«Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын шайлоо алдындагы программасы

Урматтуу кыргызстандыктар!

Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгон убактан тартып, отуз жыл бою, мамлекетти жетектөө кезеги шайлоо же элдик төңкөрүш аркылуу алмашылып келди. Улам кийинкисинде карама-каршы позициядагы саясий күчтөр бийликке ээ болуп, кадрдык жаңылануу бийликтин бардык баскычтарында барган сайын күч алып отурду, мамлекеттик бийликти жүргүзүү салтындагы үзгүлтүксүздүк (переемственность) принциби солгундады, эл күткөн тартип, баалуулуктар жана прогресс байкалган жок. Ошону менен бирге, коомдун оң өзгөрүүлөргө болгон чечкиндүү суроо-талаптары өз күчүн жоготпогон бойдон кала берди.

Дүйнө ыкчам өзгөрүүлөргө учурап, андан келип чыккан татаал чакырыктар Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү үчүн коркунучтарды жаратып жаткан учурда жаңы демилгелер менен чечимдердин кабыл алынышы жана алардын кечиктирилбей жүзөгө ашырылышы талап кылынууда.

«Улуттар биримдиги» элдик партиясы Кыргызстандын ырааттуу жана максаттуу өнүгүшүн көздөйт. Биздин партия дайыма көптөгөн мекендештерибиздин олуттуу колдоосуна ээ болуп, жеңишке жетишип келди. Анын негизги себептеринин бири – биз куру убадаларды бербей, жеке кызыкчылыктардан улут кызыкчылыктарын жогору коюп,  өзүбүздүн принциптерибиз менен баалуулуктарыбызды туруктуу сактап, жарандарыбыздын жашоосун жакшыртуу жолунда талбай эмгектенип келдик.

Партиянын лидери Мелисбек Жоошбаевич Мырзакматовдун Ош шаарын эң кыйын тарыхый мезгилде жетектеп турган убагындагы кандуу окуяларды алдын алуу, элдин ынтымагын бекемдөө, шаарды калыбына келтирүү, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу шаарды жаңыдан жандандыруу боюнча ак эмгектерине, иш жүзүндө көрсөткөн натыйжалуу башкаруучулук жана чарбакерлик сапаттарына эл түздөн-түз күбө болду.

«Улуттар биримдиги» элдик партиясы учурунда көрсөтүлгөн саясий куугунтукка жана кысымга карабай, ийгиликтүү тажрыйба топтоп, таза, кесипкөй, эрктүү жана жаратман команда түзө алды. Партия тарабынан иштелип чыккан «Ырааттуу өзгөрүүлөр аркылуу туруктуу өнүгүүгө» аттуу программасында бекитилген принциптерди бекем карманып, анда көрсөтүлгөн максаттарга жетишүү аркылуу чыныгы элдик бийликтин негиздерин бекемдеп, Кыргызстан элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоо жана чыңдоо үчүн майтарылбас эркти көрсөтүү – «Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын мекенге кызмат кылуу үчүн аттанган жолу жана ар бир кыргызстандыктын тандоосу деп ишенебиз!

ЫРААТТУУ ӨЗГӨРҮҮЛӨР АРКЫЛУУ ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮГӨ

«Улуттар биримдиги» элдик партиясынын негизги баалуулуктары:

  • Мекенди сүйүү;
  • Прогрессчил салттар;
  • Адам, анын ар-намысы жана кадыр-баркы;
  • Эркиндик;
  • Мыйзам үстөмдүгү;
  • Укуктук тартип;
  • Адилеттүүлүк;
  • Тең укуктуулук.

