Сегизбаев Абдил Кенешевич

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер

АБДИЛ СЕГИЗБАЕВДИН

шайлоо алдындагы платформасы

 

 

            Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Абдил Сегизбаевдин Шайлоо алдындагы платформасы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкердин Кыргызстандын имиджине жана ушул максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон реформалардын негизги багыттары боюнча сунуштарды камтыйт.

 

Кыргыз Республикасы – эркин, демократиялык өлкө, күчтүү мамлекет, экономикалык жактан өнүккөн жана заманбап жашоодо татыктуу орунду ээлейт.

 

            Талапкердин Платформасы төмөнкү негизги багыттар боюнча   түп тамырынан бери реформалоо зарылчылыгына негизделген:

  1. Идеология. “Заманбап кыргызстандыктын” образын түзүү. Ал өзүнүн тарыхын, маданиятын жана үрп-адаттарын барктап, заманбап жана багыттуу келечекке умтулат. Инсан, жаран – мамлекеттин негизги баалуулугу: ал билимдүү, технологиялуу, дени сак, жигердүү жарандык позицияны ээлейт. Коом- толеранттуу, регионализмден, трайбализмден жана улутчулдуктан алыс.
  2. Сот реформасы. Адилеттүүлүктү кыскан кризисти жоюу. Сунушталган сот реформасынын маңызы - Адамдын жана Жарандын укуктарын реалдуу коргоого жана соттордун көзкарандысыздыгын камсыз кылууга багытталган негизги материалдык жана процессуалдык укуктун маңыздуу жоболорун кайра карап чыгуу зарылдыгында турат.
  3. Коррупцияга каршы күрөш. Бул үчүн негизги чара катары, укук коргоо органдарынын иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары кайрадан каралат. Адам укуктары укук коргоо органдарынын укуктарынан жана ыйгарым укуктарынан жогору болушу – жүргүзүлүп жаткан реформалардын идеологиялык негизи.
  4. Коопсуздук. Улуттук коопсуздук жаатындагы реформалар (анын ичинде улуттук коопсуздук жана коргоо органдары ж.б.у.с.) улуттук коопсуздук органдары максималдуу түрдө өзүн-өзү камсыздоону, ошондой эле жаралган баардык заманбап чакырыктарга өз учурунда оперативдүү түрдө жооп берүү мүмкүнчүлүктөрүн карайт.
  5. Экономиканы өнүктүрүү. Ишкерликти өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Экономикада мамлекеттик  жөнгө салууну кайра карап чыгуу: бизнести жөнгө салууда бардык ашык административдик тоскоолдуктарды алып салып, процедураларды жеңилдетүү. Адамдын экономикалык укуктарын коргоо –ишкерди, инвестицияларды жана жеке менчиктин кол тийбестиги. 
  6. Социалдык чөйрө. Талапкердин Платформасында билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасындагы жетишкендик өзгөчө орунду ээлейт. Аралыктан билим берүүнү – каалаган жерден жана каалаган шаймандан кепилдөө. Мугалимдерди жана медиктерди сапаттуу даярдоо: билимдүү, ден соолуктуу Адам, күчтүү коом, саламаттуу экономика - күчтүү Кыргызстан! Эмгек кодексин кайра карап чыгуу жана аралыктан иштеген жумушчулардын укуктарын коргоо.
  7. Мамлекеттик башкаруу: мамлекеттик бийлик институттарын Адам укуктарынын призмасы аркылуу карап чыгуу жана мамлекеттик башкаруу тутумун улуттук өнүгүү максаттарына шайкештөө. Чакан технократтык мобилдик өкмөт.