Шаардык кеңештердин тизмеси > Кант шаардык кеңеши > "Эмгек Партиясы" саясий партиясы

Жүрөгүмдө  – Кыргызстан!

Эгемендүүлүк мезгилинде мамлекеттик, социалисттик менчикке гана негизденген пландык экономикадан менчиктин муниципалдык, мамлекеттик, кооперативдик жана башка формаларына негизденген рынок экономикасына өтүүнүн катаал жылдарын башыбыздан кечирдик.

Мамлекеттин негизги  милдети – жумушчу орундарын түзүү жана Кыргызстан экономикасынын өнүгүүсүн камсыз кылуу деп эсептейбиз.

Биздин партиянын принциптери: эмгек жана билим – өлкө жыргалчылыгы үчүн!

Биздин өлкөнүн акылман жана ар улуттуу эли талыкпаган эмгегинин аркасында гана туруктуулукка жана өнүгүүгө жете алаарына биз ишенебиз!

 

  1. ЭКОНОМИКА

Кыргызстандын экономикалык абалы, анын көрсөткүчтөрү бири-бирине каршы бойдон калууда. Өлкөнүн өнүгүү жагында жетишкендиктери менен жарандардын чыныгы жашоо шарттарынын  ортосундагы ажырым социалдык абалды курчутуп, бийликке болгон ишенбөөчүлүктү күчөтүүдө. Көз карандысыздыкка ээ болгон  мезгил ичинде биз дале болсо өзүбүздүн экономикалык өнүгүү моделибизди түзө алган жокпуз.

Бул багытта биз жагдайды өнүгүү жагына чындап өзгөртүү үчүн бардык экономика субъекттери менен тыгыз иш алып барабыз. Ар тараптуу жана комплекстүү колдоолор көрсөтүлөт, тармактарды башкаруунун заманбап натыйжалуу ыкмалары, жаңычыл ыкмалар жана принциптер колдонулат.

  1. Элдин иш менен камсыз болушу – партиянын негизги иш багыты

          Ашыкча жумушчу күчү – Кыргызстанда эмгек рыногунун негизги өзгөчөлүгү.  

Жыл сайын 70 миңден ашык кыргызстандык жаштар ишке жарамдуу куракка жетишет. Алардын санынын өсүшү жумуштуулуктун өсүшүнөн 2 эсеге ашкан.

Рынок экономикасы шарттарында жумуштуулукту жөнгө салуунун натыйжалуу системасы түзүлүүгө тийиш деп эсептейт Партия. Бул ченемдик укуктук актылар, жумушка кызыктыруу жана демилгелөө программалары, социалдык –эмгек мамилелердин субъекттери ортосунда улуттук, регионалдык, тармактык деңгээлде  жана ишканалар деңгээлинде түзүлгөн келишимдер менен жөнгө салынууга тийиш.

Мамлекет бүтүндөй системанын аталган звенолорунун иштеши үчүн координатор, алкактык шарттарды түзүүчү катары болууга тийиш.

          Бул маселелерди чечүү үчүн биз түп тамырынан бери экономикалык өзгөрүүгө түрткү берген, мыйзам чегиндеги, салыктык, административдик, инвестициялык, финансы-кредиттик жана башка чаралар топтомуна таянабыз, алар түпкүлүгүндө келип жумуштуулукту камсыз кылууга жана эмгекчинин социалдык жактан коргоого алынышына өбөлгө түзөт.

  1. Региондордо негизги тармактардын өнүгүшү жана жумуш орундарынын көбөйүшү

Биздин партиянын биринчи кезекте аткарылуучу милдеттеринин бири  – айылдык эмгек рынокторунун экономикалык ыңгайлуулуктары үчүн шарттарды түзүү! 

Айыл чарбанын өнүгүшү региондордо калктын жумуштуулугун жогорулатууга жана жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган бардык аракеттердин  негизи болууга тийиш.

Ар бир райондо рентабелдүү маданиятты өнүктүрүүгө жана жогорку өнүмдүү мал чарбачылыкка, адистештирилген дыйкан чарбага жана фермердик чарбага кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн агрономиялык, ветеринардык жана техникалык тейлөө пункттарын түзүү зарыл.

Төмөнкүлөргө өзгөчө  көңүл бөлүнөт:

 -дан эгиндерин, жашылчаларды, жемиштерди, сүттү, этти жана башка продукцияларды кайра иштетүү боюнча чакан заводдорду куруу; 

 -экспортко багытталган долбоорлорго;

 -өндүрүүчүлөрдү узак мөөнөткө жеңилдетилген кредиттөө жана бул процесске айылдык кредиторлордун жана микрофинансылык уюмдардын катышуусун көбөйтүү боюнча мамлекеттик лизингдик компанияларды түзүү;

 - айыл чарба товарларын сатып алуу борборлоруна, аларды сатуу алдында даярдоого жана сертификат берүүгө;

 -акционердик башкаруу формасындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун базасында чарбаларды ирилештирүүгө.