«Улуттар биримдиги» элдик партиясынын негизги принциптери:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо;
  • Ар кандай шартта өлкө кызыкчылыгын жогору коюу;
  • Салттуулук менен жаңычылдыкты айкаштыруу;
  • Ар бир адамдын ар-намысын жана укуктарын урматтоо;
  • Ачык-айкын ишмердүүлүк;
  • Шайлоо учурунда административдик ресурсту колдонууну, добуштарды сатып алууну, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоону жана башка мыйзам бузууларын болтурбоо;
  • Шайлоочулар алдында отчеттуулук.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө жана өкүлчүлүк функци­яларын жүзөгө ашыруу боюнча «Улуттар биримдиги» Элдик партиясынын негизги максаттары:

Улуттук коопсуздук

  1. Инсандын укуктарынын жана эркиндиктеринин, коомдун материалдык жана руханий баалуулуктарынын, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнүн, эгемендүүлүгүнүн коопсуздугун, аймактык кол тийбестигин жана бүтүндүгүн камсыз кылуу;
  2. Жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылууга багытталган саясий, экономикалык, социалдык, саламаттык сактоо, аскердик жана укуктук чаралардын комплексин жүргүзүү;
  3. Чек арага байланышкан бардык маселелерди тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүү;
  4. Улуттук коопсуздук жана чек ара коопсуздугу боюнча концепцияларды кайрадан иштеп чыгуу;
  5. Улуттук коопсуздук боюнча кадрларды даярдоочу мамлекеттик институтту түзүү.

Кыргызстан элинин улуттук биримдиги

  1. Аң-сезимдүү атуулдукту калыптандыруу жана атуулдук тилектештикти бекемдөө;
  2. Социалдык теңсиздикти жана коом ичиндеги ажырымдарды жоюу;
  3. Этностор жана диндер аралык ынтымакты бекемдөө;
  4. Аймактык, этностук жана уруу-уруктук бөлүнүүчүлүктү жоюу;
  5. Мамлекеттик тилди этностор аралык баарлашуу тили катары өнүктүрүү жана анын консолидациялык ролун күчөтүү;
  6. Улуттук асыл нарк-дөөлөттөрдү, салт-санааны сактоо жана өнүктүрүү;
  7. Боордош элдер менен алака-мамилени өнүктүрүү.

Мыйзам үстөмдүгү жана укуктук тартип

  1. Бардык жарандардын мыйзам алдында теңчилигин камсыздоо;
  2. Жазык жоопкерчилигинин болбой койбостук принцибин камсыздоо;
  3. Көз карандысыз, адилеттүү, таза жана ачык-айкын сот системасын калыптандыруу;
  4. Уюшкан кылмыштуулукка жана баңгизатка каршы элдешкис күрөш жүргүзүү;
  5. Диний радикалдашуу менен экстремизмге каршы адам укуктарын сактоонун негизинде эффективдүү күрөшүү;
  6. Укук коргоо органдарын мамлекетти коргоодон алардын негизги милдетине - жарандарды коргоого жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүгө кайтаруу;
  7. «Коопсуз шаар» долбоорунун кылмыштуулукту алдын алуудагы эффективдүүлүгүн жогорулатуу;
  8. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин максималдуу социалдык пакет жана керектүү материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыздоо, бюрократияны кескин кыскартуу;
  9. Коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргүзүү.

Адам укуктары жана эркиндиктери

  1. Сөз эркиндигин жана бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын көз карандысыздыгын камсыздоо;
  2. Адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын жана эффективдүү корголушун ишке ашыруу;
  3. Улуттук мыйзамдарды адам укуктары жаатындагы эл аралык укук стандарттарына шайкеш келтирүү;
  4. Акыйкатчы институтунун толук көз карандысыздыгын камсыздоо;
  5. Инклюзивдүүлүк принцибин коомдун жашоосунун баардык тармактарында колдоо;
  6. Майыптуулугу бар жарандардын билим алуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
  7. Эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.

