ТАЛАПКЕРДИН ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ: Шайлоо алдындагы программам, бул менин басып өткөн өмүржолумдагыишмердүүлүгүмдүн натыйжасы деп эсептесе болот, анткени мен айыл чарба тармагында, билим берүү жаатында, эл аралык проектерди ишке ашырууда ошондой эле Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-Акими, республикадагы эң алдыңкы облус болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматтарын аркалап экономика, өндүрүш, энергетика, экология, айыл жана суу чарбасы, билим берүү жана маданият, медицина жана спорт, укук коргоо жана жарандарга социалдык жардам көрсөтүү маселелери менен иш алып бардым. Иштин жүрүшүндө ондогон, жүздөгөн адамдардын ар кандай кейиштүү тагдырларына күбө болуп, колумдан келген жардамымды берүүгө аракеттендим. Ошондон улам, менин программамдагы биринчи багыты — бактылуу үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдөө, үй-бүлөнүн бузулушуна багытталган бардык басылмаларды, кино-тасмаларды, интернет булактарын күнүмдүк жашообуздан алып салуу менен ыймандуу үй-бүлө түзүү иделогиясын киргизүү, үй-бүлө институтунун мыйзамдуулук негизин өркүндөтүү; бала бакча, билим берүү мекемелери, бейтапкана, спорт объектилерин салууга мамлекеттик бюджеттен каржылануусун көбөйтүү жана белгиленген каражаттын толук аткарылышын көзөмөлдөө; мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү, эмгек акысын көтөрүү, тиричилик үчүн жеңилдетилген шарттар киргизүү жолу менен тарбиячы, мугалим, медицина кызматкерлери, спорт тренерлери, социалдык жардам көрсөтүү кесиптеринин макамын бекемдөө менен даражасын жогорулатуу; тоолорго, айылдарга жана экологиялык терс таасири бар аймактарга жаш көчөттөрдү отургузууну колго алып «Жашыл Кыргызстан» мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу; эл аралык уюмдардын божомолунда келерки он жылдын  ичинде иче турган таза суунун камдыгы кескин түрдө азайып, суунун тартыштык кесепети болуусу күтүлүүдө. Мекенибиз иче турган таза сууга бай. Ошол байлыкты сактап калуу үчүн «Суу өмүр булагы» программасын иштеп чыгуу; тоодон агып түшкөн сууларды сугат иштери үчүн үнөмдүү пайдалануу максатында ар бир агын суунун нугуна гидрокурулмаларды куруу (БСР, БДР, чакан ГЭС), сугаттын жаңы ыкмаларын колдонуу (тамчылатып сугаруу ж.б.); айыл чарба кооперативдерин, асыл тукум, үрөн чарбаларын эффективдүү иштеши үчүн мамлекет тарабынан колдоо программаларын өркүндөтүү; республикадагы бардык жер тилкелерин кайрадан инветаризация жасоо, жер тилкесин максатсыз пайдалануу аракеттерди кескин токтотуу, катуу чара колдонуу; жарандар жашап жаткан дачаларга калктуу конуштар макамын берүү мыйзамын кайрадан иштеп чыгып ишке киргизүү;  жалпы энергия ресустар тартыштыгы, тамак-аш коопсуздугу боюнча ыкчам жана келерки чараларды кабыл алуу.