Ушул жана башка прогрессивдүү чаралар түпкүлүгүндө келип, Кыргызстанда агроөнөр жай индустриясынын түзүлүшүнө,  эл аралык стандарттарга жана дүйнөлүк рыноктун талаптарына жооп берген анын продукциясынын экспорттолушуна өбөлгө түзүүгө тийиш.

  1. Кооперациянын өнүгүшү

Кооперативдердин көптүгү – жумуш орундарынын көптүгү!

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, кооперативдик кыймыл – бул товарларды өндүрүү, аны кайра иштетүү, финансы-кредиттик тейлөө жана продукцияларды сатып өткөрүү тармагында уюштуруучулук-экономикалык мамилелердин кыйла рационалдуу системасы.

Биз кооперативдердин мамлекет тарабынан колдоого алынышын камсыз кылуу чараларын кеңейтүүгө, аларды өлкөнүн алдыңкы банкттарынын жеңилдетилген шарттарда кредиттөөсүнө өбөлгө түзөбүз.

Кооперация – бул убакыт буйругу!

Партия кооперативдик кыймылдын жаралышы алкагында жергиликтүү  өндүрүүчүлөрдүн товарларын жана продукцияларын жылдыруу боюнча масштабдуу саясатты жүзөгө ашырат. 

  1. Өнөр жай

        Кыргызстандын экономикасын түп тамыры менен кайра өзгөртүүнүн негизин айрым тармактар менен катар эле, жеңил өнөр жайын калыбына келтирүү жана сактоо түзө  тургандыгына  Партия ишенет.  

Буга ыргактуу өнүгүп келе жаткан тигүү өнөр жайы негиз болууга тийиш. Ал ийгиликтүү атаандашып гана тим болбостон, үйдө иштегендердин экспорттук кирешесинин негизги булагы болуп да саналат.  Бул сектор социалдык жактан маанилүү, анда миңге жакын адам -   айрыкча аялдар иштешет.

Партия мындан тышкары дагы келечекте Кыргызстандын бардык өнөр жайы чийки заттарды өндүрүүдөн тартып, даяр буюмдарды жасоого чейинки максималдуу жыйынтыкталган экономикалык циклга айлануусу үчүн мыйзамдык, салык-бюджеттик, инвестициялык жана башка чөйрөлөрдө бардык аракеттерин көрөт.

Биздин  бренд – өндүрүш үчүн өндүрүү!

  1. Тышкы жана ички эмгек миграциясы

Экономикада кризистик жагдайдан улам миңдеген кыргызстандыктар өз үлүштөрүн чет өлкөлөрдөн издешүүдө. Алардын кетишинин негизги себеби- жумушсуздук.

Ушундан улам жөнгө салуунун укуктук негиздерин түзүү, ошондой эле  кабыл алуучу өлкөлөр менен биргеликте Кыргызстандан барган эмгек мигранттарын мыйзам чегинде кабыл алуу, каттоо жана тейлөө системасын түзүүнүн негизинде баш аламан миграциянын өсүшүнө маамлекеттик деңгээлде жол бербөө зарыл.

Бул үчүн Россия, Казакстан, КМШ, ЕАЭБ боюнча башка өнөктөштөр менен ушул чөйрөдө  кызматташуу тууралуу эки тараптуу келишимдердин тезинен түзүлүшүнө жетишүү зарыл.

Мамлекеттик түзүмдөрдүн өлкө чегинен сырткары иштеп жүргөн жарандар менен  жагдайга жараша чара көрүүдөн пландын негизинде жана туруктуу ишке өтүүлөрү  зарыл.

«Эмгек» партиясынын аракеттери алардын абалын жакшыртуу, татыктуу эмгек шарттарын түзүү, кыргыз эмгек кадрларынын алгылыктуу реномесинин түзүлүшү боюнча чаралар менен коштолот.

 Ал эми ички миграция боюнча биздин иш төмөнкүлөргө багытталат:

  • Улуттук жана регионалдык эмгек рынокторун өнүктүрүү жана жумушчу

резервдерди кесиптик даярдоо деңгээлин жогорулатуу аркылуу жумуш менен камсыз болууга көмөктөшүүнүн активдүү чараларын ишке ашыруу үчүн жетиштүү болгон экономиканын реалдуу секторунун ыкчам өнүгүүсүнө өбөлгөлөрдү жана шарттарды түзүүгө;

  • эмгек мигранттарынын социалдык жана медициналык жактан камсыздалышына, алардын Кыргызстан аймагында пенсия менен камсыз болушуна көмөктөшүү;
  • транспорттук, туристтик, маалыматтык, консультациялык, маркетингдик жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жумушчу колдордун көбөйүшүнө;

Мигранттардын жумушчу күчү жана эмгеги товар эмес – бул өлкөнүн энчиси!

