Абакиров Эльдар Курманбекович

Президенттикке талапкер Абакиров Эльдар Курманбековичтин

Шайлоо алдындагы программасы

 

Менин маселелерди чечүү боюнча программамдын планы прогрессивизм идеясына негизделип, анда адамдын жашоосундагы шарттардын жакшыруусунда реформа өтө маанилүү  болуп саналат. Өнүгүү үчүн бизге илим, техника, экономикалык өсүү жана социалдык уюшумдуулук жаатында жетишкендиктер керек.

Менин программамдын башкы өзөгү – адам ресурсу! Бир гана элдин колдоосуна таянып, таза жана профессионалдуу кадрлардын тажрыйбасы менен, программадагы маселелерди чечүүнүн негизинде, биз адилеттүү өлкө, коом жана бийлик орнотуу менен прогресске жете алабыз.

Программа «Адилеттүү - Кыргызстан»

  1. Эффективдүү президент.  Жыйынтык көрсөтүүгө гана багыт алган, конструктивдүү Президент гана эффективдүү боло алат.
  2. Таза, прогрессивдүү, өзгөчө ойлонгон адамдардын командасы. Алар системаны тартипке сала алат.
  3. Бийликти децентрализациялоо (аймактарга берүү). Бийликти элге берүү керек. Элге ишенүү зарыл!
  4. Экономика – бардык көйгөйлөрдүн чечими.  Президент эксперттердин командасы жана элдин колдоосу менен стратегия иштеп чыгуусу керек.
  5. Шайлоолор аркылуу - Люстрация. Ким бийликке келиши керектигин бир гана эл чечиши керек. Мыйзамдагы боштуктарды пайдаланып, өзүнүн каалоосун элге таңуулоого жол жок!
  6. Коопсуздук, тартип жана тынчтык. Президент өлкөнүн бардык жарандарына анын этносуна, жынысына жана диний ишенимине карабай коопсуздуктун гаранты болууга тийиш.

Президент эффективдүү болуусу үчүн, ага мамлекеттик резиденция, толтура жансакчынын жана аппаратты кармап туруу үчүн эбегейсиз чыгымдардын кереги жок.  Ал өзүнүн билимине, тажрыйбасына, жана прогрессивдүү, таза адамдардан турган командасына таянышы абзел.  Биз алты миллион элдин ичинен, керек болсо дүйнөнүн бардык бурчунан аты булганбаган профессионалдарды табабыз. Биз өзүбүз менен кошо өнүгүүнү, прогрессти каалагандарды алып келебиз. Өз кызыкчылыгы жана курук амбициясы менен кызматка баргандар биздин катарыбызда болбойт.

Жергиликтүү салыктарды эффективдүү колдонуу үчүн стимулдаштыруу системасы(кайсы жерде өнүгүү болсо – ошол жерге бюджетти көбөйтүү), Милдетүү салык төлөмдөрүнүн бардык түрлөрүн автоматташтыруу (салык, бажы төлөмү, айыппулдар), аким жана шаар мэрлерин шайлоо аркылуу тандоо коррупция менен күрөшүүдө эффективдүү болот. Андан сырткары коррупциялашкан кадрлардан арылуу, мамлекеттин казынасына кирешени артырууга да шарт түзөт. Жыйынтыгында инфраструктураны жакшыртууга жана башка тармактарды оңдоого да каражат пайда болот. Бул жол менен биз жаңы инвесторлорду тартып, жаңы жумуш орундарын түзөбүз. Бир гана экономиканы диверсификациялоо өлкөнүн экономикасын көз карандысыз кыла алат.  

Экономикага эң негизги көңүлдү буруп, элге шайлоо аркылуу люстрация жасоо мүмкүнчүлүгүн берип, жарандарга коопсуздукту, тартип жана тынчтыкты гарантиялоо менен биз Адилеттүү Кыргызстанды кура алабыз!