Джеенбеков Равшан Бабырбекович

Кыргыз Республикасынын президенттигине кандидат

Равшан Джеенбековдун «Тогуз Ак» программасы.

 

Менин максатым: үч жылдын ичинде укуктук негиздерди даярдап, президенттик кызматты жойуу.

Мен акыркы, бирок Элдик Президент болом.

 

  1. Элдик президент

Президенттин чыгымдары кескин кыскарат. Президент бардык жарандар сыяктуу өз үйүндө жашайт. Президенттин автомашиналары 2ден, жан сакчылары 10дон, аппараты 50 кишиден ашпайт. Президенттин резиденциялары, эс алуу жайлары, ооруканасы, мергенчилик чарбасы жана иш башкармалыгы жоюлат. Президент бардык улуттарга, диндерге, саясий көз караштарга бирдей мамиле кылат, укуктарын коргойт.

 

  1. Адам- эң башкы байлык

Билим берүү жана саламаттыкты сактоо президенттин негизги приоритеттери болот. Билим берүү тармагы чет тилдерге, информациялык технологияларга, математикага жана эркин ой жүгүртүүгө басым жасайт. Медицина кызматы ар бир жаранга бюджеттен бөлүнгөн персоналдык - ваучердик жол менен көргөзүлөт.

 

  1. Акыйкат жана эгемендүү соттор

Сот системасы эгемендүү, ачык жана атаандаштуу болот. Сотторду таңдоо кеңеши жарандык коом тарабынан түзүлөт. Бардык сот процесстери ачык болот. Аудио жана видео жазуу мамлекет тарабынан камсыздалып, тараптарга соттун катчысы тарабынан милдеттүү түрдө берилет. Адвокаттар өз алдынча далил чогултат. Ал далилдерди сот милдеттүү түрдө ишке тиркейт.

 

  1. Бийлик элге берилет

Губернаторлор, мэрлер жана айыл өкмөт башчылары эл тарабынан түз шайланат. Жергиликтүү бюджет, жергиликтүү салыктар жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлөт жана аныкталат.

 

  1. Ачык жана адилеттүү Укук коргоо органдары.

Генералдык прокуратура юстиция министрлиги менен бириктирилип өкмөттүн курамына киргизилет. УКМК чалгын жана контрчалгынга бөлүнөт. УКМКдан тергөө жана коррупция менен күрөшүү функциялары алынып, Өкмөткө караштуу Тергөө комитети жана Коррупция менен күрөшүү агенттиги түзүлөт.  Ички иштер министрлигинин көптөгөн функциялары жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилет.

 

  1. Чакан жана профессионалдуу өкмөт

Өкмөт чакан болот. Өкмөттүн мүчөлөрү билимдүү жана профессионалдуу жаштардан куралат. Алардын кеминде 50 % ын Европадан, Азиянын өнүккөн өлкөлөрүнөн жана Америкадан билим алган жаштар түзүлөт.

 

  1. Экономикалык эркиндик

Стартаптарга, чакан жана орто бизнеске салыксыз режим түзүлөт. Жеке менчик көздүн карегинде кол тийгиз болот. Салык жана экономикалык мыйзам бузуулар боюнча ишкер соттун акыркы чечими чыкмайынча эркинен ажыратылбайт жана ишкана жабылбайт.

 

  1. Биз заманбап дүйнөгө багыт алабыз.

Эл аралык укук биз үчүн приоритеттүү болот. БУУнун Адам укуктар комитетинин жана башка авторитеттүү гуманитардык уюмдардын чечимдерин сыйлайбыз. Биздин жарандар үчүн Европага, Америкага жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүнө жол ачабыз.

 

  1. Эркин адам- эркин өлкө.

Адам укугу, эркиндик жана демократия приоритеттүү багыт болот. Сөз, чогулуш жана дин тутуу эркиндиктери мамлекет менен президент тарабынан кепилденет жана бекем корголот.