Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

Президенттикке талапкер Мадумаровдун А.К. Шайлоо алдындагы программасы

 

МАКСАТТАРЫ:

  • - толук кандуу мамлекетти куруу;
  • - социалдык адилеттүүлүктү жана жарандардын жыргалчылыгын камсыз кылуу!

ПРИНЦИПТЕР:

  • бийлик күчтүү болушу керек, бирок көзөмөлгө алынып, эл ишенимине ээ болушу керек;
  • бийлик кимдир бирөөлөргө эмес, элге кызмат кылышы керек;
  • мыйзамдын улуулугу жана диктатурасы, бийликтин жана коомдун ишин айкалыштырбастан туруп, колдогу күчтөрдү жана каражаттарды мобилизациялабай, ойлонуп чечкиндүү, мүмкүн популярдуу эмес, бирок жоопкерчиликтүү иш-аракеттерсиз максатты ишке ашыруу мүмкүн эмес.

ЖАКЫНКЫ КАДАМДАР:

Өлкөнү Конституциялык талаага кайра кайтаруу. Бул үчүн:

Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен кабыл алынган бардык ченемдик укуктук актыларды жокко чыгаруу. Жогорку Кеңештин                7-чи чакырылышынын депутаттына  тезинен кайталап шайлоо өткөрүү.

КЕЛЕЧЕКТҮҮ МИЛДЕТТЕР.

Президенттин конституциялык ыйгарым укуктарынын чектелгендигине байланыштуу, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелердин чечилишин эске алуу менен, биз төмөндө саналып өткөн милдеттерди жүзөгө ашырууга көмөктөшөбүз:

Мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун кыска жана натыйжалуу структурасын түзүү.

Президент менен Парламенттин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Туруктуу улуттук экономиканы камсыз кылуу. Жеке бизнести реалдуу колдоо, так инвестициялык жана салык саясатын киргизүү, өлкөдөгү инвестицияларды жана бизнести ишенимдүү коргоо.

Жарандардын саламаттыгын төрөлгөн күндөн баштап эле эмес, эненин кош бойлуу этабынан тарта жана карылыкка чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген толук кандуу саламаттык сактоо тутумун түзүү.

Бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысынын туруктуу өсүшүн, ошондой эле жарандардын айрым категорияларына жөлөкпулдардын көлөмүнүн көбөйүшүн камсыз кылуу, майыптарга, камкорчусунан айрылган балдарга жардам берүү.

Жамааттык тармактарга, дыйкан чарбаларына, агро-өнөр жай бирикмелерине каржылык колдоо көрсөтүү.

Туризмди өнүктүрүү, бул тармакка инвестициялардын келиши үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Кылмышкерлердин бийликке келишин алдын алуу, терроризм жана анын идеяларын жайылтууга бөгөт коюлат.

Соттордун көзкарандысыздыгын камсыз кылган шартта мүмкүн болгон сот чечимдеринин акыйкаттыгын жана сапатын камсыз кылуу боюнча чараларды колдоо.

Прокуратура органдарына Конституциянын сакталышына жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү тапшырылсын. Кызмат адамдарынын кылмыштары боюнча кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштү (аскер прокуратурасынан башка) прокуратуранын ыйгарым укуктарынан алып салуу ката деп эсептейбиз.

Бардык пенсиялык төлөмдөрдү милдеттүү түрдө жыл сайын алдын-ала индексациялоону камсыз кылуу; бийлик тарабынан жокко чыгарылган ардактуу пенсионерлерге каралган жеңилдиктерди кайра кайтаруу.

Жаштарга мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, бийликтин бардык тепкичтерине жана бийликтин бардык чөйрөлөрүнө эффективдүү көтөрүлүүсү үчүн шарт түзүү.

Заманбап, мобилдүү, жакшы куралданган жана айлыгы мыкты армиясыз улуттук коопсуздукка жетишүүгө болбойт. Мамлекет армия алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү.

Чыгармачыл жашоо чөйрөсүнө колдоо көрсөтүү.

Көп улуттуу өлкө, толеранттуулук жана ар кандай элдерди жана маданияттарды камтый билүү биздин мекендештерге ар дайым мүнөздүү. Өлкөнүн бийлиги жана саясатчылары улуттар аралык ынтымакты сактоо үчүн тарыхый жоопкерчиликти алуусу абзел.