көңүл буруу - биздин мамлекеттин негизги артыкчылыгы болуп калууга тийиш. Эң маанилүү жана ири инвестициялар балдарыбыздын билим алуусуна жана тарбияланышына жумшалса дейбиз, алар - биздин келечегибиз. Кыргызстанды куруу жана өнүктүрүү, келечекте улуу муунга кам көрүү бүгүнкү балдарыбыздын тарбиясынан жана билиминен көз каранды. Билим берүү жана билим берүү мекемелеринин тутумунун кызматкерлери үчүн татыктуу эмгек акыны кайра карап чыгуу жана белгилөө маанилүү. Негизги инвестицияны тарбиялоого, билим берүүгө жана илимге багыттоо күндүн талабы, бул аркылуу адамзаттын жашоосунун бардык тармактарынын өсүшүн камсыздап, өнүккөн мамлекетти куруу.

Биз салттуу үй-бүлөнүн пайдубалын куруп, бекемдеп, коомубузга терс, агрессивдүү либералдык баалуулуктардын, анын ичинде үй-бүлөнүн табигый эмес негиздерине байланыштуу идеялардын киришине жол бербешибиз керек.

Бала бакчаларга, мектептерге, университеттерге, маданият жана илимге өзгөчө көңүл буруу. Булар - биздин эртеңки жолубуз. Аларга өзгөчө көңүл бөлүү менен келечекти аныктайбыз.

 Руханий, адеп-ахлактык, эстетикалык, мекенчилдик көз карашы жана дене тарбия, чыңдыгы биринчи орунга коюлушу керек.

“Үй-бүлө - энеге жана балага өзгөчө мамиле кылуу”

Балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо экономикалык реформалардын өзөгүн түзүшү зарыл. Ар бир үй-бүлөнүн реалдуу жалпы кирешеси, ар бир баланын төрөлүшү жана анын өсүшү менен кошо көбөйтүлүшү керек. Эненин эмгеги жакшы төлөнүп, үйдөн тышкары иштөөгө толук кандуу альтернатива болушу керек. Ошондуктан, үч жана андан ашык баланы тарбиялап жаткан эненин эмгек акысын төлөп берүү керек жана эненин балага камкордугу жалпы эмгек стажын үзгүлтүккө учуратпоого тийиш. Өлкөнүн жыргалчылыгынын сапаттык көрсөткүчү адамдардын санынын өсүшүнүн гана эмес, үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшүнүн көрсөткүчү болушу керек.

Социалдык саясатта иштин эбегейсиз фронту бар, демек, маданиятты, илимди, билим берүүнү, медицинаны, айылдык аймактарды, демографиялык саясатты өнүктүрүү боюнча бир катар мамлекеттик программаларды кабыл алуу милдети турат.

  1. Экономикалык жана каржы тутуму

Экономикалык жана каржылык чөйрөдө республиканын экономикасын калыбына келтирүү жана көтөрүү боюнча негизги милдеттерди чечүү керек:

1) биринчи кезекте экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүшү керек. Биз каржы, насыя, акча-кредит – эмиссия саясаты, банк тармагында эл аралык институттардан көз карандысыздыкка жетишибиз керек;

2) мамлекет артка чегинбестен, экономиканын стратегиялык тармактарын жөнгө салууга негиздүү кийлигишип, бул тармактардын ишине катуу көзөмөл жүргүзүшү керек;

3) Республиканын экономикасынын чийки багытынан кайра иштетүүчү багытка бет алып, жаратылыш байлыктарын жырткычтык менен эксплуатациялоого жол бербешибиз милдет;

4) банк секторунда, мыйзам чыгаруу деңгээлинде биз банктардын пайыздарынын максималдуу төмөндөшүн камсыз кылууну сунуштайбыз;

5) чет элдик инвестициялык долбоорлорду биргелешкен ишканаларды (БК) түзүүгө багыттоону, аларды кийинчерээк Кыргызстандын ишкердик субъекттеринин менчигине өткөрүп берүүнү сунуш кылабыз.

6) мамлекет жеңилдиктердин бардык түрлөрүн, анын ичинде салык жеңилдиктерин мыйзамдуу түрдө консолидациялоо аркылуу айрыкча айыл чарба жаатында кызматташуунун ар кандай формаларын калыптандырууга шарт түзүшү керек. Булар айыл чарба кооперативдери, дыйкан чарбалары жана жамааттык кооперациянын башка формалары;

7) экономикада ички инвестициялардын үлүшүн көбөйтүү үчүн бардык аракеттерди жасоого, б.а. насыяга эмес, жеке акчаларга ээ болуу (тышкы инвесторлор) жана экономиканы чийки заттарды экспорттоодон өндүрүшкө, ички рынокко багыттоо;

8) чек ара аймактары жана анда жашаган тургундар үчүн ар кандай жеңилдиктер жана шарттар менен атайын режим белгилениши керек.

