Калмаматов Бактыбек Орозалиевич
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер
КАЛМАМАТОВ БАКТЫБЕК ОРОЗАЛИЕВИЧтин "Мүмкүнчүлүктөр мейкиндиги" шайлоо алдындагы программасы.
Программанын концепциясы - “Баары адам үчүн”.
"Менин өлкөм – менин үйүм" программасынын идеологиясы.
Артыкчылыктар |
|
Кадам № 1: · 2020-жылдын 5-октябрынан тартып бардык кабыл алынган актыларды жокко чыгаруу; ؙ · Бардык укуктук базаны кайра карап чыгуу; · Мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик фондун инвентаризациялоо. |
Кадам № 2 · Коррупцияга каршы күрөшүү; · Люстрация · Реформа |
- Бир үй-бүлө - Бир үй. "Социалдык турак жай 2021-2027" мамлекеттик программасынын максаты - ар бир үй-бүлөнү үй менен камсыз кылуу. Биздин өлкөдө үйү жок бир дагы үй-бүлө болбошу керек.
- АТР - Эл бийлиги! Облустар жана райондор жоюлат, айыл өкмөттөр ирелештирилинет (290) - Өкмөт менен түз байланышуу болот.
- Республикалык бюджетти децентрализациялоо - жергиликтүү кеңештердин каражаттары толугу менен жергиликтүү жамааттын карамагында калууга тийиш.
- Ислам принциптерине ылайык кредиттик пайыз 5%дан ашпоого тийиш. Адилеттүү жана арзан насыялар! Баарына берекелүү турмуш!
- Улуу Жибек Жолунун боюнда, Кыргызстан темир жол куруу аркылуу чек арадагы стратегиялык борборго айланат.
- Люстрация. Менин шайланып келгеним саясий жана мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө моралдык укугу жок адамдарды автоматтык түрдө люстрациялоого алып келет. Мисалы, Үзөнгү-Кушту, Каркыраны, “Кыргызгазды” сатууга жана мөңгүлөрдү жок кылуу боюнча демилге көтөргөндөр, добуш бергендер, ошондой эле күнөөлөрү далилденген коррупционерлер люястрацияланат.
- Биз улуттук экономика үчүн! Адамдарды улуттук өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштөрүн сатып алууга үндөгөн лоялдуулук программасын киргизүү аркылуу улуттук өндүрүштү колдоо.
- Көп векторлуу тышкы саясат улуттук экономиканын гүлдөп-өнүгүшүнө шарт түзүшү керек.
- Санариптештирүү. Акылдуу жана прогрессивдүү өлкө! Биз 5G Интернетти бүткүл өлкө боюнча жайылтабыз.
- Ачык маалыматтар. Өлкөнүн жаратылыш, жер, материалдык байлыктарын инвентаризациялоо.
- Кайтарымдуу пенсиялык фонд. Социалдык фондго чегерүүлөрдөн топтоочу, жеке фонддун тутумун түзүү, бардык финансылык ресурстарды же жарым-жартылай жарандын каалоосу боюнча кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен.
- Медицина. Акысыз дары-дармектер, жеткиликтүү фармацевтикалык каражаттар. Жеке фармацевтикалык бизнес наркына 10% дан ашпаган кошумча төлөм. Ооруканаларда электрондук кабыл алуу. Дени сак улут - гүлдөгөн мамлекет.