“РЕФОРМА” ПАРТИЯСЫНЫН ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ 

                                     “Жашагым келген шаар”                        

КЫМБАТТУУ БИШКЕКТИКТЕР!

11-апрелде сүйүктүү шаарыбыздын келечегин аныктоо үчүн сиздерге тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Биз өзгөрүүлөрдү каалап, “Реформа” партиясынын байрагын алып баратабыз.

Бишкек, Кыргызстан гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан эң активдүү, күчтүү, таланттуу жана демилгелүү адамдарды өзүнө тартып турган чыныгы борборго айланыш керек.  

Өлкөнү кризистен чыгарганга үлгү, ошону менен бирге прогрессивдүү күчтөрдүн үмүтү болот.

Биз Бишкекти инфратүзүмү өнүккөн, боорукерлик, меймандостук жана тилектештик салт болгон мурасын сактап калган, ыңгайлуу көчөлөрү, бакчалары менен  айырмаланган, жагымдуу табият менен курчалган Мегаполис катары көрөбүз.

Борбор калаабыз аймактагы эң жагымдуу жер болоруна биз ишенебиз.

Шаардагы бийликти элге кайтарабыз. Бишкектин тургундарынан башка эч кимдин жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө укугу жок.

Бишкек шаар кеңеши жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун чыныгы үлгүсү болуп, шаардыктардын кызыкчылыктарын коргош керек. Реформа Бишкектен башталат!                 

“РЕФОРМА” ПАРТИЯСЫНЫН ПРОГРАММАЛЫК СУНУШТАРЫ! 

  1. Бишкек – бакча шаар. 

    Төмөнкү иш-чаралар аркылуу бишкектиктерге жыл бою тоонун таза абасы менен дем алуу мүмкүнчүлүгүн кайтарыш керек:

- шаар көчөлөрүндө коомдук электр транспортунун санын 2 эседен кем эмес көбөйтүү,

- унаа токтотуучу орундардын акысын жөндөө, жөө баскан жерлерди  көбөйтүү жана коомдук транспортту өнүктүрүү менен шаардын борбордук бөлүгүндө автоунаалардын агымын азайтуу,

-абоненттердин жылытуу үчүн орноткон газ жабдыктарынынын чыгымын каржылоо,

- түтүнү жок көмүр брикеттерин чыгаруучу завод кура турган инвестчилерге жеңилдик берүү,

- ЖЭБке заманбап тазалоочу курулмаларды орнотуу.

    Бир адамга туура келүүчү жашыл биомассанын үлүшүн дүйнөлүк стандарттарга жеткиребиз. Жашылдандыруунун альтернативдүү түрлөрүн киргизебиз.

    Муниципалдык буюртмаларды жайгаштыруу аркылуу активдүү жарандар менен коомдук уюмдардын өзүлөрүн жашылдандыруу жана аларды кароо иштерине тартабыз.

    КР өкмөтүнүн алдында  соода жайларында пластик баштыктарын колдонууну тыюу салуу маселесин  көтөрүп, алгачкы пилоттук долбоорду Бишкекте ишке ашырабыз.

    Бишкектин жаңы таштанды полигонунда курулуучу Таштанды ылгоо долбоорунун ишке кирүүсүн тездетүү.

    Шаарда фонтан, ирригация тармагын кайра жандандыруу жана жаңыларын куруу  боюнча атайын программа иштейт. Ирригация системасы бара-бара тамчылатып сугарууга жана башка сууну үнөмдөөчү технологияларга өтөт. 

    Парктар менен сейил бактардын аянттарын шаардын жалпы аянтынын 10% чейин жеткирип, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу үчүн алардын чек араларын мыйзамдаштырабыз.

  1. Бишкек – адамдар үчүн ыңгайлуу шаар. 

      Шаар, эл аралык мыкты тажрыйбаларга ыктаган өзүнүн муниципалдык билим берүү программасын түзөт.

      Шыктуу, өзгөчө муктаждыктары бар жана калктын аярлуу катмарларынын балдарын каржы жагынан колдоо үчүн, шаар бюджетинен каржы бөлүүнүн эффективдүү системасын колдонуу менен муниципалдык-жеке өнөктөштүк ыкмасы кенен жайылтылат.

      Мектеп, бала-бакча жетишпеген аймактарга билим берүү имараттарын салуу ниети бар инвесторлорго жер жана жеңилдиктер берилет.