Биз пландуу экономиканы эркин базар аймагы менен байланыштырып, пландалган рынокту түзүшүбүз зарыл. Биз сунуштап жаткан чаралар азыркы этапта адамдардын нормалдуу жашоосун камсыз кылууга жана экономиканын өнүгүүсүнө багытталган.

  1. Демографиялык саясат

Үй-бүлөгө болгон мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүү керек. Үй-бүлө - коомдун негизин түзөт. Коомдун курулуш материалы болгон негизги принцип катары үй-бүлө коомду жана мамлекетти жаратат. Бул үчүн ал күчтүү, адеп-ахлактык жактан ден-соолугу чың жана өнүгүүгө жөндөмдүү болушу керек. Үй-бүлө бар - коом бар. Эгерде үй-бүлө институту ыдыраса, коом дагы ыдырайт. Үй-бүлөнүн сапаты коомдун сапатын аныктайт.

Үй-бүлөлүк саясат мамлекеттин биринчи кезектеги милдети болушу керек. Мамлекет балдардын төрөлүшүн ар тараптан колдоп, балдарга билими берүү, ден-соолукту чыңдоо жана спорт мекемелеринин, саламаттыкты сактоо мекемелеринин бүтүндөй комплексин түзүшү шарт.

Төрөттүн өсүшү демографиялык саясаттын максаттарын камсыз кыла албайт, ошондуктан биз ден соолукту чыңдоо, адеп-ахлактуу жашоо образын алдын алуу менен жашоо сапатынын башка маселелерин иштеп чыгабыз.

2030-жылга чейин биз бардык балдар үйлөрүнүн жоюлушуна жетишебиз. Мамлекеттик иш-чаралардын комплексин иштеп чыгып, балдар үйүндөгү бардык балдарды толук үй-бүлөлөрдүн катарына кошуп, аларды асырап алган үй-бүлөлөргө тиешелүү жөлөк пулдарды камсыз кылып, мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алабыз. 12 жашка чейинки үчтөн ашык баласы бар аялдар үчүн төрт күндүк иш жумасын түзүүгө туура келет. Балдар -  республиканын негизги байлыгы.

  1. Улуттук мамилелер

Республикага өлкөнүн эл биримдигин түзгөн, бардык улуттардын биргелешип, ынтымакта жашашын жана кызматташуусун камтыган өзгөчө жаңы концепция керек. Коомдун руханий-адеп-ахлактык негиздерин жандандыруу, анда улутуна карабастан бардык жарандардын сый мамилеси, катышуусунун негизинде өз ара колдоосу жамаатык, мамлекеттик деңгээлде алга сүрөлөт жана сакталат, бул республикада жашаган ар башка элдердин жана улуттардын өкүлдөрүнүн ортосунда ылайыктуу, кайрымдуулук  климатын түзөт. Жаңы концепцияда жаңы чындыктарга көңүл буруп, диаспоралардын жана улуттук топтордун макулдук механизмдерин аныктоо зарыл.

Биринчи кезекте, кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүн өнүктүрүү маанилүү. Мамлекеттик тилди, кыргыз маданиятын жана каада-салттарын өнүктүрүү жана чыңдоо республикада жашаган бардык элдердин өнүгүшүнүн күрөөсү жана кепилдиги болуп саналат.

Кыргызстандын элин түзгөн бардык улуттардын өкүлдөрүнө кайрылып, “ОРДО” саясий партиясы: “КЫРГЫЗСТАН - БИЗДИН ҮЙҮБҮЗ!” деген ураанды жарыялады. Кыргызстанда жашаган элдердин өкүлдөрүнүн мамлекетибизге өз үйүндөй этияттык, аярлык менен көӊүл буруусу маанилүү.

  1. Сырткы саясат

Биздин стратегиялык өнөктөштөр ЖККУ өлкөлөрү, ШКУ жана Евразия экономикалык бирлиги. Биздин мамилелер ата-бабаларыбыз тарабынан миңдеген жылдардан бери курулуп, бекемделип келген. Биз кылымдарга жана миң жылдарга эмес, түбөлүккө байланыштабыз.

Убакыт келди, бул дүйнөлүк процесстердин өнүгүшүнүн объективдүү мыйзам ченемдүү талабы. Кыргызстан бардык багыттар боюнча стратегиялык өнөктөштөр менен интеграциялык процесстер боюнча демилгелерди жогорку деңгээлде натыйжалуу улантууга тийиш.

“ОРДО” саясий партиясы:

“Өзгөрүүгө мезгил келди! Учур бизди тандады!”