Урматтуу шайлоочулар!

 

Биздин өлкө маанилүү саясий окуялардын алдында турат. Баарыбыз түшүнүп тургандай, жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин бийлик тутумунда бир катар өзгөрүүлөр орун алды. Парламенттин ролу кыйла төмөндөп, парламентаризмдин өнүгүүсү мурдагыдай болбой калганы менен, парламент ар дайым өлкөнүн жашоосунда негизги ролду ойной берет. Маанилүү мыйзам долбоорлору парламентте жазылып, депутаттардын карамагынан өтөт. Андыктан, дал ушул парламент жарандарыбыздын көйгөйлөрү эл шайлаган депутаттар аркылуу угула турган аянтчага айланышы керек. Бул жолу өлкө кызыкчылыгын коргоого даяр болгон билимдүү жана кесипкөй жарандар парламентке келиши зарыл.

Урматтуу шайлоочулар, мен өз округумдун алдында турган курч көйгөйлөрдү чечүү үчүн парламентке бара жатам. Менин шайлоо алдындагы программамда конкреттүү маселелер жана багыттар камтылды. Программамдагы ар бир пункт бир гана Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы эмес, бүтүндөй республикалык масштабдагы маселелерди чечүүгө багытталат.

Программамдагы негизги тезистер:

Аймактык экономиканын өнүгүшү

Тоң жана Жети-Өгүз райондору эбегейсиз экономикалык потенциалга ээ. Эки райондун экономикасын өнүктүрүү үчүн ишкердикти өнүктүрүп, аларга бардык шарттары бар  жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү зарыл. Ал үчүн ишкерлерге жеткиликтүү жана төмөн пайыздык насыяларды берип, жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу үчүн чет элдик жана ички инвесторлорду тартуу керек. Мен бул милдеттерди  ишке ашыруу үчүн төмөндөгү багыттарды сунуштайм.

Туризмди өнүктүрүү

Тоң жана Жети-Өгүз райондору туристтик аймактар болуп саналат. Туризмди өнүктүрүү үчүн бул аймакта  бардык шарттар бар. Туристтерди кызыктырып, аларды тартууга түрткү бере турган инфраструктуралык туризм объектилерин куруу үчүн инвестицияларды тартуу зарыл. Эки аймак бирдей туристтердин сүйүктүү жайына айланышы керек.

Парламенттин депутаты катары менин демилгем менен эл аралык донорлор менен биргеликте туристтик борборлорду куруу боюнча келишимдер жетишилди. Анда тиешелүү инфраструктурасы бар туризмди өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Биз Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында лыжа базасынын курулушуна инвесторлорду тартабыз. Буга байланыштуу келишимдерди түзүп, долбоорду иштеп чыктык.

Ысык-Көлдүн түштүк жээгине бардык инфрастуктурасы бар этнокомплекс куруп, ага кошумча эл аралык стандарттагы ипподром салынат. Бул максатта мен республикалык бюджеттен каражат бөлдүрүп, ошондой эле инвесторлорду тартууга болгон күчүмдү жумшайм.

Айылдык туризмди өнүктүрүү зарыл. Ар бир айылда заманбап туристтик объектилерди курууга жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчү менен ишке ашырса болот. Аларды белгиленген мөөнөткө чейин салыктыктардан бошотуу керек. Мамлекет айыл туризмин өнүктүрүүгө дем бериши керек.