  1. Чакан жана орто бизнес

Жумуш орундарын түзүүгө, экономикалык өсүшкө, социалдык туруктуулукка жана рынокту товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен каныктырууга өбөлгө түзгөн, орто жана чакан бизнести иш жүзүндө колдоо мамлекеттик саясаттын негизги багыты болууга тийиш.         

Бул максатта партия төмөнкүлөрдү сунуштайт:

- жарандарды социалдык колдоонун (көбүнчө жеңилдетилген шартта кредиттөө аркылуу) мамлекеттик жана регионалдык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- жарандарга маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, бизнес ачуу жана аны жүргүзүү үчүн жайларды жана зарыл жабдууларды издөөдө жардам бере турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  маалыматтык- консультациялык жана юридикалык борборлорун ачуу;

- чарба жүргүзүү чөйрөсүндө мыйзам чегинде уруксат берүү жол-жоболорун камсыз кылуу,  лицензияланууга тийиш болгон ишкердик иштин түрлөрүнүн негизсиз көбөйүүсүнө жол бербөө аркылуу ишкердик иш субъекттерин легалдаштыруу тартибин максималдуу жеңилдетүү. Мында лицензиялоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктардын негизги көлөмү борбордук деңгээлден регионалдык органдар деңгээлине которулууга тийиш, бул субъекттердин чарба жүргүзүү убактысын жана каражатын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

«Эмгек» партиясы натыйжалуу, ачык жана түшүнүктүү кылуу менен лицензия-уруксат берүү саясатын жеңилдетет.      

  1. II. СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨ

Көбүнчө бул саясаттын ийгилиги калктын жумуш менен камсыз болуусунан, иштөө жана өз жыргалчылыгын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнөн көз каранды болот.

Ийгиликтүү адам- ийгиликтүү өлкө!

 Партия жарандардын төмөнкү багыттар  боюнча социалдык жактан колдоого алынышын жана корголушун күчөтүүгө багытталган.

  1. Билим берүү жана Илим

          Билим берүү жана илим өлкөнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүндө маанилүү роль ойногон адам капиталын түзөт.   

Ошону менен бирге эле, билим берүү системасы коомдун активдүү мүчөсүн, жоопкерчиликтүү жаранды жана ийгиликтүү кесипкөй адисти даярдоого багытталган.

          Мектеп  негизги билим алуу жери гана болбостон, балдарга татыктуу тарбия берүүчү жер да болушу мүмүкн. Акысыз орто билим берүү – бул элдин эң чоң олжосу!  Бул багытта партия төмөнкүлөргө жетишмекчи:

-мектеп билим берүү чөйрөсүндө кызматкерлерге эмгек акыны жогорулатуу;   

- мугалимдик кесиптин маанилүүлүгүн жалпыга жеткирүү;

- орто мектептердин жетекчилерин сынактык-контракттык негизде дайындоо;                                                          

-    модернизацияланган окуу китептерин, окуу куралдарын,  IT-технологияларды жайылтуу;

-коррупциялык схемалар менен күрөшүү үчүн камкордук көрүүчү кеңештерди ишке тартуу;

- моралдык жана маданий баалуулуктар, элдин салт-санаасы аркылуу инсандын  руханий-нравалык негиздерин калыптандыруу.                                           

Партия мындан тышкары дагы өз аракетин педагогикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо борборлорун калыбына келтирүүгө жумшап, мыкты педагогдорду чет өлкөгө такшалууга жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн издейт. 

  • Кесиптик билим берүү

Акыркы эки он жылдыкта өндүрүш көлөмүнүн төмөндөөсү өнөр жай ишканаларынан квалификациялуу кадрлардын кетүүлөрү менен коштолгон.

Кыргызстандын эмгек рыногунда квалификациялык кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу жагдай орун алган, бул жаңы продукциялардын өнүгүшүн токтотот. Өндүрүштүк чөйрөнүн артта калышы жана заманбап иш шарттарынын жоктугу жаштардын өндүрүшкө иштөөдөн баш тартууларын шарттоодо.

Ошондуктан заманбап учурда экономиканын артыкчылыктуу багыттары үчүн квалификациялуу жумушчу кадраларды жана орто звено адистерин даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну караган, кесиптик билим берүү системасынын ролу кескин өсүүдө.

          Жаңы жумуш орундары квалификациялуу кадрлар менен камсыз болууга тийиш!  

