Шаардык кеңештердин тизмеси > Өзгөн шаардык кеңеши > "Ата-Журт Кыргызстан" Саясий партиясы

«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын Программасы

«Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясы - жаңы форматтагы саясатчыларга, саясий көз карашына, динине жана улутуна карабастан, мекенибиз – Кыргызстандын өнүгүшү жана гүлдөп өсүшү үчүн, бүтүндөй өлкөнү жана өлкөнүн бардык чыныгы патриотторунун биригишине мүмкүнчүлүк түзүүчү жаңы саясий күч.

2021-2025-жылдарга «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын программасындагы үч негизги артыкчылык:

  1. Сабатсыздыкты жана коррупцияны жок кылуу.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын бардык мүчөлөрү атайын даярдыктан өтүшү керек, билимсиздик жана коррупция өлкө жана жалпы эл үчүн эң чоң жамандык жана коркунуч экендигин, жана аны жоюунун бирден бир жолу - бул билим деңгээлин, маданиятты жана адептүүлүктү жогорулатуу керек экендигин сезе билиши керек. Партиянын бардык мүчөлөрү / бардык Кеңештердин депутаттыгына талапкерлер этика кодексине кол коюшу керек жана өлкөнүн негизги / жергиликтүү телеканалдары аркылуу  ата-энелеринин, балдарынын, туугандарынын, досторунун, кесиптештери жана партиялык жетекчиликтин алдында ант берүүсү зарыл.

2021-2022-жылдарга арналган иш-чаралар

  1. «Ата Журт Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка ар бир талапкерди, партиянын лидерлери, тажрыйбалуу адистер жана насаатчылар партиянын көз карашын, миссиясын, баалуулуктарын жана максаттарын түшүнүүгө үйрөтүшөт.
  2. Кеңештин депутаттыгына (айыл, шаар, Жогорку Кеңеш) талапкер болгон ар бир адамдын ачык-айкын жана кесипкөй ишмердүүлүгү үчүн чыныгы мүмкүнчүлүгү бар.
  3. Партиянын бардык мүчөлөрү коррупциянын бардык түрлөрүн: паракорчулук / пара берүү/алуу, жең ичинен сатып алуу, кызыкчылыктардын кагылышы, непотизм, тууганчылык, фаворитизм, трайбализм / жердешчилик жана башка бардык формаларын билишет.
  4. Өлкөнүн алдыңкы партияларынын бири катары биз күч түзүмдөрүнөн баштап бардык мамлекеттик органдарга иштөөнүн мыкты механизмдерин киргизебиз
  5. ϴз партияларын жаңыртууну каалаган башка партияларга тажрыйбабызды кубануу менен бөлүшөбүз.

 

  1. Экономиканын өсүшү жана өнүгүшү

«Экономикалык өсүш - бул элдин жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн өлкөдө өнүгүшү керек болгон эң маанилүү багыт».

Төмөнкүлөр болбосо экономикалык өсүш мүмкүн эмес:

а)  мамлекеттик жана сот органдарындагы коррупцияга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү;

б)  жеке менчикти жана инвестицияларды коргоо;

в) өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркын көтөрүү;

г) ишкерлерди көмүскөдөн чыгаруу үчүн стимулдаштыруучу тутумдарды киргизүү (салык механизмдерин түзүү жолу менен);

д) мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү кыскартуу.

Иш-аракеттер:

  1. Капиталды легалдаштыруу (капиталдык мунапыс), ошондой эле капиталды жана мүлктү декларациялоону жана көзөмөлдөөнү санариптештирүү. Жакшы демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу, начар аткаруучулар / менеджерлер тарабынан бузулуп жаткандыктан, реформа процесстеринин башында татыктуу, тажрыйбалуу, натыйжалуу иштеген жарандарды коюу;
  2. Патенттердин иш-аракеттердин формаларына жана чөйрөсүнө шайкештигине аудит жүргүзүү;
  3. Мамлекеттик аппаратты кеминде 30%га кыскартуу. Ошондой эле, бул, бизнести ашыкча жана акталбаган текшерүүлөрдөн коргоого жардам берет;
  4. Чет өлкөлүк менчик капиталы үчүн чет өлкөлөрдө сот институттарын менчик укугунун кепилдиги катары киргизүү;
  5. 2005-2010-жылдардан баштап инвесторлордун мүлктүк укуктары бузулган бардык учурларда аудит жүргүзүү жана бул укуктарды артка кайтаруу;
  6. Өлкөнү өнүктүрүүнүн деталдуу планын иштеп чыгуу үчүн биргелешкен өнүгүү платформасын түзүү үчүн окумуштууларды, экономисттерди, ар кайсы тармактын тажрыйбалуу адистерин, ошондой эле башка саясий күчтөрдү тартуу;
  7. ЕАЭБ берген атаандаштык артыкчылыктарын талдап, өлкөдө жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө багытталган 5-10 долбоорго сынак жарыялоо. Жеңүүчүлөр ар бир 2 жыл сайын прогресстүү өсүштү баалоо менен 4 жылга салыктардан бошотулат.

 

  1. Билим берүү.

«Ата-эненин балдарына бере турган эң жакшы нерсеси - бул

сүйүү / көңүл буруу жана тарбия / билим берүү.»

Азирети Мухаммед (с.а.в.)

Биз, билим берүүдө башталгыч жана орто билим берүүгө басым жасайбыз. 9-класстык билим милдеттүү болуп саналат. Инфраструктуралык көйгөйлөрдөн тышкары, булар негизи болбошу керек, (мектептердин ремонту ж.б.у.с.), негизги көйгөй - компетенттүү мугалимдердин жетишсиздиги. Бул маселени каржылоо, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу жолу менен кошумча каражат бөлүү аркылуу мүмкүн болот.

Иш-аракеттер:

  1. "Жаш мугалим" программасын түзүү жана долбоорду Кеңеш менен Өкмөттүн деңгээлинде алып чыгуу.

Мамлекеттик педагогикалык университеттерде жок дегенде бирден мектеп бар ар бир айылга квота түзүү. ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн бюджеттик негизде жумушка орноштуруунун жана ротациялоонун борборлоштурулган тутумун 4 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө алыскы айылдардан келген мугалимдерге кошумча акы төлөө менен, андан ары квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү;

  1. Мугалимдердин иш процессинен бюрократиялык механизмдерди алып салуу. Мугалим жумуш убактысынын 98% ын окуучуларды окутуу менен алектенип, отчетторду жана башка билим берүүчү процедураларды даярдабашы керек;
  2. Мугалимдердин статусун көтөрүү жана айлык акыларды жана сыйлык акыларды жогорулатуу боюнча расмий тутумду киргизүү. Ай сайын кирешенин кеминде эки эсе өсүшү;
  3. Окуучулардын жетишкендиктери үчүн мугалимдерди борборлоштурулган мамлекеттик экзамендердин жыйынтыгы боюнча сыйлоо;
  4. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө стимулдарды берүү жана мектепте тамак берүү жана мамлекеттик субсидиялар менен камсыз кылуу;
  5. ЖОЖдорду аттестациялоо жана коррупцияны жоюу. Коомдо дипломду сатып алууга болот деген түшүнүк болбошу керек.
  6. ЖОЖдордо билим берүүнү реформалоо. Коррупцияга каршы натыйжалуу өнөктүк өткөрүү. Мурунку коррупциялык схемаларга жооп иретинде бюджеттик орундарга ЖОЖдорго кабыл алуунун борборлоштурулган тутумун киргизүү. Бюджеттик квоталар: Бишкек жана Ош шаарларындагы ЖОЖдорго кабыл алууда өлкөнүн мыкты бүтүрүүчүлөрү үчүн 70%, региондордон келген бүтүрүүчүлөр үчүн 30% .

Бул программа жандуу документ болуп саналат жана биргелешип иштөөгө кызыкдар болгон бардык саясий күчтөрдүн аракеттеринин биригүүсүнө жараша жаңылануусу мүмкүн / жаңыланат

Саясий партиянын жаштар уюму:

«Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынын жаштар уюму түзүлүү үстүндө.

Саясий партиянын шайлоого катышуусу:

«Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясы катышкан шайлоолордун биринчиси 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо.