• Билимдүүгө дүйнө – жарык!

Урматтуу мекендеш, кадырман шайлоочу!

         Мен, Назгүл Жолдошева, Жаштар парламентин көп жылдар жетектеп жүрүп, Кыргызстан жаштар арасындагы бардык проблемалар менен бет келген инсан катары, эң актуалдуу маселелердин бири деп билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү эсептейм. Бул көйгөй өлкөнүн бардык булуң-бурчунда, анын ичинде Бишкек шаарынын Свердлов районунда да өзгөчө мааниге ээ:

 

  • Бала бакчалардын жетишсиздиги

Өлкөдө 3-6 жаштагы балдардын 36% гана мектепке чейинки билим берүү мекемесине барат. Иштеп жаткан бала бакчаларда өз нормасынан 28 миң бала ашып кеткен (факт - 196 миң / норма - 168 миң). 28 миң бала үчүн 280 орундуу 100 бала бакча талап кылынат. Ошондой эле 60-80 балага 1 тарбиячы туура келет. Свердлов районунда 100 000 калкка 17 гана муниципалдык бала бакча иштейт. Бул өтө төмөн көрсөткүч!

Эске алуучу жагдай! Мектепке чейинки курак экономикалык жактан кайтарымы эң жогору болгон курак. 1 АКШ долларын түзгөн инвестиция 6-8 АКШ доллар өлчөмүндө кайтарым берет. Балдардын эрте өнүгүү мезгили (анын ичинде эненин кош бойлуу кезинен  6 жашка чейинки мезгил) өтө маанилүү.

 

  • Мектептердин жетишсиздиги

Бишкек шаарында 97 мамлекеттик мектеп 75 миң мектеп окуучусуна ылайыкталганы менен, бүгүнкү күндө 150 миң мектеп окуучу окуйт. Ошол себептен бир класста 45-50 окуучу окуйт. Бул болсо мугалимдин сапаттуу билим берүүсүнө тоскоолдук жараткан негизги маселе, анткени бир сабакта 45-50 бала менен иштөө дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми Свердлов районунда болгону 29 эле мектеп бар. Мектеп курбасак түрмө курабыз. Бул менин аргасыздан айткан сөзүм.

 

  • Англис тилинин актуалдуулугу!

Жаштарыбыздын дүйнө менен, тактап айтканда башка өлкөлөрдөгү өз теңтуштары менен атаандаша алышы үчүн мектептен англис тилин мыкты билип чыгышы керек. Англис тилин 1-класстан 11-класска чейин окутуп келгенибиз менен мектепти аяктаганда жөнөкөй өзү тууралуу англисче айтып бере албаганы англис тилин үйрөтүү методикабызда проблема бар экендигин көрсөтөт.

 

  • Мугалимдердин кейиштүү абалы

Мугалимдин статусу төмөн болгон өлкөлөрдө мугалимдин сапаты жана мектептерди жакшыртуу боюнча иш-чаралар көпчүлүк күткөндөй жакшы натыйжа бербейт. Ооба, мектептин деңгээли эч качан мугалимдин деңгээлинен жогору болбойт. Мында “Кадрлар баарын чечет” сөзү актуалдуу. Килейген имараттар же акыркы технология менен жабдылган класстар мугалимсиз ийгилик алып келбейт!

 

  • Жаштар арасындагы жумушсуздук

Бүгүнкү күндө өлкөдө жогорку билимдүү деп саналган жаштарыбыз, алардын арасында юрист, экономист адистиги боюнча дипломго ээ болуп, жумушсуз жүргөндөр, өз өлкөсүн таштап, мигрант болуп тышка чыгып кеткен жаштароыбыз аябагандай көп. Демек, бизге өз кызыгуусуна жараша адистик тандаган, замандын талабына жараша зарыл болгон кесипти аркалаган жаштар керек болуп жүрбөсүн!?