      Дүйнөнүн мыкты окуу жайларынын филиалдарын жайгаштыруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт.

      Жашаган жерине, каттоосуна карабай, жарандар үчүн социалдык кызматтар жеткиликтүү болуш керек.

      Ар бир райондо жаштар менен иштөө системасына багытталган көп функционалдуу маданий-эс алуучу борборлор ачылат.

      Муниципалдык мүлктү жеңилдетилген шартта ижарага берүү жана социалдык буюртмалар алкагында каржылоо аркылуу жаштардын өздүк маданиятын (молодежная субкультура) колдоо.

      Жеке секторду таштандыларды чогултуу жана ташуу ишине тартуу уланат жана күчөтүлөт. Кызыкдар жеке ишкер жарандарга мыкты кызмат көрсөтөт.

      Жаңы конуштарда жер тилкелеринин макамы чечилет.

      Социалдык маанидеги объектилер (мектеп, бала бакча, дарыкана, китепкана, оорукана, дүкөн) жашаган жерге жакын болуш үчүн, шаар четинин, жаңы конуштардын социалдык интеграциясына өзгөчө көңүл буруу.

  1. Бишкек – жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шаар. 

    Жол салуу маселесинде унаа жүрүүчү жолдорго эмес,  тротуарлар менен веложолдорду курууга артыкчылык берилет.

    Биз Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унаа токтотуучу жайлардын ордуна газондордун болушун каалайбыз.  

    Муниципалдык унаа токтотуучу жайларды заманбап унаа токтотуучу жайларды уюштуруу тажрыйбасы бар компанияга беребиз.

    Шаардыктар менен конокторго кызыктуу боло турган заманбап, креативдүү көрктүү жерлерди салуу үчүн архитектор, айкелчи жана башка активдүү жарандардын демилге көтөрүүсүн кубаттайбыз.

    Бишкекте жол кесилиштери абдан көп. Алар комплекстүү түрдө көрктөндүрүлөт. Бул жарыктандыруу, жашыл зоналар, Wi-Fi зоналар.

    Аялдамалар бекер Wi-Fi зона жана маалымат такталары менен камсыздалган маалымат алуучу орундарга айланат.

    Маршруттук таксилер ыңгайлуу коомдук транспорт менен алмаштырылат. Акылга сыярлык тариф жана адилеттүү субсидия системасын түзүү аркылуу коомдук транспортту өнүктүрүү үчүн шаар инвесторлорду тартат.

    Шаар кантип курулаарын жөнөкөй тил менен түшүндүрөбүз.

    Объектилерде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган талаптар аткарылбаса, анда подряддык ишканага ал жумушу үчүн акча төлөнбөйт.

    Шаардын борбордук бөлүгү бирдиктүү архитектуралык көрктө болуусу үчүн эрежелер иштелип чыгып, ага бардык жеке жана укуктук жактар баш ийет. Ошо менен бирге жарнактардын бирдиктүү стандарты киргизилет.  

    Базарлардын маданий жана улуттук көрк берип туруучу жайларга айлануусуна  шарт түзүлөт.

    Муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерге тосмолорду орнотууга тыюу салынат.

    Жарыктандыруу маселеси  муниципалдык-жеке өнөктөштүк аркылуу чечилет;

    Коомдук транспорт маселеси боюнча метробус куруу жана аны ишке киргизүү негизги чечим болот.

      Коомдук транспорттун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болушу негизги талап болот.

      Коомдук транспортко өзүнчө жол тилкеси бөлүнөт. Бул алардын жүгүртмөсүн түзгөнгө мүмкүнчүлүк берет.

      Мейманкана, кафе жана башка коомдук жайлардын  дааратканалары баарына жеткиликтүү болушу үчүн атайын жергиликтүү маанидеги ченемдик-укуктук акт кабыл алынат.

  1. Бишкек – жарандар үчүн коопсуз шаар. 

           Тартип бузууларды алдын алуу үчүн шаар мэриясы менен бизнес-коомчулук көчөлөрдө видекамералардын орнотулушун камсыз кылат.

           Тартип бузууларды алдын алуу үчүн шаар бийлиги укук коргоо органдары менен жергиликтүү коомчулуктун тыгыз байланышын камсыз кылат.

           “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу уланат. Долбоордун концепциясы кеңейтилип, коопсуздукту эл көп чогулган жерлерде, жаңы конуштарда жана социалдык мааниге ээ жерлерде камсыз кылууга багытталат.

