Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, мен шайлоо алдындагы программамды менин атам, маркум  Муса Матсаковдун  «Асманды жамынып, ташты төшөнүп» элиме кызмат кылдым деген урааны менен баштоону туура көрдүм.

      Урматтуу шайлоочулар, 28-ноябрь 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышына шайлоо болот. Ушул күнү, Сиздер жакынкы беш жылда, мамлекеттин тагдыры кайсыл жана кандай жол менен бара турганын чечесиздер. Өлкөнүн келечеги Сиздердин колуңуздарда. Ушул күнгө чейин эмнени көрүп келген болсок  – бул мыйзам  чыгаруу жана аткаруу бийлигинин, мен жана Сиз шайлап келген жарандарынын  иш аракеттери жана жемиши.

Мамлекет  30 жылдан бери өтө терең экономикалык кризисте болуп келет жана андан чыгуу жолдорун азырынча көрө албай жатат. Баалар өсүп, бирок ошол эле убакта пенсия, айлык акы өтө төмөн. Баалар эле эмес, ошол эле убакта кылмыштуулук, жол кырсыктарынан каза болгон адамдар, элдин банктарга болгон карыздары, ошондой эле эң өкүнүчтүүсү элибиздин жакыр катмары күндөн күнгө өсүп баратканы. Карап көрсөк, мурда элибиз таза эмгек менен тапкан акчаларын үй-бүлөсүнүн жакшы жактарына (мал жана үй тиричилик буюмдарына) жумшаса азыр тамак-аш жана дары-дармектен ашпайт.

Саналуу эле адамдар жакшы жана өтө жакшы жашап келишет. Алар чиновниктер, 30-жылдан бери мамлекеттин мүлкүн уурдап, менчикке өткөрүп алган жасалма бизнесмендер. Ал эми өзүнүн таза эмгеги менен эмгектенген элибиз өлбөстүн күнүн кечирип келет.  Бирок көпчүлүк таза иштеген бизнесмендер, жогорудагы чиновник-бизнесмендердин айынан жана азыркы өйдө-төмөн жүрүп жаткан саясий, социалдык-экономикалык  абалдан өтө кыйналып турган убагы.

Элибизди ушул саздан кантип, кандай жолдор менен, алып чыгыш керек? деген суроо туулат. Менин жеке ойум боюнча, өнүгүү жолу, биздин төбөлдөр ар дайым салтка айланып калган улуу сөздөрдү айтып, биз келечекте сөзсүз өнүгөбүз, азырынча күтүп тургула эмес, элибиздин жашоосун азыр жана ушул убакта өзгөртө турган мезгил төмөнкү реформаларды жүргүзу менен аткарылат.

Мамлекетти башкаруу жана коррупция менен күрөшүү.

Биздин өлкөдө бири-бирин кайталаган чиновниктердин жана кызматтардын саны өтө көп. Менин максатым натыйжасыз иштеп жаткан мамлекеттик кызматтарды жана кызматкерлердин санын азайтуу. Ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнүн жасап жаткан ишине жооп бериш керек. Ошол эле учурда аларга татыктуу эмгек акысы болуш керек. Эл жактан тандалып алынган чиновниктер, эл үчүн иштеш керек. Чиновниктерден отчет алуу бул элдин колунда болуш керек. Ошондой эле азыркы учурда бирин-бири кайталаган айыл округдун башчысы, райондун акими, президенттин областтагы өкүлү деген кызматтарды элге салып, кимин алып калып, кимин жоюш керек деген маселени элдин өзүнө коюп чечиш керек. Ушул маселе чечиле башталса коррупцияны ооздуктоонун  алгачкы чечүү кадамдары башталат. Ошондой эле ар бир коррупционерге мыйзамдын эң күчтүү беренелерин колдонуу керек жана ал адамдар эч качан мамлекеттик кызматка келбеши керек. Менин  урааным,  ар-бир катардагы жаран жана мамлекеттик чиновник ким болбосун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын айланып өтөм же бузам дегендер мыйзамдын жана элдин алдында эл душманындай жооп бериш керек.

Экономика.

Биринчи ураан «өнөр жай онуксо, өлкө өнүгөт», мамлекет тарабынан биринчи женилдик жана жардам,  кыргыз жарандыгы бар инвесторго, бардык сырттан алган кредитттер бизнеске, Кыргыз Республикасы экологиялык туризмдин өлкөсү. Экономика биринчи эсепте майда жана орто бизнеске басым жасаш керек. Ошол эле учурда коргоо жана башка стратегиялык ишканалар мамлекеттин колунда болуш керек.