Боз үйдүн мекени болгон - Кызыл-Туу айылында устакана курулат. Бул устакана боз үйлөрдүн өндүрүшүн индустриалдык масштабга чыгарып,  кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга, өндүрүш кубаттуулугун жогорулатууга жана жумушчу орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Экология

Биз сүйүктүү Ысык-Көлүбүздү коргошубуз керек. Бул багытта мен “Ысык-Көлдү коргоо фондун” түзүүнү демилгелейм. Көпчүлүк учурда биз көлүбүздү кордоп, ага жапайы мамиле жасагандарын көрүп келебиз. Мен көлдү коргоо боюнча учурда көрүлүп жаткан чараларды жетишсиз деп эсептейм. Бул багытта жоопкерчилик менен көлүбүздүн жана анын айланасындагы жаратылышты сактоого аракет жасашыбыз керек. Экологиялык мыйзамдарды бузгандарга жоопкерчиликти күчөтүп, айлана -чөйрөнүн булгагандарга карата айып пулду олуттуу түрдө жогорулатуу зарыл деп эсептейм.

Сапаттуу медицина

Дүйнө элин түйшөлтөн COVID-19 пандемиясы биздин өлкөдөгү медицина тармагынын алсыздыгын жана өнүкпөгөндүгүн көрсөттү. Мамлекет калкты керектүү болгон дары-дармектер менен тийиштүү деңгээлде камсыздай алган жок. Мунун бардыгы кийин өлкө үчүн трагедияга айланды.

Медицина тармагында орун алган мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн биз алгылыктуу иштерди жасашыбыз керек:

- ар бир айылда алгачкы жардам көрсөткөн медициналык пункттарды ачуу керек;

- ар бир айылда мамлекеттик дарыканаларды ачуу зарыл;

-аймактык ооруканаларда  кичи диагностикалык лабораторияларды ачуу зарыл.

Райондук ооруканаларда керектүү жабдуулар менен толукталган заманбап диагностикалык борборлор жана лабораториялар ачылышы керек. Айыл тургундары ооруларын аныктоо үчүн алыскы райондордон жана калктуу конуштардан борбор шаарга чейин барбашы керек.

Айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү. Жеңилдетилген, күрөөсүз кредиттерди алуу

Жашылча сактоочу жана кайра иштетүүчү цехтери бар логистикалык борборлор Тоң жана Жети-Өгүз аймактарында курулат.

Асыл тукум чарбаларды жана ири сүт фермаларын өнүктүрүп, сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын өндүрүү үчүн пункттар ачылат.

Балык заводдорун жандандырып, Ысык-Көл форелинин мурдагы даңкын калыбына келтирүү жана эл аралык брендге айландуу аракеттери көрүлөт.

Дыйкандарга жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө жеңилдетилген төмөн пайыздык, узак мөөнөттүү жана күрөөсүз насыяларды берүү жолдорун издейм.

Жолдорду куруу жана оңдоп-түзөө, райондордо инфраструктураны өнүктүрүү

Биздин райондор үчүн олуттуу көйгөйлөр, бул аймактарды жана жолдорду жакшыртуу болуп саналат. Мен облустун борбордук көчөлөрүндө гана эмес, алыскы калктуу конуштарда да жолдорду оңдоого каржылык каражатты көбөйтүүгө чечкиндүү түрдө аракет кылам. Ошондой эле Балыкчы-Каракол жолунун бүтүшүн тездетүүгө жана Ысык-Көлдүн айланасындагы айланма жолдун салынышына аракет кылам.

Ысык-Көлдүн түштүк жээгин айланып өтүүчү веложолдун курулушуна инвесторлорду издейм. Бул долбоор дагы туристтерди тартууга түрткү берет.

Калктын таза ичүүчү сууга жетүүсүн камсыздоо

Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун айылдарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси бар. Бул маселе 30 жылдан бери чечилбей келе жатат. Бул көйгөйдү чечүүгө аракетимди жумшайм. Ал үчүн бюджеттен жана донорлор аркылуу каржылоо маселесин чечүү аракетин көрөм.

Билим берүү жана мугалимдердин көйгөйлөрү

Мугалимдин үй -бүлөсүндө төрөлгөн адам катары мен үчүн эң башкы көйгөйлөрдүн бири - билим. Билим берүү системасынын көйгөйлөрүн көрүп, түшүнүп турам. Билим берүү жеткиликтүү жана сапаттуу болууга тийиш.