Саясий партиясы ыктыярдуулук, теңчилик, мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук принциптерине негизделген.

Биздин максат: чыныгы демократиялык укуктук мамлекетти куруу, шаар калкынын жашоо деңгээли жогорулатуу.

Партия биринчи этаптагы башкы милдет - коомдун, экономиканын жана саясий көз каранды эместиктин стабилдүү өнүгүшүн камсыз кылуу деп эсептейт.

Партия өзүнүн саясий программаларында социалдык чөйрөнү жана экономиканы өнүктүрүүнү жактайт. Максаты – шаардын ар бир тургунунун татыктуу жашоосу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылууга жөндөмдүү натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жана активдүү жарандык коомду калыптандыруу жана өнүктүрүү.

Партия өзүнүн ишинде төмөнкүлөргө умтулат:

- шаарыбыздын көз карандысыздыгын жана бүтүндүгүн, улуттар аралык ынтымакты камсыз кылуу;

- шаардын элинин тарыхый жана руханий баалуулуктарын коргоо;

- улуттардын тең укуктуулугуна негизделген улуттук саясатты ишке ашыруу, улуттар аралык улутчулдуктун жана шовинизмдин кагылыштарын жоюу;

- шаардагы калктын жашоо сапатын жакшыртуу;

- шаарда дени сак, билимдүү жана маданий өнүккөн калкты калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү;

- жол тармагын оңдоо;

- чыгармачылык, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү;

- шаардын маданий турмушун өнүктүрүү, маданий, спорттук, жаштардын иш-чараларына катышуу;

- шаарды көрктөндүрүү;

- калкты социалдык жактан коргоо:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн тоскоолдуксуз чөйрөнүн натыйжалуу иштеши менен мүмкүн болгон жагымдуу шарттарды түзүү;

- оор турмуштук кырдаалга туш болгон адамдарга жардам көрсөтүү;

- согуштун жана эмгектин ардагерлерине, пенсионерлерге колдоо көрсөтүү;

- инвестицияларды тартуу;

- бюджеттик каражаттардын жана максаттуу программалардын түшүшүнө жана бөлүштүрүлүшүнө элдик контроль;

- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө шаардын коомчулугун кеңири тартуу.