           Шаар ресурстарынын эсебинен муниципалдык милиция, аны менен кошо милициянын атайын түнкү кайгуул батальону жана ыкчам аракет тобу түзүлөт.

  1. Бишкек – инвестчилер үчүн жайлуу жер.

    Жашыл экономика алкагындагы бизнес-долбоорлор, инновациялык технологияларга негизделген демилге, стартаптарды колдоо үчүн каржылык жана материалдык ресурстарга жол ачуу камсыздалат.

    Тоскоолдуктары жок экономика. Сууга, саркынды түтүктөргө, электрэнергиясына кошулуу, уруксат кагаздарын алуу боюнча жөнөкөй, баарына түшүнүктүү эрежелер болот.

    Муниципалдык мүлктүн, жерлердин ижарага берилиши же сатылышы онлайн жүрөт.

    Муниципалдык жана социалдык буюрмаларды түзүү жана жайгаштыруу аркылуу таштандыларды чогултуу, ташуу, жок кылуу, көрктөңдүрүү, көчөлөрдү жарыктандыруу, шаар транспорту сыяктуу жергиликтүү маанидеги маселелерди болушунча аутсорсингге берүү зарыл.

    Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн башкарууда салыктарды алдын ала төлөө тууралуу билдирме, мыкты салык төлөөчүлөрдү сыйлоо, салык салынуучу мүлктү эсепке алуу сыяктуу жаңыча ыкмалар колдонулат.

    Бизнес менен бирдикте социалдык маселелерди чечүү үчүн меценаттыктын жайылышын шаар бийлиги колдоого алат.

    Бишкек – кызмат көрсөткөн шаар. Тейлөөнүн сапат стандарттары менен ар түрдүүлүгүн эл аралык стандарттарга чейин көтөрүү. Бул банктарга, ресторандарга, мейманканаларга, театрларга, музейлерге, коомдук жайларга тиешелүү.

    Туристтерди жана жергиликтүү тургундарды өзүнө тартып тура алчу борборлорду жаратууга багытталган муниципалдык долбоорлор ишке ашат. Алгачкылардан болуп “Шаардын Чыгыш Базары” долбоору ишке ашырылат. Бул иштин алкагында өзүнүн ар түрдүүлүгү менен айырмаланаган чыгыш базарларынын мыкты маданияты кайра жаралат. 

  1. Бишкек – адилеттүү жана натыйжалуу бийликке жетишкен шаар.  

    Биз шаар башкарууда жергиликтүү жамааттардын коомдук катышуусун күчөтүүнү жактайбыз. Шаардыктар өздөрү жашаган аймагынын өнүктүрүү планын түзүүгө укук алат. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары өз иштерин пландаганда, жергиликтүү тургундардын керектөөлөрүн эске алат.

    Биз, жыл сайын Жарандык бюджеттин басылып чыгышын камсыз кылабыз. Ал жерде жеткиликтүү тил менен шаар бюджетинин параметрлери көрсөтүлөт.

    Шаар тургундары өздөрү жашаган аймакты өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгып, ага каржы алууга мүмкүнчүлүк алат.

    Бара-бара мэрия менен муниципалдык ишканалардын мамилеси рыноктук негизге өтөт. Муниципалдык ишканалардын жоготууларын шаар бюджетинин эсебинен толуктаганга жол бербейбиз.

    Муниципалдык кызмат жогорку квалификациялуу кадрларга ээ болот. Бул үчүн муниципалдык кызматка алуу, алардын ишин баалоо системасын жакшыртабыз.

    Муниципалдык административдик райондорду жоебуз.

    Шаар өз финансы бөлүгүнө ээ болуп, ал Финансы министрлигинен көз каранды болбойт.

    Шаар тургундары онлайн добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар муниципалдык кызматтардын электрондук порталы түзүлөт.        

КОРУТУНДУ!

Кымбаттуу бишкектиктер!    Бүгүн, биз, жаңы муун, сүйүктүү шаарыбызга жаңы келечекти тартуулагыбыз келип турат. Бирок, шаарыбызды өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган пландарыбызды ишке ашыруу эбегейсиз оор милдет.

Аны биримдикте гана, бекем кол кабыш кылып, бири-бирибизге ишеним артуу менен гана жүзөгө ашыра алабыз.

Бишкекти эң мыкты шаар кылыш үчүн, баардыгыңыздарды биригүүгө чакырабыз!