Партия бул багытта заманбап долбоорлору ишке ашыруу жагында иш алып барган бизнес коомчулук менен кызматташуу аркылуу кесиптик-техникалык билим берүү программаларын өркүндөтүүгө көмөктөшөт.

  • Жогорку билим берүү

Советтик доордогу милдеттүү мамлекеттик бөлүштүрүү системасынын жок болгондугуна байланыштуу, билим берүү мекемелери менен ишканалар ортосунда ажырым пайда болуп, ал улам чоңоюуда. ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү өз алдынча жумуш издөөгө жана  толук кандуу адис болуу үчүн көбүрөөк күч жумшоого мажбур болушууда.     

 Биз бул чөйрө рынок принциптерине мамлекеттик кызыкчылыкты жана керектөөлөрдү эске алуу менен гана  таянууга тийиш деп эсептейбиз.

 Бул үчүн:

- ашыкча мекемелерди кыскартуу менен ЖОЖдордун санын оптималдаштыруу;   

- өлкөнүн артыкчылыктарына жана региондордун экономикалык стратегияларына талдап-иликтөөлөрдүн негизинде кадрларды даярдоо; 

-  жогорку билим берүүнүн колдонуудагы механизмдерин кайра карап чыгуу; 

- педагогикалык жана студенттик кеңештер түрүндө корпоративдик башкарууну жайылтуу аркылуу коррупцияны азайтуу зарыл.

Жалпысынан Улуттук илимдер академиясынын жаңыча ыкмалары жана иш алып баруулары, анын илимий -техникалык жана башка потенциалын күчөтүү зарыл. Мындан ары инновациялык, колдонмо изилдөөлөргө жана ири практикалык долбоорлорго көңүл буруу зарыл.

 

  • Экология

 

Айлана чөйрөнүн жагымдуулугу кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү баалуулук болуп саналат. Бул чөйрөгө адамдын  кысым көрсөтүүсүнө жараша экологиянын мааниси өсөт. 

Табиятка аяр мамиле жасоо жана жогорку деңгээлдеги экологиялык стандарттар  ар бир кыргызстандык үчүн жашоо нормасы болууга тийиш. Өз Мекенине зыян келтирбестен, аны урматтап, сүйө билүү керек.  

Жердештерибизди ушул норманы сактоого тарбиялоо үчүн партия төмөнкүлөргө күч аракетин жумшайт: 

- келечек муундар үчүн Кыргызстандын экономикасы менен экологиясынын ортосунда тең салмактуулукту издөө жана  жайылтуу;

- Марко Поло тоо эчкилеринин, илбирстин тукумун сактоо жана көбөйтүү, мөңгүлөрдү, көлдөрдү, жаңгак-жемиш токойлорун сактоо ж.б.у.с  конкреттүү көйгөйлөр боюнча атайын программаларды түзүү жана ишке ашыруу;

- гидроэнергетикалык объекттерди курууда жана тоо кен өндүрүшүн өнүктүрүүдө экологиялык стандарттардын сакталышына көбүрөөк көңүл буруу зарыл. 

  • Дене тарбия жана  спорт

        Өлкөдө дене тарбия жана спорттун массалык жайылтылышы болгону   6-7% пайызды түзөт, бул элдин генофондунун коопсуздук деңгээлинен   (15%) төмөн. Аскердик же ага чейинки курактагы жаштардын жарымынан көбүрөөгү физикалык даярдыктан өтүү боюнча нормаларды аткарышпайт. 

Жарандарга туура жашоо негизине шарттарды түзүүнү, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, кыргыз спортунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну партия өзүнүн биринчи орундагы максаты деп эсептейт.

Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй чаралар көрүлүүгө тийиш:

-  жалпы билим берүү мектептеринде окугандардын физикалык даярдыктан өтүү нормативдерин берүү системасын калыбына келтирүү; 

- натыйжалуу каржылоо жана ийгиликтүү өнүктүрүү максатында, спорттун түрлөрүн  ар кандай категорияларга бөлүү програмамасын иштеп чыгуу;

– мамлекет-жеке сектор-жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциби боюнча туруктуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү камсыз кылуу; 

–дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө инвестицияларды тартуу, кайрымдуулук жана демөөрчүлүк үчүн алгылыктуу укуктук жана салыктык чөйрөнү түзүү;

– спорттун улуттук түрлөрүн колдоо жана жайылтуу; 

– эл аралык аренада өлкөнүн позитивдүү спорттук имиджин түзүү. 

Урматтуу мекендештер, жогоруда аталган бардык идеялар жана сунуштар биздин Мекенибиздин жыргалчылыгына арналган. Биз буга жалпы аракетибиз менен гана жетише алабыз, биздин бирдиктүү максат – биргеликте, талыкпас эмгек менен Кыргызстандын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө жетишүү!