Асанов Курсан Сатарович

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Курсан Асановдун

ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ

 

«ТУРУКТУУЛУК - МАМЛЕКЕТТИН ӨНҮГҮШҮНҮН НЕГИЗИ»

Катардагы спецназдын жоокеринен Ички иштер министрлигинин жетекчилик кызматына чейинки жолду баскан, милициянын генералы катары коомдун саясий туруктуулугу чоң коркунучта турганын толук көрүп турам. Менин жаран катары милдетим – мыйзамдуулукту, укук тартибин камсыздоо жана жарандарга эртеңки күнгө ишеним берүү. Өлкөбүздүн турмушундагы эң оор учурларда мен өз милдетимди так аткардым. Бул 2005, 2010, 2020-жылдары болгон окуялар.

Жогорку Кеңештин депутаты катары мен көптөгөн мыйзамдарды иштеп чыгууга катышкам. Мамлекеттин ар кайсы аймагында райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги тармактардын жетекчиси катары мен калкыбыздын көйгөйлөрү менен таанышмын. Кыргызстандын саясий, экономикалык, социалдык көйгөйлөрүн жана анын чечүүнүн жолдорун жакшы билемин.

 

Менин программамдын негизги багыттары:

 

  1. УКУК ТАРТИБИ ЖАНА МЫЙЗАМДУУЛУК
  • Тышкы жана ички коркунучтарды өз убагында аныктоо жана аларды болтурбоо боюнча ыкчам чараларды көрүү;
  • Укук коргоо жана сот системасын реформалоо, алардын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү, заманбап технологияларды киргизүү;
  • Замандап коркунучтар чакырыктардын талаптарына жооп берген жаңы коргонуучу-мобилизациялоочу системаны түзүү максатында куралдуу күчтөрдү жана аскердик түзүмдөрдү реорганизациялоо;
  • Өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөө, аскердик маанидеги ишканаларды модернизациялоо;
  • Жарандардын, инвесторлордун жана инвестициялардын коопсуздугун камсыздоо.

 

  1. КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ЖАНА АКЫЙКАТ СОТТОР
  • Соттордун президентке жана аткаруу бийлигине көз карандысыз иш-аракети;
  • Сот иштеринин объетивдүү каралышы үчүн сот арачылары институтун түзүү,
  • Эл аралык көз карандысыз арбитраждык сот өндүрүшү системасын киргизүү;
  • Президенттин Аппаратындагы соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн жоюу;
  • Айрым гана эпизоддорду зарылдыктан улам жабык кароодон тышкары бардык соттук отурумдарды ачык өткөрүү;
  • Соттук инстанциялардагы ишти кароо мөөнөттөрүн өз убагында өткөрүүнү камсыздоо.

 

  1. БИЙЛИКТИН ЖЕКЕ ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЖАНА ОТЧЕТТУУЛУГУ
  • Кыргыз Республикасынын конституциялык реформаны өткөрү, баардык бийлик бутактарынын эл алдында отчёттуулугун камсыздоосу тийиш;
  • Мамлекеттик аппаратты кыскартуу менен оптимизациялоо;
  • мамлекеттик кызматтарга чет жердеги кесипкөй кыргызстандык адистерди тартуу;
  • жергиликтүү бийлик органдарынын макамын көтөрүү жана аларга жер-жерлердеги көйгөйлөрдү оперативдүү чечүү үчүн ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү;
  • Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү аркылуу коррупциялык тобокерчиликтерди азайтуу;
  • Жарандык коом менен дайыма өз ара кызматташуу.

 

  1. Эркин жана демократиялык шайлоолор
  • Административдик ресурсту колдонууну жана добуш сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгаруу;
  • Шайлоо процесстерининин катышуучуларын мыйзамдарды бузган жана кыянат пайдалангандыгы үчүн жазанын сөссүздүгүн камсыздоо;
  • Шайлоо мыйзамдарынын сакталышында жарандык коомдун көзөмөлдөө функцияларын кеңейтүү.

