Шайлоо программасы бир максат менен түзүлдү: шаардын жашоо шарты мүмкүн болушунча ыңгайлуу болушу үчүн, шаардын калкынын жашоосунун жогорку деңгээлин жана сапатын камсыз кылуу үчүн бардыгын жасоо.
“Жаңы Кыргызстан” партиясы шаарды экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө даярдоону негизги максат кылып койгон.
-Тиешелүү шарттарды түзүү менен биздин шаарда кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча жергиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга чет элдик жана ата мекендик инвесторлорду тартуу.
Бул максатка жетүү үчүн өнүгүүнүн төмөнкү багыттары аныкталган:
- шаардагы калктын жашоо сапатын жакшыртуу;
-шаарда дени сак, билимдүү жана маданий өнүккөн калкты калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү;
- жол тармагын оңдоо;
- калкты социалдык жактан коргоо:
- оор турмуштук кырдаалга туш болгон адамдарга жардам көрсөтүү;
-согуштун жана эмгектин ардагерлерине, пенсионерлерге колдоо көрсөтүү;
- көчөлөрдү жарыктандыруу маселелерин чечүү.
Алдыбызга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз.
- шаардын тышкы көрүнүшүн өзгөртүү, аларды көрктөндүрүү жана инфраструктурасын өнүктүрүү.