Сооронкулова Клара Сыргакбековна

«ЭРКИНДИК жана АДИЛЕТҮҮЛҮК»

Кыргыз Республикасынын Президентине талапкер

Сооронкулова Клара Сыргакбековнаны программасы (кыскача баяндама)

 

Кымбаттуу шайлоочулар!

Бүгүнкү күндѳ биз кыйын мезгилди – пандемия менен тереӊ экономикалык кризисти баштан ѳткѳрүп жатабыз. Бирок, башкы кѳйгѳй катары, ойлоп табышкан референдум менен жаӊы Конституцияны таӊуулап жатышат.  Бул процесстердин кесепетинде биз он жыл артты кѳздѳй кетип, мамлекетте узурпаторлордун бийлигин сакталып калышы толук ыктымал. Ошондуктан бүгүнкү күнү биз мурда эч качан болуп кѳрбѳгѳндѳй ишмер жана жоопкерчиликтүү болууга тийишпиз! Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоосуна катышуубуздун себеби дал ушунда.  

  1. Бизге кандай Президент керек? Биздин тарыхыбыз 30 жыл бою диктаторлордон кутула албай келгенибизди кѳрсѳтүп турат. Узурпатор-президенттер менен алардын айланасындагы жанбактылар ээнбаштыкты, оӊой байып кетүүнү жана кошоматчылыкты жайылтуу менен ѳлкѳнү социалдык-экономикалык кыйроонун чегине жеткиришти. Алар мамлекеттик бийлик институттарынын кадыр-баркын биротоло жок кылышты.

Биз мындан аркы жолубуз менен келечегибиздин элдин аӊ-сезимин манипуляциялаганды билген, элдин коркуулары менен тынчсызданууларын «күчтүү колго» умтулууга, кудуреттүү Ханга үмүт артууга айландыра алган бийликке умтулгандар менен популисттердин аракеттеринен кѳз каранды болбошу керек экенин аӊдап-түшүнүшүбүз керек. 

Бизге күчтүү Хандын кереги жок! Бизге жакшы Президент – Конституцияга баш ийген жана жеке ыйгарым укуктарынын негизинде гана иш алып барган компетенттүү жана жоопкерчиликтүү  эл кызматчысы керек.

Бизге Ѳкмѳттү ѳз колуна алган, мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги тармактарына кийлигишкен, ѳзүнүн кызыкчылыктары менен каалоолорун баарына таӊуулаган Президенттин кереги жок. Бизге бийликтин бардык бутактарынын кѳз карандысыздыгынын кепили боло алган Президент керек.  

Бизге элди тирешүүлѳр менен агрессияга үгүттѳгѳн, оппозицияга жана каршы пикирге чыдабаган Президент керек эмес. Бизге ѳз элин тилектештикке, демилгелүүлүккѳ жана жоопкерчиликке чакырган, оппоненттерин сыйлаган Президент керек.

