"РЕСПУБЛИКА" саясий партиясынын

ПРОГРАММАсы:

Кириш сөз

“РЕСПУБЛИКА” саясий партиясынын түзүлгөн программасы, Талас шаарынын  потенциалдык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен өнүгүүгө жана Талас шаарынын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

 Биздин программа Талас шаарынын баардык тармактарынын бүгүнкү күнгө карата болгон көйгөйлүү маселелерди жана аларды чечүүгө сунуштарды камтыйт.

Программабыз ишке ашырылса, Биз, Талас шаары: экономикасы динамикалуу өнүгүп бараткан, социалдык чөйрөсү жана натыйжалуу башкаруусу өнүккөн, таза, көрктөндүрүлгөн шаар, жашыл шаар, ыңгайлуу жана жайлуу шаар, билимдүү шаар, тунук жана ачык башкаруудагы шаар катары карайбыз деген ишеничтебиз. 

  1. Талас шаарынын аймагына “Администрадивдик аймактык башкармалыктарды” ачуу.
  2. Талас шаарын жашылдандыруу.
  3. Лизингге техникаларды сатып алуу.
  4. Талас шаарынын ирригация системасын оңдоо.
  5. Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу.
  6. Жергиликтүү бюджетти туура бөлүү.
  7. Таштанды сортоочу завод куруу.
  8. Билим берүү тарамагы.
  9. Кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу.
  10. Спорт жана саламаттыкты сактоо тармагы.