Шаардык кеңештердин тизмеси > Жалал-Абад шаардык кеңеши > "Ата-Журт Кыргызстан" Саясий партиясы

,,Ата-Журт Кыргызстан“ саясий партиясынын 2021-2025 жылдарга

Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү

ПЛАТФОРМАСЫ

«Өнүккөн, заманбап шаарды курабыз»

Экономика

  • Шаардын 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү программасын иштеп чыгуу,натыйжалуу ишке ашыруу;
  • Шаардын экономикалык дараметин жогорулатуу: активдүү өнөр жай саясатын жүргүзүү, пайдаланылбай турган өндүрүштүк аянттарды ишке киргизүү, инновациялык ишмердүүлүктү өнуктүрүү,жаңы технологияларды өздөштүрүү;
  • Инвестициялык жагымдуу шарт түзүү,ички сырткы инвестиция тартуу;
  • Чакан, орто бизнеске,ишкердүүлүккө ар тараптуу жагымдуу шарт түзүү,колдоо көрсөтүү;

Бюджет саясаты

  • Шаардык бюджеттин каражаттарын сарамжалдуу,максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу;
  • Салык базасын кеңейтүү,көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, кошумча киреше булактарын табуу;
  • Шаардык бюджеттин киреше көлөмүн 2025-жылга 1млрд сомго жеткирүү;

Курулуш,архитектура,инфраструктура   саясаты

  • Шаарга заманбап архитектуралык көрүнүш(облик) берүү;
  • Аэропортту,36/10 абак ишканасын шаардан сыртка чыгаруу маселесин чечүү,ордуна атайын долбоорлор менен заманбап архитектурадагы кичи районду долборлоо, куруу;
  • Ички жолдорду кеңейтүү,асфальттоо,тратуарларды,түнкү жарыктандырууну куруу;
  • Шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу;
  • Шаарда күнүнө 12миң м3 саркынды сууларды тазалоочу кошумча ишкананы куруу;
  • Калкты газ менен камсыздоо, кичи райондорго газ тартуу;
  • Заманбап архитектурадагы эл аралык автобекеттин долбоорун иштеп чыгуу;

Турак жай саясаты

  • Заманбап архитектурадагы көп кабаттуу үйлөрдү курууну активдештирүү;
  • Инвестиция тартуу аркылуу,жергиликтүү бюджеттин эсебинен көп кабаттуу социалдык үйлөрдү куруу;
  • Көп жыл мурда курулган үйлөрдүн сырткы фасаддарын жаңылоо, заманбап архитектуралык көрүнүш берүү,чатырларын оңдоо;

Туризмсаясаты

  • Туризмди өнүктүрүү;
  • Шаардагы тарыхый эстеликтерди,жайларды реставрация кылуу, айланасын көрктөндүрүү;
  • Эс алуучу жайлардын,парктардын инфраструктурасын жакшыртуу, заманбап шарттарды тузүү.
  • Жалал-Абад курортунун базасын кеңейтүү,шарттарын,кызмат көрсөтүүлөрүн, инфраструктурасын жакшыртуу,
  • Шаардык музейдин жаңы долбоорун иштеп чыгуу, курууга инвестиция тартуу;

Билим берүү тармагы

  • Мектептерде билим берүүнүн сапатын жакшыртуу;
  • №1 мектептин жана жаңы кошумча мектептердин курулушун колго алуу;
  • Мурда башка тармактарга берилип кеткен бала бакчаларды кайтарып алуу;
  • Инвестиция тартуу аркылуу жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен бала бакча куруу;
  • Инновациялык мектеп уюштуруу, “Жаш техник”кружокторун өнүктүрүү жана жогорку окуу жайлардын илимий борборлору менен кызматташтыруу;
  • Жаштарды илимге тартуу, Жалал-Абад шаарын илимий борборго айландыруу;
  • Жаңы заманбап китепкана куруу.

Медицина саясаты

  • Калкка медициналык тейлөөнү жакшыртуу;
  • Шаардык оорукана куруу маселесин чечүү;
  • Шаардык медицина тармагын заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо, базасын бекемдөө;
  • Кошумча жаңы ФАПтарды куруу;
  • Шаардык медицина тармагында танкыс медицина адистерин тартуу, аларга шарттарды тузүү;
  • Шаардык “Тез жардам” станциясын куруу;
  • Шаардык санитардык эпидемиялык кызматынын базасын жакшыртуу,бекемдөө;
  • Вирусология,радиология лабораторияларын уюштуруу, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо;
  • Вирусолог,бактериолог,радиолог, пульманологадистерин даярдоо;

Кызмат көрсөтүү саясаты

  • Калкка мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу:
  • “Бирдиктүү терезе” принцибин өнүктүрүү;
  • Электрондук кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү;
  • Бюрократиялык тосмолорду, коррупцияны жок кылуу;
  • Тейлеген адистердин дараметтерин жогорулатуу.

Спорт жана жаштар саясаты

  • Спортту өнүктүрүү;
  • Футбол академиясын куруу;
  • Жаш жеткинчектерге спорт базаларын курууга, бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруу;
  • Жаштар саясатын өнүктүрүү, шаарды “Жаштар шаарына” айландыруу.

Экология,“Таза шаар”

  • Шаардын тазалыгын камсыз кылуу;
  • Көп жылдык,декаративдүү дарактарды эгүү,көрктөндүрүү;
  • Эс алуу парктардагы, борбордук көчөлөрдөгү дарактарды суугат суу менен камсыздоо (тамчылатып сугаруу системасын өздөштүрүү);
  • Троллейбус каттамын куруу долбоорун иштеп чыгуу, инвестиция тартуу;

Инвестиция тартуу аркылуу таштандыларды кайрадан иштетүүчү өндүрүш уюштуруу.