КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТЫГЫНА  ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

Социалдык саясат. Мамлекеттин эң негизги милдети – жарандарга кам көрүү. Жогорку Кеңеш социалдык стандарттар боюнча мыйзам кабыл алышы керек.  

Саламаттыкты сактоо. Саламаттыкты сактоону коммерциялаштыруу бул коронвирус пандемия учурунда  тез жана адекваттуу жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. Дары-дармек менен камсыздоо жеке бизнестин ырайымына берилген, алар үчүн негизги кызыкчылыгы    пайда табуу. Врачтардын, мугалимдердин жана башка коомдук маанидеги кесиптердин өкүлдөрүнүн эмгек акылары чиновниктердин: депутаттардын, министрлердин эмгек акысы менен теӊелтүү. Өсүп келе жаткан муундун саламаттыгы өзгөчө маанилүү, мектептердин медициналык кабинеттерин калыбына келтирүү зарыл.

Билим берүү. Айылдык мектептерде окуучулардын билим деӊгээлин жогорулатуу, окуу процессинин техникалык жактан жабдылышын жакшыртуу маанилуу. Мугалимдерди жана дарыгерлерди социалдык турак-жай менен камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүү  абзел. Кыргызстанда атайын кесиптик билим берүү системасынын деградациясы байкалууда. Тилсиз улут болбойт, маданиятсыз мамлекет болбойт. Ал эми жарандар үчүн, өзгөчө улуттук азчылыктар үчүн мамлекеттик тили боюнча квалификациялуу мугалимдер  жана ыкмалар  жеткиликсиз бойдон калууда.

Экономика. Өлкөнүн экономикасындагы кайра түзүүлөр КОМПЛЕКСтүү      болууга тийиш. Айыл чарба ишканаларын кооперациялоо   созсуз. Суу-энергетика тармагында кризистик кырдаал абдан ачык көрүнүп турат.

Ал эми Кыргызстанда айыл чарба рыногундагы кырдаалды пландаштыруу иш жүзүндө жок. Мунун баары бир региондун эмес, бүтүндөй өлкөнүн маселелери.   Жаштарга жумуш  орундарды түзүүгө мезгил жетти.

Dura lex, sed lex (мыйзам катаал, бирок ал мыйзам). Мыйзамдар карама-каршылыктарга толгон жана айрым беренелерди эркин чечмелөө мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Комментарийлер – мыйзамдарды туура колдонуунун бир  эле жолу  болуп саналат. Мыйзамда көп эмес, бир гана чечмелөө бар.