Заманбап жана кесипкөй мамлекеттик аппарат

  1. Мамлекеттик башкаруунун эффективдүү системасын түзүү;
  2. Мамлекеттик органдардын жарандык коом алдында отчеттуулугун күчөтүү;
  3. Мамлекеттик аппаратты кыскартуу жана анын ачык-айкын иштөөсүн камсыз кылуу;
  4. Мамлекеттик аппаратта кесипкөй адистердин татыктуу айлык акы алып иштөөсүн камсыздоо;
  5. Мамлекеттик органдардагы бюрократияны кескин кыскартуу;
  6. Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин ролун күчөтүү;
  7. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү аркылуу жарандардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Экономика

  1. Эффективдүү жана ырааттуу экономикалык өнүгүү шарттарын түзүү: оор жана жеңил өнөр жайдын, айыл чарбасынын бардык тармактарын жандандыруу жана үзгүлтүксүз өнүгүү жолуна коюу;
  2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу жана өнүктүрүү;
  3. Күйүүчү май, дары-дармек, дан азыктары, алкоголдук жана тамеки продукциясын өндүрүүгө, импорттоого, сатууга жана экспорттоого мамлекеттик монополияны киргизүү;
  4. Туризм системасын приоритеттүү тармак катары өнүктүрүүдө рынок талабына шайкеш жана максаттуу иш алып баруу;
  5. Калктын экономикалык активдүүлүгүн колдоо, жумуш орундарын түзүү жана мигрант мекендештердин өз үйлөрүнө кайтып келиши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
  6. Минималдуу салыктар – мамлекеттик аппараттын минималдуу чыгашалары принцибин киргизүү;
  7. Ишкерликти жасалма бөгөттөрдү жоюу жана атаандаштыкты колдоо аркылуу өнүктүрүү;
  8. Бизнес Акыйкатчы институтун бекемдөө;
  9. Аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде кыргыз өнөр жай жана айыл чарба продукцияларынын, ошондой эле, кызмат секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн пайда кылуу;
  10. ЕАЭБ алкагында адилеттүү жана тең укуктуу өнөктөштүккө жетишүү.

Билим берүү жана илим

  1. Билим берүүнүн мазмунун заман талаптарына ылайык жаңылап, инновациялык жана креативдүү өзгөрүүлөрдү алып келүү;
  2. Билим берүүгө ишкерлик, эмгек, финансылык сабаттуулук, сынчыл, креативдүү жана логикалык ой-жүгүртүү, медиа сабаттуулук, дин таануу, саясат таануу, дүйнө маданияттарын таануу жана санарип жөндөмдөрүн окутууну киргизүү;
  3. Жогорку окуу жайлардын илимий-техникалык базасын толугу менен модернизациялоо;
  4. Билим берүүнүн бардык түрлөрүн камсыз кылуу менен, жарандарга өз жөндөмдөрүнө жана каалоолоруна ылайык кесип тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
  5. Кесиптик-техникалык билим берүүнү жайылтуу жана өнүктүрүү;
  6. Англис тилдүү окутууну жайылтуу аркылуу билим берүү секторунун экспорттук потенциалын өстүрүү жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
  7. Сапаттуу билим берүүнү бардык жаштар жана социалдык катмарлар үчүн ыңгайлаштыруу;
  8. Инклюзивдүү билим жана тарбия берүүнү иш жүзүнө ашыруу;
  9. Майыптуулугу бар балдардын билим алуусу үчүн ыңгайлаштырылган шарттарды түзүү;
  10. Мамлекеттик бала-бакчалар менен мектептердин талапка ылайык салынышын камсыз кылуу;
  11. Мамлекеттик тилди жана чет тилдерди окутуунун эффективдүүлүгү менен натыйжалуулугун жогорулатуу;
  12. Мугалимдерди жеңилдетилген шарттардын негизинде турак-жай менен камсыздандыруу жана коммуналдык төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди берүү;
  13. Илимий изилдөөлөрдүн жана ачылыштардын мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоого алынышын жолго коюу;
  14. Илимий изилдөөлөрдү пландоо жана жүргүзүүдө өлкө үчүн приоритеттүү (артыкчылыктуу) багыттарды аныктоо, аларды ишке ашыруунун дайыма мамлекеттик көзөмөл алдында болушун камсыздоо;
  15. Илимдин бардык тармактарында фундаменталдык жана прикладдык багыттардагы изилдөөлөрдүн шайма-шай иштелиши үчүн кам көрүү;
  16. Илим изилдөө мекемелеринде кысыр, кайталанган, жасалма, теориялык жана практикалык мааниси жок темалардын иштелишине бөгөт коюу, ошондой эле, окумуштуулук даража жана наамдарды ыйгарууда орун алып келе жаткан мыйзамсыздыктарды түп тамырынан жоюу.

Саламаттыкты сактоо

  1. Мамлекет тарабынан кепилденген медициналык жардамдын сапатын арттыруу жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
  2. Коомдук саламаттык сактоо тармагын системдүү түрдө реформалоо, ооруларды баштапкы медициналык деңгээлде алдын алууга багытталган программалардын приоритеттүүлүгүн жогорулатуу;
  3. Калктын саламаттыгын коргоодо жергиликтуу мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүү;
  4. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын муктаждыктарына ылайык, жогорку жана орто медициналык билим берүү мекемелеринин ишин жөнгө салуунун жаны механизмин иштеп чыгуу;
  5. Бийик тоолуу жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо тармагында кызмат кылган жаш адистерди колдоо жана аларга жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү шарттарды түзүүнү милдеттендирген тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
  6. Мамлекет тарабынан калкты медициналык камсыздандырууну 100%га жеткирүү;
  7. Медициналык кызматкерлер үчүн жеңилдетилген жана акысыз медициналык жардамдарды алууга (анын ичинде жогорку технологиялуу), мүмкүнчүлүк бере турган атайын социалдык пакетти иштеп чыгуу;
  8. Вакцинациянын ыктыярдуулугун кепилдөө жана аны мажбурлап жүргүзүүгө жол бербөө;
  9. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө заманбап инновациялык технологияларды өнүктүрүү, санариптик саламаттык сактоону турмушка ашыруу жагын тездетүү, анын арасында телемедицина ыкмасын саламаттык сактоонун бардык денгээлдеринде киргизүү;
  10. Медицина кызматкерлерин жеңилдетилген шарттардын негизинде турак-жай менен камсыздандыруу жана коммуналдык төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди берүү.

Айыл чарба

  1. Блокчейн технологиясына негизделген улуттук органикалык стандартты иштеп чыгуу;
  2. Импорттолуп келинген айыл чарба продукцияларынын сапатын катуу көзөмөлдөө;
  3. Органикалык азык зат өндүрүү демилгелерин колдоо жана анын ылдам өнүгүүсү үчүн шарт түзүү;
  4. Аарычылык жана табигий азык заттарды өндүрүүнү жолго коюу;
  5. Заманбап технологияларды пайдалануу менен үрөнчүлүк чарбасын жандандыруу;
  6. Дыйкан чарбаларын ирилештирүү жана дыйкан чарбаларынын аймактарында оңой курулуучу үйлөрдү тургузууга уруксат берүү;
  7. Ветеринардык кызмат системасын күч алдыруу жана зоотехния, зооинженерия иштерин жаңыча жолго кою;
  8. Кыргыз жеринин экосистемасына ылайык мал түрлөрүн өстүрүүгө өзгөчө маани берүү;
  9. Суугат жана кайрак жерлерди, жайыттарды туура пайдалануунун негиздерин иштеп чыгуу.

