Исаев Канатбек Кедейканович

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер

Канатбек Кедейканович Исаевдин шайлоо алдындагы программасы.

 

 БИЗДИН МАМЛЕКЕТИБИЗДИН НЕГИЗГИ БАЙЛЫГЫ – ЭЛИБИЗ!

 

  1. I. СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК БЛОК
  2. 1. Мамлекеттин тиреги – мугалимдер, дарыгерлер жана дыйкандар!
  3. Билим берүү тармагындагы реформа: Мугалимдер жана дарыгерлер депутаттардан кем эмес маяна алышы керек. Жаш адистерге турак жай, пайызы жок кредит, ссуда, кошумча төлөмдөр. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү. Мамлекеттик тилдеги сапаттуу окуу, адабий китептери менен камсыз кылуу. Кесиптик техникалык билим берүүнү орто мектептен баштоо.
  4. Келечектүү жаштар үчүн стипендиялык фонд түзүү. Жаш илимпоздор үчүн изилдөө иштерине Президенттик гранттарды бөлүп берүү.
  5. Саламаттыкты сактоо: Өзгөчө абалда дары-дармек компанияларынын бааларын тыкыр көзөмөлгө алуу жана тескөө. Өзүн өзү актабаган, иштебеген система катары өзгөчө медициналык камсыздоону жойуу. Медициналык туризимди өнүктүрүү.
  6. Дыйкандарга жеңилдетилген төлөмдөр! Табигий таза тамак-аш өндүрүшү – экологияны жана жарандардын ден-соолуктарын сактоого негизги багыт.
  7. Пенсиялык фондду кайрадан уюштуруу, чогултуу фонддорун түзүү жана аларды ири инфраструктуралык долбоорлорго иштетүү. Мамлекет тарабынан жакыр жашаган адамдарга жана мүмкүчүлүгү чектелген жарандарга социалдык кепилдик берүү.
  8. Ишкерчиликке толук эркиндик берүү! Бизнес адамдарын коркуткандар өзүлөрү жоопко тартылышат. Өлкөбүздү бүтүндөй эркин экономикалык аймакка айландырабыз. Мамлекет өз жарандарына ылайыктуу шарттарды түзүп, тоскоолчулуктардын баарын жоюшу керек.
  9. Кыргыз жерин көз карегибиздей сактайбыз! Чек ара кол тийгизсиз!
  10. Энергетика-элдин байлыгы: Илон Маск иштеп чыккан энергетика сактоо чечимдерин биздин жашообузга колдонуу.
  11. Кеңбайлыктары: Өлкөнүн кызыкчылыгын сактоо менен чет элдик инвесторлорго мамлекеттик кепилдик берүү.
  12. Транспортук жана курулуш өндүрүшү: Өлкө бойунча жумуш орундарын түзүү. Курулуш иштеринин баарына атаандаштыктын негизинде жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү тартуу.

 

  1. II. МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ
  2. Парламентаризм кана бизге жарайт! Жоопкерчиликти камсыздоо. Депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу.
  3. Бийлик органдардын ортосундагы тең салмактуулукту камсыздоо.
  4. Сот жана укук тартип сактоо системаларын реформалоо.
  5. Кесипкөй өкмөт. Мамлекетттик аппаратты кыскартуу. Иштери кайталанган мекемелерди кыскартып, бириктирүү.
  6. Өз алдынча күчтүү аймактар. Жергиликтүү бийлик органдарына бюджеттерди камсыздоо укугун берүү.
  7. Шайлоо системасынын реформасы.
  8. Партиялык курулушту өнүктүрүп, өркүндөтүү. Бийликтеги партиялардын жоопкерчилигин камсыздоо.

 

       III. САЯСИЙ СИСТЕМА

  1. Мыйзамдын үстөмдүгү. Мыйзамдын астында баардык жарандардын укугу бирдей.
  2. Көз карандысыз сот системасын түзүү. Сотторду Президенттин дайындоосунан баш тартуу.
  3. Аткаминерлердин аппаратын аттестациялык кайра сыноодон өткөрүү.
  4. Массалык маалымат каражаттары кол тийгиссиз! ММКлардын ордунун маанисин жана ишинин сапатын көтөрүү.

 

  1. IV. ЭЛ АРАЛЫК САЯСАТ
  2. Эл аралык келишимдердин пайдалуулугун кайра карап чыгуу. Жер жана кен байлыктарыбызды карыздын ордуна берүү - чыккынчылыкка тете!
  3. Ош шаарында эл аралык транспорттук аэропорт куруу. Кыргызстан транспорттук түйүн катары аткезчиликтен көп эсе пайда табат.
  4. Биздин негизги багытыбыз Оруссия менен узак мөөнөттүк кызматташтуулукту камсыздоо. 20 жылдык убакытка учактарды лизинг негизинде алуу. Бул жаңы авиапарк түзүү менен арзан авиабилеттерди камсыздайт.
  5. Баардык өнөктөштүрүбүз, коңшуларыбыз менен жылуу мамилелерди сактоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү.