КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНА ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕР АБДЫБАХАПОВ АБДЫМАНАП АБДЫБАХАПОВИЧТИН ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ:

 

-Бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмакты сактоо жана Өкмөттөгү кайталанма кызматтарды бириктирип, айрымдарын кыскартууну, жергиликтүү бийлик органдарына бюджеттик камсыздоо укугун берүү;

          -Орусиядагы мекендештерге «миграциялык жеңилдиктерди», тагыраагы, миграциялык каттоо, эмгек келишимдерин түзүү жана аны расмий каттатуу  маселелеринде укутук жардам берүү.

-Орусия менен узак мөөнөттөгү кызматташууну камсыздоо керектигин, муну менен катар жалпы эле өнөктөш, коңшулаш өлкөлөр менен мамилени өнүктүрүү;

-Мамлекеттин эң негизги таянычы улуттук экономика экени белгиленип, колдо бар ресурстарды колдонуу, жеке ишкерлерге көмөк көрсөтүү, инвестициялык жана салык саясатын өзгөртүү, жумушсуздук менен күрөшүп, калктын социалдык абалына көңүл бөлүү, жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү, буга чейин жокко чыгарылган ардактуу пенсионерлерге бөлүнө турган мамлекеттик төлөмдү кайра калыбына келтирүү. Ошондой эле пенсиялык фондду кайрадан уюштуруу маселеси кароо.

-Ишкердикке болгон мамлекеттик жөнгө салуу тутумун реформалап, натыйжада уруксат кагаздарын гана эмес, лицензия берүүчү жана көзөмөлдөөчү органдардын да санын кескин кыскартуу аркылуу бизнеске болгон ыңгайсыздыктарды жоюу жагын карап чыгуу шарт деп белгилейм;

-Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын реформалап, анын алкагында мугалимдер менен дарыгерлердин депутаттардан кем эмес маяна алуусуна жетиштирүүнү, жаш адистерге турак-жай, пайызы жок насыяларды берүүнү мерчемдейм;

-Жарандардын саламаттыгына кам көргөн толук кандуу саламаттыкты сактоо системасын түзүү жана кызматкерлерин татыктуу эмгек акы жана иштөө шарты менен камсыздоо, өзүн көрсөтүүсү үчүн жаштарга мүмкүнчүлүк берип, аларды бийликтин жана башкаруу тармагынын бардык бутактарына сүрөө, Кыргызстандын көп улуттуу элинин салт-санааларын чагылдырган маданий, чыгармачыл жашоо тармагына колдоо көрсөтүү, диний сабаттуулукту калыптандыруу маселелери боюнча да атайын пункттар киргизилет.

-Аймактардын өзгөчөлүгүнө, шартына ылайык ар кайсы тармактан өнүктүрүүнү көздөйм. Мисалы, Жалал-Абад облусунда гидроэнергетиканы өнүктүрүп, энергияны көп талап кылган өндүрүштүк кластерлерди түзүү жана энергетикалык долбоорлорду адистештирүү.

-Билим берүү системасын жакшыртууну максатында мамлекеттик бюджетти натыйжалуу пайдалануу менен мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуучу иштерди жүргүзөрүн белгилейт. ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштуруу, адистерди ротациялоо, алардын маянасын көтөрүү зарыл. Мугалимдерди борборлоштурулган мамлекеттик экзамендердин жыйынтыгы боюнча окуучулардын ийгилиги үчүн сыйлоо, жакыр үй-бүлөлөргө мектеп тамагы жана мамлекеттик субсидиялар менен жардам берүү, ЖОЖдордо билим берүүнү реформалоо, бюджеттик орундарга ЖОЖдорго каттоонун борборлоштурулган системасын киргизүү оң натыйжа берет.

-Калктын социалдык абалын жакшыртуу максатында жакырларга жана майыптарга жөлөк пул, узак мөөнөттүү ипотекалык насыя бергизүү.