Тагаев Рашид Бакирович

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер

Р. Б. Тагаевдин программасы

 

Мамлекеттик түзүлүш

Өлкөгө президенттик-парламенттик аралаш башкаруу системасы керек. Мамлекеттик аппаратты кыскартып, оптимизациялоо зарыл. Кайталганган министрликтерди жоюу зарыл. Ошондой эле административдик-аймактык реформа жүргүзүү керек.

 

Тышкы саясат

Коңшу мамлекеттер менен мамилелерди өнүктүрүү, ар тараптуу дипломатиялык ишмердүүлүктү активдештирүү - мамлекеттин негизги милдети. Кыргызстан дипломатиялык, экономикалык алака-катнаш түзгөн ондогон өлкөлөр менен болгон кызматташтык ырааттуу улантыла берет. Ошону менен бирге эле эл аралык уюмдардын алкагындагы иш-аракеттерибиз тынымсыз жүргүзүлө берүүгө тийиш.

 

Коңшу өлкөлөр менен болгон Мамлекеттик чек ара көйгөйлөрүн чечүү

Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек араны тез арада тактоо керек. Бул маселе өтө кылдаттыкты, бири-бирибизге болгон урмат-сыйлуу мамилени талап кылат. Бирок, ошол эле учурда Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн бекем турушубуз керек.

 

Экономикалык реформалар

Кыска мөөнөттө (2-3 айда) негизги стратегиялык документтерди иштеп чыгыш керек: өнүгүүнүн узак жана кыска мөөнөттүк программасы иштелип чыгышы зарыл. Анын финансы булактары ачык көрсөтүлүп, эффективдүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү (кирешенин өсүшү, жумушчу орундарын түзүү, келечектүү көрсөткүчтөр) менен бекемделиши керек.

 

Инвестициялык климат

Инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүп, ачык жана түшүнүктүү эрежелерди камсыз кылышыбыз керек. Инвесторлор менен болгон бардык өз ара иш-аракеттер, сүйлөшүүлөр, уруксаттарды берүү госкомиссиянын днңгээлинде жүрүп, бардык процесстер түз көрсөтүлүшү кажет.

 

Айыл чарба

Дыйкан-фермерлерге жана кайра иштетүүчү ишканаларга арзан насыяларды берүү, ири кооперацияларды түзүү, жакынкы жана алыскы мамлекеттерге экологиялык таза продукцияларды экспорттоо боюнча келишимдерди түзүү, электрондук соода-сатыкты өнүктүрүүгө айрыкча көңүл буруу зарыл. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү ишканаларын куруу, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө жакшы шарттарды түзүү керек.

 

Ирригация маселелери

Эскилиги жеткен ирригациялык обьектилерди калыбына келтирүү, 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программада камтылган обьектилерди өз убагында бүткөрүү манилүү маселе.

 

Тоо кен тармагы боюнча

Инвесторлор менен үлүштүк негизде эмес, өндүрүлгөн продукцияны тең бөлүү принциби менен иштеш керек. Лицензиялар атаандаштык аркылуу берилүүгө тийиш. Инвестор менен болгон келишим ачык-айкын бүткөрүлүшү керек. Кенди (рудалар менен концентранттарды) сырье катары чыгарып кетүүгө бөгөт болчу чараларды көрүш керек.

 

Ошондой эле приоритеттүү маселелердин каарында: стратегиялык маанидеги автожолдордун курулушун тездетүү, айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, айыл аймактаарындагы социалдык, инфраструктуралык маселелерди чечүү, жаңы оррукана, мектеп, бала бакчаларды куруу, эскилиги жеткен объектилерди оңдоп тузөө. Ошондой эле мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу, аткезчиликке бөгөт коюу үчүн чараларды көрүү керек.