Иш чаранын кыскача мазмуну

Иш чараларды  ишке ашыруу жана аткаруу жолдору

Кошумча чаралардын мазмуну

1

Кыргыз Республикасынын мыйзам  актыларынын,  калктын маданий, руханий  салттуу баалуулуктарын сактоо жана  өркүндөтүү жаатындагы бекитилген ишчараларын колдоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитилген иш чараларынын аткарылуусун  көзөмөлдөө жана жакындан  жардам берүү

Өлкөнүн  аймагында болуп  жаткан  баардык  иш чараларга  укуктук жардам көрсөтүү. Уюштуруу иштерин колго алуу.  Тарых маданий мурастарын көзөмөлдөө жана Өкмөт тарабынан коргоого алуу. Манас ордо, Арстан баб, шах Фазиль, Бурханидин кылыч, токмок мунарасы, Өзгөн мунарасы, Ташрабат Сулайман тоо жана ушундай көптөгөн комплекс жайлар мазарларды иретүү пайдалануу

2

Кыргыз Республикасынын  аймагында материалдык эмес маданий мурастын элементтерин коргоо жана пайдалануу жаатында укуктук ченемдерди камсыздоо. 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитилген иш чараларынын аткарылуусун  көзөмөлдөө жана жакындан  жардам берүү, жалпы  калкка  жайылтуу боюнча  чараларды көрүү,  мектеп жашы жана ага чейинки мекемелерде элдик дастан жомоктор, оозэки чыгармаларды окутуу жана жайылтуу

Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурасынын элементтерин мүнөздөгөн, баарыдан мурда тили, элдик ырлары, обондору (күүлөрү);

үрп-адаттар - өзүнүн мазмуну боюнча бай этномаданий комплекс, мейкиндик-мезгилдик негизде  сакталган жана  адамдардын жамааттык тажрыйбасыны н формасы. Үрп-адаттар тийиштүү деңгээлде, адамзат турмушунун негизги учурларына; төрөлгөндөн сөөк коюу-эскерүү циклине чейин байланышкандыктан үстөмдүк кылуучу мааниге ээ;

ырым-жырымдар,  ритуалдык касиеттерге ээ болгон, адамдардын диний жана турмуштук көз караштарын жол-жоболоштурган руханий жана жашоо турмушунун бир бөлүгү болгондуктан аларга этияттык менен мамиле кылуу

 

3

Мамлекет аймагындагы баардык этностук  канфессиялардын улуттук баалуулуктарынын сакталышын  камсыз кылуу

Өлкө аймагындагы бардык улуттардын өздөрүнүн  үрп-адаттары, каада салты, ырым-жырымдары, диний ишенимдерине жараша маданиятын руханий ишенимин сактоону камсыздоо

Өлкө аймагындагы баардык  улуттар: Казак, өзбек,  түрк, орус, немис, татар, уйгур, дунган, карачай, балкар, курт, дагестан, чечен,  грузин, украин, кытай, европа улутундагылар, тажик, гагауз, корей жана чыгыш улутундагылар дагы көп улуттагы элдердин дин ишенимдери жана каада салтындагы руханий мурас баалуулуктарын, маданий эстетикалык салт санаасын сактоону камсыздоо жана көмөк көрсөтүү

4

Өлкө  аймагындагы баардык дин конфессияларынын,  руханий баалулуктарды  сактоо жана өлкөнүн биримдигин бекемдөө максатындагы иш аракеттерин колдоо

Өлкө  аймагындагы баардык  дин ишениминдеги конфессиялар (тыйюуу салынбаган болсо) ислам, христиан, православ, католик, иудей, буддизм, индуизм, дао, конфуци жана башкадин жамаатындагылардын мамлекетибиздин улутук маданиятына каршы келбеген учурда, аларга комок корсөтүү

Баардык  мечиттерде,  чиркөөлөрдө, сиүнагогдордо, сыйынуучу  жайлардагы диний ишенимдеги диний конфессия жамаатынын Кыргыз мамлекетине болгон мекенди таану, мекенди  сыйлоо, мекенге кызмат кылуу,  мекендин биримдигин камсыздоого салымын кошуу багытында  баардык мамлекеттик органдар менен бирге  белгиленген  тартипте иш чараларды көрүү

5

Калкыбыздын  улуттук каада  салт, үрп- адат , нарк-насилин колдоо жана сактоо боюнча иш аракеттерди жасоо

Кыргыз калкынын; Үлөнүү үлпөтүнөн баштап наристе күтүү, өмүр сүрүүндөгү үрп-адат, нарк насили, жамааттык карым катнаш каада салтын жана  этикалык маданиятын диний  жана руханий ишеним негиздерин колдоо

Улуттук каада  салт санааларга  бай, кылымдар боюу  сакталган үрп адаттарга  шайкеч, диний ишениминдеги тартиптерге ылыйык сакталып  келген этикалык жоролорду. Ырым жырымдарды,  салттуу  болгон  адеп ахлак кулк  мүнөздөрдү коргоо жана колдоо.  Мектептерде атайын сабактарды киргизүүнү караштыруу. Жогорку окуу  жайларда  атайын жолугушуу кечелерин уюштуруу

6

Өлкө аймагындагы баардык аймактардагы  тарых-маданий мурастарды коргоого алуу жана сактыгын камсыздоо

Мамлектеттик ыйгарым укугун  алган тарых музей кенсенелери имараттар жана жаратылыш объектилерин коргоо

Өлкөбүздүн бардык  аймагындагы тарых музей имараттары, жаратылышы касиетүү мазар жайлардын  улуттук баалуу тарых маданий мурас  комплекстерин жалпы  калкка жэткиликтүү шарттарды түзүү жана аларды  иретүү пайдалануу

7

“Манас” эпосунун жайылтышын  жана анын  руханий мурасын камсыздоо

Буга чейин уюштурулуп келаткан “Манас” айтууну дагы жогорку дэнгээлге улоо, уюштурууну өркүндөтүү

Мамлекеттик денгээлде уюштурулуп жаткан ошондой эле билим берүү тармагына киргизилген “Манас” таану програмасын өркүндөтүү, “Манас” эпосунун руханий дөөлөтүн, андагы сырдуу  дүйнө таанымын жалпыга таанытуу

8

Өлкөбүздүн  тамыр өзөгүн  түзгөн эпосторду, дастандарды, уламыштарды жалпыга жайылтуу жана түпкү руханий мазмунун жэткирүү

Улуттук эпос дастандар; Эр Төштүк, Курманбек,  Жаныш- Байыш, Эр Табылды, Жаңыл мырза, Багыш, Кожо жаш, Сарынжы Бөкөй, Олжобай менен Кишимжан, Кедейкан, Кыз Сайкал, жана ооз эки чыгармаларды колдоо менен  бирге  аларды  жалпыга маалымдоо

Мамлекеттик теле-радио каналдары. Интернет булактары, газет журналдарга жайгаштыруу аркылуу жалпыга маалымдоо. Ошондой эле билим берүү тармагында  иштеп  жаткан  программаларга  көмөк  көрсөтүү,  атайын  адистештирилген интернет булактарын ачуу, (көп учурда четэлдик мульфилимдерди көрүү менен убакыт өткөргөн наристе балдар, жаш өспүрүмдөр үчүн) тарбия тарабынан көз карашты калыптандыруу,