Шаардык кеңештердин тизмеси > Майлуу-Суу шаардык кеңеши > "Ата-Журт Кыргызстан" Саясий партиясы

 «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын Программасы

  1. Коопсуз шаар программасынын ишин мындан ары жакшыртуу. (Кылмыштуулуктун алдын алуу, экологиянын бузулуусуна жол бербөө)
  2. Майлуу-Суу шаарынын бюджетинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу (киреше, чыгаша, жергиликтүү салык маселесине көзөмөл жүргүзүп туруу) жергиликтүү салыкты көбөйтүүгө жетишүү.
  3. “Таза шаар” программасын ишке ашыруу боюнча жергиликтүү бюджеттен акча бөлдүрүү жана анын эффективдүү сарпталышына көзөмөл жургүзүү.
  4. Шаарыбыздын инфраструктурасын өнүктүрүү: негизги жолдорду асфальттоо, тратуарларды кенейтүү, канализация маселелерин чечүү, электр-энергиясы жана таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну жолго салуу жана алардын иштерин системалуу түрдө ишке ашыруу.
  5. Майлуу-Суу шаарынын турак-жай маселесин чечүү: инвестиция аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу. Мугалимдерге, медицина кызматкерлерине жана муктаж уйбулолорго турак жай салуу үчүн кезексиз жер тилкелерин берүү.
  6. Социалдык маселелер: шаарга бир мектеп жана спорт комплексин куруу, мектептердин материалдык-техникалык абалын оңдоо, билим сапатын көтөрүү. Жакыр үй-бүлөлөргө, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелген жарандарга ар-тараптуу жардамдарды көрсөтүү. Үй-бүлөдөгү аялдарга жана балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча коомдук уюмдар менен (КААБ) менен бирге иштерди алып баруу. Согуштун жана эмгектин ардагерлерине кам көрүү.
  7. Ишкерликти колдоо: ички инвесторлорду тартуу менен жаштардын, аялдардын ишкерликтерин колдоо. Шаарыбызга элибиздин турмуш-тиричилигине байланыштуу жаны ишканаларды ачуу.
  8. Маданиятты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу: китепканалардын-маданият үйлөрүнүн абалын жакшыртуу.
  9. Улуттар арасындагы достукту жана ынтымактыкты бекемдөө максатында маданий иш чараларды дайыма өткөрүп турууга жетишүү.
  10. Окуучуларды витаминдуу тамак-аш менен камсыз кылуу максатында шаарыбыздын мектептеринде чарба иштерин уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен колдоо көрсөтүү. (теплицаларды куруу)
  11. “Дени-сак улут” программасы боюнча жаш врачтарга жана медициналык кызматкерлерге шарт түзүү. Медициналык мекемелердин абалын оңдоо. Жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча системалуу түрдөө иштерди алып баруу.
  12. Жылына 2 жолу шаарыбыздын шайлоочулары менен депутаттык ишмердуулук боюнча жолугушуларды өткөрүп туруу.
  13. Шаарыбыздын өнүгүшүнө ак-ниет кызмат кылуу.