Ош шаарындагы “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасы
Ош шаарынын демокартиялык жана социалдык багытында өнүгүүсү үчүн:
Акыйкат жана руханий жактан бирдиктүү коом
Атаандаштыка жөндөмдүү иновациялык экономика
Жарандарга жогорку дэнгээлдеги жашоону тартуулоо
Эгемдүү демократиянын принциптеринде өлкөнүн сапаттуу жанылануу стратегиясын жүзөгө ашырып, биз Ош шаарынын жашоочуларына, шаардын тагдырын өз алдынча аныктоого жалпы элдик төлөмдөргө, жалпы элдин кызыкчылыгына өз алдынча ээлик кылууга укуктарын камсыз кылып берилүүсү керек.
Саясат жөнүндө:
Биз шаарды өнүгүүсү үчүн зарыл болгон реформаны жүргүзөбүз. Мында мыйзамдуулук жана Конституция үстөмдүк кылат. Башка саясий партияларын саясий мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруусу үчүн толук шарттарды камсыз кылып беребиз.
Экономика тармагы боюнча:
Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте өндүрүштү, туризм жана бизнести өнүктүрүү аркылуу жаны жумушчу орундары түзүүлүүсү үчүн шарт түзүлүп берилүүсү керек. Ош шаары келечекте иновациялык экономикасы жана ийкемдүү салык тутуму менен жогорку денгээлде өнүккөн шаар болушу керек.
Билим берүү тармагы:
Билим берүү мамлекеттик жана коомдук иш-аракеттердин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул тармакта партия, билим берүү тутумдагы коррупцияны жоюу үчүн алгылуктуу кадамдарга барат.
Маданият жана спорт:
Маданият-бул коомдун тарыхый өнүгүү жолундагы өзүнүн белгиленген денгээли.
Кыргыз малекеттин бекемдөө жана өнүктүрүү жана шаар ичинде жашаган башка улут өкүлдөрүнүн тилин, маданиятын сактап калуу ошондой эле, маданий өнүгүү
жаатындагы башкы багыты - улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү адеп-ахлатты жана патриоттуулукту жандандыруу партиянын негизги стратегиялык максаттары болуп саналат.
Укуктук тартипти камсыз кылуу:
Жаркын келечекке болгон ишеним тартипсиздик жана кылмыштуулук жогору болгондо пайда болушу мүмкүн эмес. Мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу көйгөйлөрү көбүнчө ички иштер органдарына эмес, саясий элитаталарга көз каранды. Экологиялык коопсуздук:
Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатында көзөмөл, уруксат берүү тутумун өркүндөтүү. Экологиялык мониторингди жана маалыматтык камсыздоону өркүндөтүү. Калкка экологиялык билим берүүнү жана өнүктүрүү. Коомчулуктун экологиялык чечимдердин кабыл алууга катышуусу.