 

  • Көйгөйлөрдү аныктадык, эми аларды кантип чечебиз?
  • 2-3 жылда тийиштүү сандагы бала бакча курулушу мүмкүн эмес. Бирок бала бакча жетишсиздиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, ваучердик каржылоо аркылуу жана өз потенциалынан аз окуучу окуткан мектептердин кээ бир бөлмөлөрүн бала бакча катары иштетүү аркылуу чечүү мүмкүн. Ошондуктан ваучердик(жан башына) каржылоо системасын киргизүү менен жеке менчик бала бакчанын бир бөлүгүн мамлекет, бир бөлүгүн болсо ата-эне төлөө аркылуу каржылоого болот. Бул сөзсүз жасалышы керек болгон маселе!!!
  • Замандын талабына жооп бере турган мектеп курулушун жогорку бийликтен да, мэриядан да талап кыламын! Мектептерди куруу, аларды заманбап жабдыктар менен жабдып камсыз кылуу – учурдун талабы! Билим жаатында тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, жаңы мыйзам долбоорлорун демилгелөө менен инвестиция тартууга билимим да, тажрыйбам да, энергиям да жетет.
  • Англис тилдүү волонтёрлорду тартабыз. Аларды ар бир мектепке тартуу – негизги максаттарыбыздын бири. Эне тили англисче болгондордон англисче натыйжалуу үйрөнүүгө болот.
  • Мугалимдердин статусун көтөрүү үчүн болгон аракетти жасайбыз. Аны үчүн мугалимдин айлыгын көтөрүүнү аткаруу бийлигинен талап кылабыз!
  • Жаштар арасындагы жумушсуздукту жоюу үчүн кыска мөөнөттүк курстарды уюштурабыз. Кесиптик техникалык лицей-колледждерди жайылтып, жаштарды эмгек рыногуна керектүү кесиптерге үйрөтүү замандын талабы. Бизнес сектор менен тыгыз иштешүү аркылуу эрте жаштан реалдуу секторго аралашууга өбөлгө болот. Анын ичинде IT программисттерди 6-12 айлык курстарга окутабыз. Элет жериндеги жаштарга жеткиликтүү кылуу максатыбыз. Жаштар арасында жумушсуздук ПТУ аркылуу чечилет деп ишенем.
  • Дүйнөнүн ТОП 100 университетине өткөн студенттерге мамлекеттик стипендия берүүнү колго алабыз. Ал үчүн кайтып келип, мамлекетке иштеп берүү шарты коюлат.
  • Кыргызстандагы Жогорку Окуу Жайлардын (ЖОЖ) эффективдүүлүгүн университетти бүтүргөн бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуусу менен өлчөгөн система киргизебиз. ЖОЖдорду реформалоонун дагы бир жолу ректор жана окутуучулардын ишмердүүлүгүн студенттер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо аркылуу бааланышы керек. Ректорду шайлоодо студенттердин добушу да эске алынышы керек. Ректордун иши ЖОЖго тарткан инвестиция(грант) менен да өлчөө керек.
  • ЖОЖдордогу профессордук составды эл аралык журналдарда чыккан макаласына карап баалоо. ЖОЖдогу коррупцияны мугалимдердин айлыгын көбөйтүү менен чечүүнү сунуштайм. Университетте иштөө үчүн критерийлер жаңыланат. Англисче билүү шарты коюлат (IBT 90). Кыргызстандагы мамлекеттик ЖОЖдордун бюджетинин 70% контракттан (30% мамлекеттик бюджеттен) түшкөндүктөн, аларга чарбалык иштерди жүргүзүүдө эркиндик берүү зарыл. Ошентип ЖОЖдорго финансылык жана академиялык эркиндик берилет.

 

             Урматтуу шайлоочу! Менин программамдын өзөгүн Кыргызстанда билим берүү системасын жакшыртуу менен өлкөнүн бүтүндөй социалдык-экономикалык абалына оң таасир этүү болуп саналат. “Билимдүүгө дүйнө жарык” демекчи, бүгүнкү күндө татыктуу жана керектүү билим алуу – учурдун эң негизги талабы. Мен “жол салып берем, көпүрө куруп берем” деген куру убадалардан алысмын, мен жөн гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинини депутаттыгына талапкер айым катары, эл үчүн, жер үчүн болгон күч-аракетимди, алган билим-тажрыйбамды жумшайм жана ак иштеп берем деп ишендирип кете алам.

             Негизгиси, тандоодон жаңылбаңыз!