«Аруузат – Эл куту» саясий партиясынын

ПРОГРАММАСЫНЫН НЕГИЗГИ ТЕЗИСТЕРИ

Партиянын лозунгу: "Өзүбүздү сактайлы, үй-бүлөбүздү коргойлу, Кыргызстанды өнүктүрөлү"

Өзүбүздү карап, үй-бүлөбүздү сактап,, Кыргызстанды алдыга жылдыралы, - деген сөздү Мекенибиздин ар бир аймагында, ар бир үй-бүлөдө, ар бир үйдө уккусу келет. Бул сөз – «Аруузат – Эл куту партиясы» саясий партиясынын девизи.

Үй-бүлө: Үй-бүлө институту учурда кризис абалында. Үй-бүлөнү – идеологиялык, материалдык жана рухий жактан колдоого алган туруктуу социалдык процесстер пайда болду.  Үй-бүлөдөн сырткары жашоого – идеологиялык, материалдык жана руханий тараптан – дем берип турган туруктуу социалдык процесстер пайда болду.. Көп балалуу үй-бүлө жакырчылыктын синоними болуп калды.

  • Биз, үй-бүлө институтун бекемдөө бир гана мамлекеттин жана коомчулуктун эле иши эмес, кыргыз улутунун бириктирүүчү жана туруктуу улантуучу стратегиясы болушу керек деп эсептейбиз.  

         Балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо экономикалык механизмдин өзөгүн түзүүгө тийиш. Биз ар бир үй-бүлөнүн биргелешип тапкан чыныгы кирешеси үй-үлөдө балдардын төрөлүшү менен бирге көбөйгөндөй шарттарга жетишебиз!

Жаштар: Жаштарга кам көрбөгөн мамлекеттин келечеги жок. Жаштар – биздин негизги инновациялык потенциалыбыз.

         Бүгүнкү күндө жаш болуу оңой эмес. Акы төлөп билим алуу, жумушка орношуудагы кыйынчылыктар, жеке турак-жайдын жоктугу – бул көйгөйлөргө Кыргызстандагы жаштардын көпчүлүгү туш болууда.

         Зарыл:

  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге батир сатып алуу үчүн тиешелүү жеңилдиктери бар пайызсыз кредит берүү.
  • «Жаш үй-бүлө» мамлекеттик программасын түзүү жана ишке ашыруу. Жарандарды турак-жай менен камсыз кылууда жана турак-жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөдө мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
  • Жаш үй-бүлөлөр үчүн социалдык турак жайларды куруунун масштабдарын көбөйтүү.
  • Тарыхый-маданий, этномаданий коомдорду жана балдар менен жаштардын уюмдарын, жаштардын маданий, спорттук жана экологиялык туризимин өнүктүрүү.
  • Билим берүү: Азыркы учурда коомдун билим берүү ресурстарына жарандардын бирдей мүмкүнчүлүктөрү жоктугу жана бирдей жеткиликтүүлүгү эместиги өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Аз камсыз болгон жана көйгөйлүү үй-бүлөлөрдөн келген студенттерге социалдык колдоо көрсөтүү системасы дээрлик жок.
  • Жалпы улуттук тестирлөө (ЖРТ) ыктыярдуу түрдө тапшырышсын. Мектеп бүтүрүүчүлөрүн аттестациялоонун жана ЖОЖго кирүү экзаменинин универсалдуу формасы катары ЖРТны жоюу (билим берүүнүн сапаты эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилгенге чейин).
  • Айыл мектептеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн атайын квоталарды жана жеңилдиктер тутумун киргизүү аркылуу ЖОЖдорго өтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
  • ЖОЖдордо бюджеттик орундардын санын көбөйтүү.
  • Жаш адистерди, мугалимдерди, илимий-педагогикалык кызматкерлерди социалдык турак жай менен камсыз кылуу боюнча чыныгы мамлекеттик программаны кабыл алуу.

         Андан ары партиянын программасынын толук форматында үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, саламаттыкты сактоо, инвалиддерди колдоо, экономика, индустриалдык демократия, интелектуалдык лидерлик, экология, айыл чарба жана юстиция маселелери каралган.