Шаардык кеңештердин тизмеси > Майлуу-Суу шаардык кеңеши > «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана ɵнүгүү саясий партиясы

Саясий партиянын программасы: “Ыймандуу бийлик берекелүү жашоо”

Шаарыбыздын географиялык жайгашуусу, экологиялык абалы, транспорттук артериялардан алыста болушу жана аянтынын өтө эле аздыгы сыяктуу көйгөйлөргө карабастан:

  1. Шаардын өзөгү болгон лампа заводунун учурдагы абалын жана тумандуу келечегин жакшыртуу.
  2. Жер көчкүлөрдүн жана сел түшүүлөрдүн кесепетинен пайда болгон зыяндарды жоюу жана келечекте ошондой табигый кырсыктардан келчү зыяндардын алдын алуу.
  3. Шаар ичиндеги жана сыртка чыкчу автожолдорубузду толук реабилитациядан өткөрүү.
  4. Республикалык бюджеттен ар жылы бөлүнчү стимулдук гранттарга жол ачуу.
  5. Бала бакчаларынын жетишсиздигин жоюу.
  6. Шаар ичиндеги көчөлөрдүн жарыктандыруусу.
  7. Парк жана скверлерди калыбына келтирүү.
  8. Тротуарларга заманбап брусчатка жаткыруу.