  1. Биз парламентаризмди кантип чыӊдай алабыз? Биз жасалма эмес, чыныгы парламентаризмди ѳркүндѳтүү үчүн колубуздан келген бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Саясий каатчылыктан чыгуу жана бийликти легитимдештирүү үчүн эӊ жакынкы мѳѳнѳттүн ичинде Жогорку Кеӊешке депутаттык шайлоону аягына чыгаруу зарыл. Биз преференциалдуу добуш берүүнү жайылтуу, партиялык системаны ѳркүндѳтүү жана саясий партиялардын жоопкерчилигин күчѳтүү үчүн кѳмѳктѳшүүгѳ даярбыз.  
  2. Коорупцияны кантип ооздуктай алабыз? АККны УКМКдан бѳлүп чыгарып, ага кѳз карандысыз органдын макамын ыйгаруу; аткаминерлердин электрондук декларацияларын жана аларды мыйзамсыз байып кетүүгѳ карата текшерүү механизмин жайылтуу, алардын мүлкү боюнча маалыматтардын жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо; аткаминерлерди мамлекеттик кызматтарда туугандык же башка жакын байланыштарынын бар экендигин ачык билдирүүгѳ милдеттендирүү.
  3. Соттордо адилеттүүлүктү кантип камсыздай алабыз? Президенттин кадрдык маселелерди чечүүдѳ үстѳмдүк кылуучу таасирин чектѳѳ; Соттордун кесипкѳйлүгүн гана эмес, алардын адеп-ахлактык сапаттарын аныктап чыга турган сапаттуу тандоону камсыздоо; жоопкерчилик чараларын күчѳтүү аркылуу сот системасында кадрдык тазалоо жүргүзүү; дисциплинардык иштерди териштирүүнүн жалпыга ачык ѳтүүсүн камсыздоо.
  4. Саясий кѳз караштардан улам УКМКнын куугунтуктоосун токтотуу үчүн кандай чараларды кѳрүү керек? УКМКны мамлекеттик коопсуздук органына айлантуу (чалгындоо жана контр чалгындоо, чек араларды жана мамлекеттик сырларды коргоо). ЖКда атайы комитет түзүп, ага атайы кызматтардын ишмердүүлүгүнүн үстүнѳн кѳзѳмѳл жүргүзүү укугун берүү. Атайы кызматтарды кесиптик жана моралдык жактан деградацияланган кадрлардан «тазалап» чыгуу. Маалыматты негизсиз жашыруу практикасын токтотуу.
  5. ЖѲБну кантип чыӊдоого болот? Калкыбыздын 100%ы жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу аймактарында жашайт, ал эми борбордук бийлик мамлекеттик бюджеттин 88%ын ѳзүнѳ алып, ЖѲБга болгону 12% гана калтырат. ЖѲБ органдарын алардын жеке муктаждыктарына ыӊгайлуу финансылык булактар менен камсыздоо, жергиликтүү бюджеттердин пайдасына бѳлүштүрүлгѳн салыктардын үлүшүн кѳбѳйтүү зарыл. ЖѲБ органдарынын жетекчилигине түз шайлоо ѳткѳрүү абзел.
  6. Аялдар менен балдардын укуктарын кантип коргой алабыз? 2021-жылды «Үй-бүлѳдѳгү зомбулукка каршы күрѳшүү жылы» деп жарыялоо. Үй-бүлѳдѳгү зомбулукту аныктоонун адекваттуу механизмин пайда кылуу, укук коргоо органдарынын иш-аракеттери (аракетсиздиги) үчүн, соттордун кылмышты жаап-жашыруулары жана зордукчуларды актап чыгаруулары үчүн жоопкерчиликти күчѳтүү, эмгек мигранттарынын балдарын каттоого алуу жана аларга ѳзгѳчѳ кѳӊүл буруу, үй-бүлѳдѳгү зомбулуктан сактоо жана коргоо жѳнүндѳгү мыйзамдын толук аткарылышын камсыздоо, үй-бүлѳдѳгү зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү.
  7. Экономиканы кантип калыбына келтирүүгѳ жана бизнести кантип коргоого болот? Пандемиядан кѳбүрѳѳк жабыркаган чѳйрѳлѳргѳ узак мѳѳнѳттүү субсидияларды бѳлүп берүү; жумушсуздукту азайтуу үчүн коомдук иштердин масштабдуу программасын ишке ашыруу; мамлекеттик аппаратка жумшалган чыгымдарды кыскартуу; инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү; ашыкча текшерүүлѳр менен уруксаттарды алып салуу.
  8. Билим берүү системасын кантип реформалайбыз? Биз Кыргыз Республикасында билим берүүнү толугу менен либералдаштырууну ниет кылуудабыз. ЖОЖдор менен мектептерге академиялык эркиндик менен сынчыл ой жүгүртүүнүн ѳнүгүүсүнѳ тоскоол болгон чектѳѳлѳр менен тыюулардын жоюлушун талап кылат. Биздин негизги милдет – инновациялык, креативдик индустрияларда жана кызмат секторунда адистерди даярдап чыгуу.
  9. Канткенде биз теӊдемдүү, ѳз ара пайдалуу, ырааттуу тышкы саясатты камсыздай алабыз? АКШ, ЕБ, Кытай жана Россия сыяктуу эл аралык саясаттын негизги борборлору менен ѳз ара пайдалуу кызматташууну жүргүзүү; Аймактын ѳлкѳлѳрү менен С5+1 (АКШ жана Борбор Азия) форматынын, Борбор Азия боюнча ЕБ стратегиясынын, "Борбор Азия + Япония" диалогунун, С+С5 (Борбор Азия + Кытай) форматынын алкагында ѳз ара аракеттешүү; Мамлекеттин Дүйнѳлүк соода уюмуна мүчѳлүгүн жана  Европа Биримдигинин алкагында Преференциялардын жалпы системасынын (ВСП+) колдонуучусу макамын натыйжалуу пайдалануу; “Кытай – Кыргызстан – Ѳзбекстан” каттамы боюнча темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу; CASA-1000 долбоорун жүзѳгѳ ашыруу.