Абибакир уулу Жылдызбек

Мен Абибакир уулу Жылдызбек 1996-жылы 6- апрелинде Чаткал районунун Кызыл-Токой кыштагында жарык дүйнөгө келгем . Атам жылкычынын уулу. Аты Абибакир, апам болсо Динара. 2002-жылы Кызыл- Токой айылындагы Булутбек Камчыбеков орто мектебинин 1-классына кабыл алынгам.  Мектеп жылдары сабакта өтүлөн программаларга активдүү катышып, 2013-2014-ж.ж. мектепти аяктадым. Мектеп бүткөн соң айылдан алыстап жогорку билим алуу үчүн Бишкек шаарына келдим. Бишкек мен үчүн жаңы барактардын ачылышына сепеб болду. Анткени өз күчүм менен Кыргызстан – Туркия Манас Унверсететинин Тарых бөлүмүнө кабыл алындым. Унверстетте биричи жылым түрк дүйнөсү менен таанышуу жылы болду. Түрк тилин үйрөндүм, түрк адабияты жана маданияты менен тааныштым. Окуу маалында окуу программасына ышкым козгоп күн түн дебей билим алдым. Дүйнө тарыхы, ислам тарыхы, өзгөчө түрк элдеринин тарыхы боюнча кенен кесир билимге ээ болдум десем калп айтпаган болом. Унверстет жылдарында өзгөчө агайларды ,кыйылгыс досторду таптым. Унверстет мен үчүн баардык шарттарды түзгөн өз экинчи үйүм болуп берди. Убакыт зымырап Кыргызстан – Туркия Манас Унверсететинин Тарых бөлүмүн аяктадым. Эмгек жолу өз туулуп өскөн жерим Чаткал районунан башталды. Чаткалдагы “ОССО Терек-Сай Эти Бакыр фирмасында” – котормочу жана комендант болуп ишке кабыл алындым. Ал жерде 6 ай иштеп, Сокулук районундагы “Ихлас Эл Аралык” мектебинде тарых мугалими болуп бир жыл эмгектендим. Учурда  , “ОССО Терек-Сай Эти Бакыр фирмасында” дагы да эмгек жолун улантып келе жатам.

Алдыда элим жерим үчүн баардык тоскоолдуктарга карабастан  ак кызматымды кылам деген максатым жана антым бар!