Өнөр жай өнүксө өлкө өнүгөт.

СССРден биздин республикага өтө көп женил жана оор өнөр жай ишканалары мураска калган. Биз аларды эмне кылдык жана кандай жолдор менен жок кылдык деген суроо бардыгыбызды кыйнап келет.  Азыркы күндө алар кайда? Азыркы күндө алар өз ордунда, болгону жогоруда көрсөткөндөй, чиновник-бизнесмендерге белек кылып, ал азыркы кундө жөнөкөй базар же соода борбору болуп тургандыгында. Ага ким кунөлүү?         30 жыл башкарган чиновниктер жана ошого кош көңүл карап турган биз күнөөлүү. Эмне кылуу керек жана кандай чечиш керек – бул элдин колунда. Мен ушул маселе боюнча Сиздер менен биргеликте  чечебиз деген ойдомун.  Азыркы кундө мен талапкер болуп жаткан №16 Ноокен округу боюнча эмне курса болот? Цемент заводун өкмөт менен кошо өзүбүздүн жана четтен инвесторлорду тартуу менен куруу. Себеби биздин райондун аймагында цемент чыгарганга сырье өтө көп жана сапаты боюнча алдында. Тамак–аш өндүрүшү, мөмө-жемиш кайра иштетүүчү кичи компанияларды, ошондой эле бизде жайланышкан «Кыргызнефтегаз» ААКнун, Майлуу-Суу лампа заводун алдынкы компанияларга чыгаруу жана өнүктүрүү. Мисалы азыркы күндө биздин округда жайланышкан «Кыргызнефтегаз» ААКнун өндүргөн нефтини кайра иштетүү заводу  Жалал-Абад шаарында жайланышып, шаардын бюджетининин 30-40% толуктайт. Ошондуктан  жаны экологияга жана азыркы стандарттарга жооп берген заводдду биздин округга куруу жана жаңы иш орундары менен элди камсыздоо.  Анткени биздин округдун географиялык жайланышкан абалы, 35,0 млн калкы бар, коншу Өзбек Республикасы менен болгондуктан бизге өтө ыңгайлуу шарт түзөт. Райондун аймагында акыркы технологиялык өнүгүүдөгү пахтаны кайра иштетүүчү жаны завод куруп, пахтадан жип өндүрүү, андан ары кездеме өндүрүүчү жана кийим тигүүчү фабрика ачып женил өнөр-жайын өстүрүү керек. Пахта өстүргөн дыйкандарга пахтасын кыйналбастан кымбат баада сатып алуу үчүн жакшы шарт түзүп берүү керек. Себеби Ноокен, Базар-Коргон райондорунун климаттык шарты пахта өстүрүүгө өтө ынгайлуу.

Аймактарды өнүктүрүү

Ар бир айылдык аймактын өзүнө жашыл, бардык коммуналдык байланыштар бириктирилген (суу,элек энергиясы,жол, интернет байланышы, ж.б.) логистикалык, жеңил өнөр жайды камтыган кичи жана орто бизнести батырган жер ажыратылыш керек (экономикалык аймак). Мамлекеттен ошол бизнес аймактарга ким болбосун өзүнүн акча каражатын алып келген ички инвесторлорго, 100% арзан кредиттерди, салыктык каникулдарды  берип, ошол аймакты өнүктүрүү жана айыл аймактарды дотациядан чыгаруу. Бардык кичи жана орто,  айыл-чарба жана мал-чарбасындагы дыйкандарды бир чоон кооперативге же ААКна (ачык акционердик коом) бириктирип, ошол ишкананы өнүктүрүү жана түшкөн пайданы үлүшүнө карап тен бөлүштүрүү. Ошондо биз айыл-чарба, сугат, жайыт, токой жана жер кыртышын сактап калабыз жана келечек муундарга сакталган түрдө өткөзүп беребиз.

Кең байлыктардын кирешеси элге иштеш керек.

Кыргыз Республикасында жайланышкан жер астындагы кең байлыктар элге иштеш керек деген ураан ар-бирибиздин урааныбыз жана жашообуз болуш керек. Ошондо экология, жер кыртышы, мөнгүлөр жана сууларды сактап калабыз.

Айыл-чарба жана мал-чарбасы.

Биздин республиканын өзү өндүргөн айыл-чарба продукциясы өзүбүздүн элге жетиш керек деген ураан болуш керек. Ошондо гана бизде, ушул тармак боюнча өнүгүү болот (пандемия шартында бул маселе боюнча башка жол жок экенин көрсөттү). Ошондой эле азыркы күндө чачылган дыйкан чарбаларын бириктирип чонойтуу. Кыргыз Республикасы эт, сүт жана жүн багытында СССР убактагы өндүргөн көлөмгө жеткизип, жакынкы чыгыш жана азия өлкөлөрүнө экспортко чыгара ала тургандай болуш керек. Менин биринчи максатым, ошого ылайык мыйзамдарды иштеп чыгуу.

Билим, тил жана маданият.

Ар-бир кыргыз жараны, мамлекет тарабынан, орто жана жогорку окуу жайларында акысыз билим алууга укуктуу болуш керек. Кыргыз Республикасында кыргыз тили биринчи туруш керек. Маданияттын баалуулугун ар-бир жашаган жаран сезип, урматтап, сыйлап жашаш керек. Биринчи кезекте, мугалимдин жашоосу татыктуу болуш керек.

Ден соолук тармагы.

Ар-бир Кыргыз Республикасынын жаранына  мамлекет жактан акысыз дарылоону камсыз кылуу. Элибиздин санын көбөйтүү үчүн узак мөөнөттүү улуттук проектилерди иштеп чыгуу жана ошого ылайык жаңы мыйзамдар менен толуктоо.

Мүнкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдарга.

Мамлекеттен 100% акысыз билим, акысыз дарылоо, акысыз үй-жай менен камсыз кылуу жана мамлекет тарабынан коргоо.

Турак-жайга укук.

Ар-бир кыргыз жаранга мамлекет тарабынан жер тилкесинен тышкары, арзан баада турак-жай, мамлекет тарабынан жетим-жесирлерге пайызсыз жана башка катмардагы адамдарга төмөн пайыздагы ипотека берүүнү камсыздоо.

Балага сүйүнчү.

Кыргыз Республикасынын жараны болуп төрөлгөн наристелерге, мамлекет жактан жетишерлүү сүйүнчү  акча берүүгө жетишүү.

Жашыл экономика.

Азыркы дүйнө жүзүндөгү глобалдуу өнүгүүдө биринчи экологиялык тамак-ашка, альтернативдик энергетикага (күн нуру, шамал), транспортту туп тамыры менен 2050-жылга чейин электромобилге өткөзүү жана айлана-чөйрөгө зыяндуу газдардын чыгууларын  кескин азайтуу. 2050-жылга чейин токойлордун көлөмүн 6% тен 20% ке чейин өстүрүүгө програмаларды кабыл алып, ошого ылайыктуу мыйзамдарды кабыл алуу. Суу өмүрдүн булагы-Демек, суу, товар, сууну сатуу боюнча дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн сабына кирүү.

Натыйжалуу эл аралык саясат.

Кыргыз Республикасы көп тармактуу жана өзүнүн элинин кызыкчылыгын биринчи койгон саясат жүргүзүү. Ошондой эле «алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деген саясат менен мамиле жасап жашоо.

Жарандардын коопсуздугу жана мыйзамдын үстөмдүгү.

Отуз жылда чек ара боюнча жүргүзгөн саясаттан алыс болуу, эки мамлекеттин бирдей кызыкчылыгы менен  тез арада чек ара маселесин чечүү. Коңшуңдун үйү өрттөнсө сага деле өтөт деген сөздү туура түшүнүп, кыргыз армиясын күчтөндүрүү.  30-жылдан бери ар дайым өзгөрүүлөргө дуушар болуп келген мыйзамдарды, жөнөкөй катардагы жаранга түшүнүктүү тил менен бардык мыйзамдарды кайра кайра кылып жазып чыгуу. Мыйзам бардыгына бирдей деген ураан менен жашоо.

Улуттук идея.

Улуттук идеясыз бир да мамлекет болбойт. Согуш учурунда урааныбыз жеңиш үчүн, тынчтык учурунда азыркы балээ болгон эпидемияга  же катастрофага каршы  дегендей, биздин идеябыз Кыргыз Республикасынын биримдиги жана элдердин достугу жана экономикалык секирик  болуш керек.