Жапаров Садыр Нургожоевич

КР Президентинин кызматына талапкер

                                С.Н. Жапаровдун саясий платформасы                                

 

Келечекке кызмат бүгүндөн башталат!

 

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ

Президенттин ыйгарым укуктарын анын жоопкерчилиги менен күчөтүү керек. Эми тышкы жана ички саясатка Президент жеке өзү жооп берет

ЖК шайлоо өкүлчүлүктүн партиялык тизмеден тышкары, үчтѳн биринен кем эмес бөлүгүн мажоритардык система боюнча жүргүзөт.  

Сотторду реформалоо — аларды ротациялоо гана эмес, биринчи кезекте алардын ишмердүүлүк механизмдерин жакшыртуу.

 

МАМЛЕКЕТТИК ЖАӉЫЛАНУУ

Министрликтердин жана мекемелердин санын натыйжалуулугу боюнча оптималдаштыруу зарыл. Ишкерлердин билими жана тажрыйбасы сөзсүз түрдѳ ээлеген кызматына шайкеш келүүгө тийиш.

Люстрация. Мамлекеттик кадр кызматы люстрациялык иш-чаралардын негизги куралы болот. Биз, 5 жыл ичинде укук коргоо органдарынын курамын 50%га жаңыртышыбыз абзел.

Мамлекеттик тейлөөлөрдү ишкерлердин жана катардагы жарандардын кызыкчылыгында оптималдаштырып, бул шарттар Салык кодексинде жана башка укуктук-ченемдер актыларында бекитилүүгө тийиш. 

Укук коргоо органдары. Катардагы милициянын курал колдонуу жана күч көрсөтүүгѳ мүмкүн болгон учурларын так кѳзѳмѳлгѳ алуу менен мыйзамдын сакталышын камсыз кылуу. Милиция тармагында жогорудан тѳмѳн башкарылган «ишмердиктин натыйжалуулук (результат) планын» жоюу. Жаза кодексинин «оор эмес» статьяларын криминалдаштыруудан арылтуу.

 

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ

Кыргызстандыктарды социалдык жактан коргоо. Текшерүүлөргө мораторий киргизүү, ӨК учуру боюнча компенсациялоо, инвесторлорду коргоо, ички резервдерди колдонуу.

Илим жана интеллектуалдык менчикти коргоо, инновациялар жана жаңы технологиялар. Жаӊы тармактарды ачуу жана жаӊы рынокторго чыгуу.

Калктын саламаттыгы.

Кыргызстандын экологиялык коопсуздугу.

Маданий кайра жаралуу.

Саясий күчтөрдү ымалага келтирүү, саясий көз караштары үчүн куугунтуктоону токтотуу.