Экология

  1. Ири шаарларды каптаган кара түтүнгө каршы чаралар:
  • Аймактардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өлкө боюнча жалпы жашылдандыруунун көлөмүн жана сапатын арттыруу;
  • Бардык жаңы конуштарды газ жана таза суу менен туруктуу камсыз кылуу;
  • Дүйнөлүк алдынкы технологияларды колдонуу менен таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу;
  • Ири заводдордон зыяндуу заттарды чыгуусун катуу көзөмөлдөө;
  • Борбор калаанын тоо этектериндеги райондордо шамал жолун тоспоо үчүн бийик имараттардын курулушуна жол бербөө;
  • Өлкө боюнча чакан ГЭСтердин каскаддарын куруу;
  1. Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлдү таза сактоонун чараларын иштеп чыгуу;
  2. Жарандардын жана компаниялардын экологиялык жоопкерчилиги жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун даярдоо;
  3. Экологиялык жактан зыян келтирүучү аракеттерди видеого тартып документтештирген жарандарга сый акы төлөөнү киргизүү;
  4. Өлкөгө пестициддерди, инсектициддерди жана башка уулуу химикаттарды алып кирүү жана аларды колдонуу жагын катуу көзөмөлгө алуу.

Инвестициялар

  1. Мамлекеттин кепилдиги менен келген инвестицияларды кыскартуу менен чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартууга басым жасоо;
  2. Өлкөгө инвестиция тартуу үчүн эл аралык рейтинг агенттиктери тарабынан кабыл алынган өлкөлөрдү баалоочу индикаторлорду жөнөкөйлөтүү менен ички жана тышкы инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүү;
  3. Инвесторлордун бардык керектүү уруксаттык документтерди ылдам жана жеңил алуусу үчүн бирдиктүү терезе түзүү жана коррупцияга жол бербөө максатында мекеме жетекчилеринин инвесторлор менен жеке жолугушуусуна тыюу салуу;
  4. Криптовалютага инвестиция тартуу үчүн бул сектордун бардык катышуучуларын 10 жылга салыктан бошотуу;
  5. Инвестицияларды коргоо боюнча каскаддык мыйзамдарды кабыл алуу.

Банк сектору

  1. Акча каражатынын кирүүсү үчүн белгиленген айлык босогону алып салуу;
  2. Өлкөнүн экономикасынын приоритеттүү тармактарындагы фермерлерге жана ишкерлерге арзан жана көп жылдык акча каражатын берүү;
  3. Банк секторунун сергек атаандаштыкка муктаждыгына жараша Улуттук банк тарабынан эл аралык банктарга лицензия берүүнү талап кылуу;
  4. Дыйкандарга айыл чарба техникасын лизингге нөлдүк ставка менен берүү;
  5. Өлкөдө криптовалюта операцияларын жөнгө салуу үчүн Кыргызстандын мамлекеттик санарип банкын түзүү.

Инновация жана Технологиялар

  1. Блокчейн технологиясын өлкөнүн бардык тармактарына киргизүү;
  2. Өлкөдө маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө аутсорсинг кызматын өнүктүрүү;
  3. Мамлекеттик мекемелерди санариптештирүү максатында маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик компания түзүү;
  4. Мамлекеттик мекемелерди чет элдик компаниялар тарабынан санариптештирүүгө жол бербөө;
  5. Өлкөнүн жеке өзүнө гана таандык киберкоопсуздук системаларды түзүү жана тынымсыз өнүктүрүү.

Биз, «Улуттар Биримдиги» элдик партиясы, намыс жана тартипти туу тутуп, ырааттуу өзгөрүүлөр аркылуу эркин коомдун ар бир мүчөсү үчүн кызмат кылуучу укуктук мамлекетти түптөөнү көздөөдөбүз; аны туруктуу экономикалык жана маданий өнүгүү жолуна багыттоо үчүн бардык күчүбүздү жумшоого даярбыз; программабызда жазылган максат-мүдөөлөрүбүзгө жетүүнүн даңгыр жолун жаратман лидердин креативдүү, кесипкөй командасынын талыкпас ишмердиги аркылуу жана ар бир кыргызстандыктын бизге болгон ишенимине таянуу менен куруу үчүн аттануудабыз!