Шаардык кеңештердин тизмеси > Майлуу-Суу шаардык кеңеши > «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясы

«Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынын

САЯСИЙ ПРОГРАММАСЫ

Азыркы дүйнө – бул мамлекеттер менен аймактардын ортосундагы экономикалык жана саясий атаандаштык дүйнөсү. Кыргызстан бул күрөштө коомдук турмуштун бардык чөйрөсүн жаңылоо аркылуу гана жеңишке жетишүүсү мүмкүн. 

Дүйнө аягы көрүнбөгөн каржылык-экономикалык каатчылык дооруна кадам таштады.  Мунун натыйжасында бүтүндөй планетанын эмгекчилеринин социалдык жана экономикалык абалы кескин начарлап, саясий чыңалуу курчуп, укуксуздук, жакырчылык, келишпестик, экстремизм менен терроризм күч алды. Каатчылык шартында байлар мурдагыдай эле байлыгын көбөйтүп, ал эми кедейлер жакырчылыктын сазына тереңирээк батып баратат. 

Биздин максат: Шаарыбызда жүргүзүлүп жаткан туугандык, жердештик,бир топ адамдардын кызыкчылыгы менен жүрүп жаткан саясатты түп-тамырынан жок кылып, шаардын өнүп өсүүсүнө жаңы багытта – жаңы саясатты шаар эли менен биргеликте жүргүзү

Биздин жаңы багытыбыз – бул социалдык багыттагы рынок экономикасы.Капиталдын кызыкчылыктары коомдун кызыкчылыктарынан жогору турбашы керек.Биз рынок коомун эмес, рынок экономикасын колдойбуз. Биз социалдык мамлекет болушун каалайбыз!