№2 бир мандаттуу Баткен шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттыка талапкер Артыкбаев Гыламидин Үрүстөмовичтин шайлоо алдындагы

ПРОГРАММАСЫ.

Баткен чолкому борбордон 1000 чакырым алыстыкта Кыргызстандын туштук-батышында жайгашкан эн четки аймак. Баткен облусунун жайгашкан жери геосаясатта стратегиялык мааниге ээ аймак болуп эсептелинет. Башка облустарга салыштырмалуу Баткен облусу эн четки аймак катары, социалдык-экономикалык жактан чабал, инфраструктурасы начар, жумушсуздук, миграция, ирригация, чек-ара жана башка мамлекеттик денгээлдеги койгойлор чечилбеген бойдон калууда. 

Баткен облусу анын ичинде Баткен району кошуна озбек жана тажик республикалары менен чектешет. Озбекстандын эн онуккон Фергана облусу жана тажикстандын ички дун продукциясынын 60% ын берген Согди облусу менен Кыргызстандын эн жарды Баткен облусунун чектешиши, кээ бир маселелердин чечилишинде тен ата суйлошууго жетишилбей келет. Бул чолкомдо озбекстандын Сох анклавы жана тажикстандын Ворух анклавдары жайгашкан. Бул эки мамлекеттин анклавдарындагы калктын санынын тез осушу жакынкы жылдарда Кыргыз мамлекетинин коопсуздугу учун чон коркунуч жаратат. Анклав жана эксклавдарды жонго салуу боюнча кабыл алынган эл аралык укуктук актылардын мыйзам чегинде аткарылбашы, мамлекеттердин ортосунда тузулгон эки тараптуу келишимдердин бузулушу делимитация жана демаркация маселелери боюнча окмоттор аралык паритеттик комиссиянын ишинин жай журушу, бул чолкомдогу жашаган элдердин коопсуздук маселеси, миграция агымынын кучошуно шарт тузуудо. Аталган койгойлор бир гана Баткен чолкомунун койгойу эмес, мамлекеттик денгээлдеги койгой. Эгемендуулуктун 30 жылдыгында озбек жана тажик чек-араларында бир нече жуздогон кагылышуулар болду. Акыркы болгон Кыргыз-тажик чек-арасында болгон инцидент 36 кыргыз жаранынын омурун алуу менен коштолду. Эгемендуулуктун алгачкы жылдарындагы чек-ара чыр чатактары акырындык менен орчуп отуруп, эки  тараптын куралдуу кагылышуусуна чейин осуп жетти.  Чек ара маселесинин оз мезгилинде чечилбеши бул аймактагы кылмыштуулуктун кучошуно, аткезчилик, наркотикалык заттардын мыйзамсыз алынып кирилиши, чек арага жакын аймакта жашаган элдердин ал жерди таштап башка жака кочуп кетиши сыяктуу чон койгойлорду жаратат.

Жумушсуздук маселесин чечуу боюнча мамлекет тарабынан аракеттер корулгондугуно карабастан, уй-було багуу максатында ички жана сырткы миграцияга кеткенге эл аргасыз болууда. Республика боюнча миграциянын эн кучтуу агымы ушул чолкомдо. Миграциянын айынан  бир топ жаны койгойлор пайда болууда. Мисалы: Уй-булолордун ажырашуусу, балдардын кароосуз калтырылышы, акырындык менен мигранттардын башка мамлекеттердин жарандыгын алышы, балдардын билим алуу денгээли начарлашы, тарбия жаатындагы койгойлордун кучошуно шарт тузуудо. Мамлекеттик денгээлде мигранттардын укугунун корголушу бажы союзунун алкагында окмоттор аралык келишимдердин аткарылышын козомолдоо жана алардын укуктук базасын чындоо.

Ирригация маселесинде да Баткен чолкомундо бир топ койгойлор бар. Баткен жана Кадамжай райондорунда сугат суу маселелери чечилбей келет. Козу-Баглан, Ак-Суу, Исфайрам, Кожоашкан дарыяларынын суусунун озбекстан тажикстан республикалары менен болуштурулушун кайра карап чыгууга жетишуу. Таза суу жетпеген айылдарды таза суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программа киргизуу.

Жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча жайыт комитеттеринин ишмердуулугун жакшыртуу. Бул жааттагы мыйзам актыларын инвентаризациялоо.

Айыл чарба товарларын ондуруу багытында, багбанчылыкты онуктуруу, логистикалык борборлорду куруу. Ондурулгон продукцияны кыргыз бренди менен импорттоого жетишуу. Мал чарбасын асылдуулугун арттыруу боюнча асыл тукум чарбаларын тузуу.Ондурулгон айыл-чарба жана мал-чарбасындагы кайра иштетууну жолго коюу.

Штабдын дареги: Баткен шаары, Т. Садыков көчөсү

тел.: (0550) 00-19-72

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)