“Акыйкат,тартип жана мыйзамдуулук үчүн элиме кызмат кылам”

      Биз келечекте өлкөбүздү  дүйнө коомчулугунда эгемендүү, демократиялык башкарууга  жана социалдык багыттагы рынок экономикасына негизделген, жарандарынын  коопсуздугу  коргоого алынган, көп тилдүү жана ички чөйрөсү менен өзүнө тарткан, мыйзамдуулукту сактаган, заманбап билим берүү  жана саламаттыкты сактоо системасына ээ, айлана-чөйрөсүнүн тазалыгы, коомдук туруктуулугу, бакубат өлкөнүн эл аралык бедели, экономикасынын туруктуу өсүшү жана инвесторлор үчүн  жагымдуу шарттар түзүлгөндүгү    таанылган көз карандысыз  мамлекет катары элестетебиз. 

Саясий туруктуулук- өлкөнүн эртенки келечеги. Акыркы жыйырма жыл аралыгында өлкөбүз   башынан  тагдыр чечээр  олуттуу окуяларды башынан өткөрдү. Коом саясатташып жана коррупцияга белчесинен баткандыктан,  шайлоолордун туура эмес өткөрүлгөндүгүнөн улам үч ирет бийлик алмашты. Башкаруу ситемасы  бир курдай алмаштырылды.  Бул бизге сабак болчу окуя. Эртенки жаркын келечек үчүн өлкөнүн саясий туруктуулугу өтө маанилүү:

  • Саясий туруктуулуккту сактоо жана мамлекеттүүлүктү аздектөө;
  • Коңшу мамлекеттер менен достук жана тең ата мамилени өркүндөтүү;
  • Улуттар аралык достукту бекемдеген иш чараларды колдоого алуу;
  • Толук кандуу эгемендүүлүккө жетишүү багытында чек ара маселесин дипломатиялык алкакта чечүүнү колдоо;
  • Саясий аренага жаштардын, жаңы жүздөрдүн келишин демилгелеген мыйзамдарды колдоого алуу.

Экономикалык өрүш алуу- жалпы жыргачылыктын негизи.   Кыргызстан толуу жана агрардык өлкө. Эгемендүүлүктүн дээрлик отуз  жылында коом ашкере саясаттташып экономика экинчи орунга сүрүлүп  калды. Ири долбоорлордун баары коррупция менен байланышып, экономикалык өсүш кризиске кептелди. Өлкөбүз кризиске кептелип өндүрүүчү эмес керектөөчү өлкөгө айландык. Биз Кыргызстандыктар мындан да татыктуу жашоого укуктуубуз  жана ага толук шарттар бар. Андыктан бул маселелер биздин көңүлүбүздүн чордонунда:

  • Өндүрүштү колдоо боюнча мыйзам долбоорлорун демилгелөө  жана колдоого алуу;
  • Ишкерчилик чөйрөсүндө өндүрүшчүлөргө жеңилдик берүү боюнча мыйзамдарга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү;
  • Жүн, тери,эт жана сүт азыктарын кайра иштетүүчү чакан жана ири ишканаларды евростандарт тибинде куруу.
  • Токой байлыктарын сактоо жана өнүктүрүү,тушумун иштетуучу ишканаларды куруу менен экономикадагы үлүшүн көбөйтүү;
  • Илимий жаңы технологияларды экономикага кийрүү;
  • Экологиялык коопсуздукка коркунуч келтирбеген, кен байлыктарды казып алууда дуйнолук алдынкы технология менен иш алып баруунун жолдорун иштоо;
  • Тоо кен байлыктарын иштетүүдө  кыргызстандык ишкерлерге артыкчылык берүү жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
  • Энергетикалык муктаждыктарга алдын алуу үчүн аймактарда чакан ГЭСтерди куруу долбоорлорун колдоого алуу;
  • Экологиялык таза продукцияларды ондуруу жана экспорттоонун жолун ачуу.
  • Айыл жергесинде жеңил өнөр жайын оркундотуш учун тигүү цехтерин ачууга мамлекеттин эсебинен колдоо көрсөтүү;
  • Айыл чарбасында жеке чарбаларды ирилиштерүү, кооперативдерге бириктирүү, жандандыруу менен экспорттун потенциалын көтөрүү, азык түлүктүк коопсуздукту камсыз кылуу,логистикалык центрлерди тузуу.
  • Айыл жеринде ветеринария жана агрономиялык кызматтардын натыйжалуулугун арттыруу;
  • Мал чарбачылык менен алектенгендерге жеңилдетилген пайыздык насыяларды узак мөөнөткө берүү жана сандан сапатка өтүү менен мал жандыктарынын асыл тукумдуулугун арттыруу  маселесин  колго алуу.

