Иманалиев Каныбек Капашович

Кыргызстандын 12 керегеси

Боз үй – касиеттүү турак жай. Анын негизги бөлүктөрүнүн бири - кереге.

Менин программам – бул Кыргызстан үчүн 12 бекем КЕРЕГЕ!

 

  1. Руханий кайра жаралуу. Улуттук идеологиябыз ааламдашууну эске алуу жана технологияларды өнүктүрүү аркылуу салттуу маданиятты сактоого негизделиши зарыл.
  2. Билим берүү. “Мугалим” депозиттик-гранттык программа, зарыл болгон билим алууга - «Кесип» өлкө долбоорун киргизүү. Мугалимдердин кесиптик бирлиги.
  3. Социалдык артыкчылыктар. «Аялдарга, Балдарга, карыларга каршы зомбулукту жок кылуу» программасы, Жумушсуздукту кыскартуу үчүн «Коомдук жумуш» долбоору. Аз камсыздарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жөлөкпул чектөө. Узак мөөнөттүү ипотекалык насыя берүү. Мигранттардын иштеп тапкандарын жана пенсияларын коргоо. Өлкөнүн медиктерин реабилитациялоо программасы.
  4. Сот адилеттүүлүгү жана коопсуздук. Соттордун жоопкерчиликтерин жана алардын ишине карата жарандык контролду күчөтүү. УКМКны кайра уюштуруу, тышкы жана ички чалгындоо жана терроризм менен күрөшүү кызматын түзүү. Прокуратураны Юстиция министрлигине өткөрүп берүү. Аскердик кызматка милдеттүү чакырууну жокко чыгаруу.
  5. Күчтүү региондор – күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу. Агротехнология регионалдык парктарын, айдоого жарамдуу жерлерди жана жайыттарды сактоо борборлорун түзүү. Жеткиликтүү пайыздык ставка менен смарт-насыялар. «Бир айыл – бир продукт» долбоорлору. Обладминистрацияларды жоюу. Райондорду жоюу жана 20 аймакты түзүү.
  6. Күчтүү экономика. Чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн салык салууну жөнөкөйлөштүрүү. Соцфонддун чегерүүлөрүн төмөндөтүү. Жакырчылык менен күрөшүү үчүн жеңилдетилген шарттарда Почта-банкттарын түзүү.
  7. Инновациялык Кыргызстан. Жогорку технологиялар паркын өнүктүрүү, «Ар бир үй бүлөдө программист» долбоорун ишке ашыруу. Билим берүү кызматтарын экспорттоо. 100 эл аралык технологиялык компанияны тартуу.
  8. Кереметтүү Экосистема. Экологиялык Кодексти кабыл алуу. Мөңгүлөрдү коргоо. Биочөйрө зоналарын, коруктарды жана улуттук парктарды түзүү. Марко поло аркарларына жана ак илбирстерге мергенчиликке чыгууга мораторий жарылоо.
  9. Саясий системаны реформалоо. Башкаруунун парламенттик формасы. Укук коргоо блогун парламенттин контролуна өткөрүп берүү. Бардык мамлекеттик резиденцияларды жоюу. Депутаттарды чакыртып алуу механизмин киргизүү.
  10. Натыйжалуу Өкмөт. Мамлекеттик түзүмдөрдө - ачык конкурстун негизинде жаш кесипкөйлөрдү тартуу. Эркин экономикалык индексти жогорулатуу. Министрликтердин жана ведомстволордун ар бир кызматкеринин KPI жогорулатуу, штаттарды кыскартуу.
  11. Тышкы саясат - ачык Кыргызстан! 2025-жылга чейин мамлекеттик чек араларды юридикалык жол-жоболоштуруу. Эл аралык транспортторду жана логистикалык коридорлорду куруу. Көп векторлуулук.
  12. Бишкек жана Ош – эки борбор. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин түздөн-түз шайлоо. Жеке секторду толугу менен газдаштыруу. «Жашыл борбор» программасын ишке ашыруу, веложол инфратүзүмүн куруу. Шаардын заманбап коомдук жайларын өнүктүрүү.

 

Биздин күч чечкиндүү  кайра курууга даярдыкта!

Кыргызстан Улуу Өзгөрүүлөрдү күтөт. Аруулан, Кыргызстан!

Каныбек Иманалиев