 

  1. ЭКОНОМИКА ТАРМАГЫ
  • Улуттук долбоорлор, класстерлер жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңы жумушчу орундарын түзүү;
  • Эл аралык капиталдар рыногу аркылуу ресурстарды тартуу жолу менен улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу;
  • Чет өлкөлүк кредиттерди, гранттарды алууда жана аларды Кыргызстандын кызыкчылыгында максаттуу пайдаланууга элдик көзөмөлдү орнотуу;
  • Эл аралык стандарттарга жана Европа Бирлигинин талаптарына жооп берген жашыл экономиканы киргизүү;
  • Ашкере текшерүү функцияларын кыскартуу жана жеке ишкердиктин субъетеринин отчёттуулугун санариптештирүү аркылуу экономиканы көмүскөдөн чыгаруу;
  • Инвесторлордун коопсуздугунун кепилдиктерин жана бюрократиядан коргоону камсыз кылуу менен бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу;
  • Өлкөнүн суверендүү кредиттик рейтингин туруктуу көрсөткүчкө чейин жогорулатуу;
  • «Ачык асман» саясатын ишке ашыруу жана өлкөнүн транзиттик потенциалын эффективдүү пайдалануу;
  • Каржылык-банктык системаны либералдаштыруу жана эл аралык каржы рыногуна андан ары интеграциялоо;
  • Атамекендик фондулук рыноктун өнүгүшүү үчүн зарыл шарттарды түзүү;
  • Евробирликтин ВСП+ режиминин потенциалын активдүү ишке ашыруу жана кыргыз товарларын европалык рынокко чыгуусуна жетишүү.
  1. СОЦИАЛДЫК ТАРМАК
  • Пандемиянын чакырыктарын жана коркунучтарын эске алуу менен саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо;
  • Дары-дармек өндүрүүчү компанияларды куруу үчүн керектүү шарттарды түзүү;
  • мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ооруканаларды модернизациялоо, куруу жана жаңы медициналык борборлорду жабдуу үчүн инвестицияларды тартуу;
  • Билим берүү тармагынын сапатын көтөрүү максатында реформалоо;
  • ЖОЖдорду борбордон ажыратуу, ЖОЖдордун илимий жана башка лабораторияларын түзүү аркылуу билим берүү тармагынын кадрларынын потенциалын жогорулатуу;
  • Эл аралык мыкты тажырыйбаны эске алуу менен пенсиялык системаны реформалоо;
  • Мигранттар үчүн мамлекеттик колдоону жана укуктук кепилдиктерди камсыздоо;
  • Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар социалдык жеңилдиктерге жана кепилдиктерге жетишүүсүнө кепилдик алышы керек;
  • Кыргыз этномаданиятын жана этноспортун эл аралык аренага алып чыгуу жана кеңири жайылтуу.

 

  1. ЭФФЕКТИВДҮҮ ТЫШКЫ САЯСАТ
  • Чет элдик аренада Кыргызстандын кадыр-баркын кайтарып берүү. "Тилемчилик" дипломатиясынан тең укуктуу өнөктөштүккө өтүү;
  • Өз ара түшүнүшүү, бирдей кызыкчылыктар жана бири-бирин колдоо принциптеринин негизинде чек аралаш мамлекеттер менен жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү;
  • Эл аралык уюмдардын алкагында өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн активдүү катышуу;
  • Кыргызстан менен өнүккөн өлкөлөр ортосунда жөнөкөйлөштүрүлгөн кирип чыгуу жана визасыз режимди киргизүү саясатын кеңири жүргүзүү;
  • Эмгек мигранттарына жагымдуу шарттарды түзүү үчүн мамлекеттер аралык механизмдерди жакшыртуу;
  • Мамлекеттик чек арадагы делимитация жана демаркация процесстерин бүтүрүү.