Социалдык  коргоо  тутуму- жарандардардын бакубат жашоосунун кепили.  Жарандардын жакшы жашоосу социалдык коргоо тутуму менен байланышкан. Бул багытта ар бир өлкөнүн өзүнүн өнүгүү жолу, модели бар. Калктын аярлуу катмарларын жардам көрсөтүү, кайрымдуулук, соопчулук иштери кыргыз элинин эзелтен  келаткан салты. Социалдык коргоо багытында төмөнкү маселелер приоритеттүү болуп саналат:

  • Билим берүү , саламаттыкты сактоо жана маданият тармагында айылда эмгектенген кызматкерлердин социалдык статусун көтөрүү, алардын социалдык корголуусу боюнча мыйзамдарды демилгелөө жана колдоого алуу;
  • Аталган тармактагы кесип ээлерине,сыртта иштеп жургон эмгек мигранттарыбызга ипотекалык насыя менен турак жай менен камсыз болуу маселесин чечилишин жеңилдетуу мыйзамын кабыл алуу:
  • Калктын аярлуу катмарларына, жашоо ишмердүүлүгү чектелген жарандарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн заманбап формаларын колдоого алуу.
  • Турак жайга муктаждарга турак жай  куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү  ишин жөнөкөйлөштүрүү жана тез чечүү маселесин республикалык деңгээлде колго алуу боюнча мыйзамды киргизүү;
  • Айылдарда социалдык турак жайларды курууну колго алуу.

 Өнүккөн социалдык инфраструктура-өнүгүүгө өбөлгө.  Калкыбыздын бакубат жашоосуна  өбөлгө  болуучу жана көмөк берүүчү  маанилүү маселелердин бири социалдык инфраструктура экендиги талашсыз.  Социалдык инфраструктуранын  абалы  калктын маселесин чечүүдө   гана  эмес  аймактарда ички жана сырткы  туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт.  Союз учурунда калыптанган инфраструктура түзүмү эскирди жана учур талабына ылайык жаңыланууну талап кылууда.   Мындан улам бул багытта төмөнкү маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүү максатка ылайык келет:

  • Эскилиги жеткен жана пайдалаууга жарамсыз болуп калган мектептерди, бала бакчаларды, фельдшердик-акушердик пункттарды, маданият үйлөрүн, спорт залдарын куруу жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана жаңыларын курууну колго алуу;
  • Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунда жайгашкан калктуу аймактарда “Коопсуз район”, “коопсуз жол” программасын кийрүү. Анын алкагында ички жана стратегиялык жолдорду  пайдаланууда калк үчүн коопсуздукту камсыз кылуу багытында  инфраструктураны жаңылоо (тротуар, жол чырак орнотуу,жол жээгине мал отпой турган тосмо ж.б);
  • Калк жашаган аймактарда эң көйгөлүү маселелердин бири болгон калкты ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыздоо боюнча маселелерди чечүү;
  • Учур талабына ылайык санариптештирүү жаатында жогорку ылдамдыктагы интернетти жана байланышты айыл жергесине камсыз кылуу.

Билим берүү- өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн өзөгү.  Кандай коом, кайсы мамлекет болобосун өнүгүү   түздөн түз билим берүү менен байланышкан. Бул багытта  мектеп, бала бакчалардын жетишсиздиги, окуу куралдары менен камсыз болуу маселелери  олуттуу көйгөйгө айланды.  Андыктан бул багытта төмөнкү  жагдайларга маани берүү зарыл:

  • Мектеп окуучуларын зарыл окуу куралдары жана китептери менен камсыздоо маселесин чечүүгө аракеттерди көрүү;
  • Орто билим берүү мектептерин багытталган предметтерди окутууга откоруу ;
  • Жаштар арасында сергек жашоону пропагандалоо, райондун аймагында  спорттук мектептерди ачуу жана алардын материалдык-техникалык базасын бекемдөөнү мамлекеттин эсебинен каржылоого жетишүү;Кесиптик техникалык окуу жайлардын бюджетин которуп жумушчу кесиптердин турун оркундотуу.
  • Учур талабына ылайык жеткиликтүү заманбап билим берүү.
  • Элет жаштарын чет элде билим алуусуна шарт түзүү.

Ички туризмди – кирешелүү тармакка айландыруу. Көпчүлүк өлкөлөрдө туризм тармагы экономикага киреше алып келүүчү тармакка айлангандыгы маалым. Табияты кооз, тарыхый-маданий мурастарга бай Сузак жергесинде ички туризмди өрүш алдырууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Алардын маанилүүлөрү булар:

  • Тоо жергесинде кышкы жана жайкы саякатка туристерди тартуу;
  • Спорттук туризм, медициналык туризм,экологиялык туризмди онуктуруу.
  • Тарыхый-маданий мурастарды реконструкциялап туристерди тартуу жолдорун иштеп чыгуу ;
  • Көчмөндүк жашоого негизделген этнотуризмди жандандыруу.

Маданият маани берүүчү тармак. Учурдагы ааламдашуунун шарттарында маданий чөйрө олуттуу аракеттерди талап кылууда. Жаштар арасында баалуулуктардын өзгөрүшү, руханий жардылык, бош убакытты туура эмес пландаштыруу ж.б. көйгөлөр коомдун өнүгүшүнө өз таасирин тийгизбей койгон жок. Мындай  шартта бул жагдайларга маани берилиши керек:

  • Элдик нарк-насил, улуттук менталитетке каршы келген көрүнүштөрдүн жайылышына   жол бербөө;
  • Кыргыз элинин элдик оозеки чыграмачылыгынын жана чыгаан ойчулдарынын,  акын-жазуучуларынын рухий мурастарын даңазалоо жана жаштар арасында жайылтуу;
  • Заманбап санариптик ыңгайлуу окуу залдары менен китепканаларды ишке киргизүү, аймактардагы маданият үйлөрүн калыбына келтирүү;

Заманбап маданий, эс алуу парктарын ишке киргизүү.