Ураан:Сɵздɵн иш маанилүү! Тартипти бирге орнотобуз!

 

«Ынтымак» саясий партиясынын Майлуу-Суу шаары боюнча программасы

 

Майлуу-Сууну кайрадан жаратабыз! Биз шаарыбыздын экологиялык жактан таза, радиоактивдүү калдыктардан арылган жана жашоо үчүн жагымдуу болушун каалайбыз! Биздин эң негизги милдетибиз - койгон максаттарыбызга жетүү.

Жакынкы келечекте жогорку көрсөткүчтөргө жетүү үчүн конкреттүү натыйжаларды берүүчү негизги 11 багытка басым жасоону сунуштайбыз:

Иш-аракетиндеги экономикалык багыты

  • Электролампа заводун модернизациялоо үчүн инвестиция тартууга бардык шарттарды

түзөбүз. Кайрадан техникалык жабдуудан өткөргөндөн кийин ишкана экспортко багытталган продукцияларды өндүрө алат. Аталган долбоорду туура позициянын жана туура башкаруунун негизинде, атамекендик бизнестин капиталын тартуунун эсебинен уюштуруу мүмкүн.

  • Шаардык бюджетти кабыл алуунун алдында шаардын жашоочулары менен коомдукугууларды

өткөрүү жана эксперттердин сунуш-пикирлерин эске алуу кажет.

  • Биз шаардын бюджетинен кеткен чыгымдарды катуу көзөмөлгө алабыз. Майлуу-Сууга келген дотациялар калкты тынчсыздандырган маселелерди чечүүгө жумшалат. Биринчи кезекте бул социалдык маанилүү маселелерди чечүү, маселен, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жергиликтүү жашоочулардын каалоосун эске алуу менен бала бакчаларды кайра калыбына келтирүү, заманбап мектепке чейинки жана мектеп имараттарын куруу.

Иш-аракетиндеги социалдык багыты

  • Медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу. Майлуу-Суу шаардык ооруканасы тажрыйбалуу

дарыгерлер жана менен бардык керектүү жабдыктар жабдылыш абзел. Медициналык тейлөөнү алуу үчүн шаардын жашоочулары облустун борборуна барууга мажбур болбойт.

  • Майлуу-Суу шаарынын спортчулары материалдык жана башка жардамдарды алуусу үчүн

комплекстүү программа кабыл алынат.

Иш-аракетиндеги экологиялык багыты

  • Радиоактивдүү калдыктарды жана таштанды сактоо жайларын тез арада реабилитациялоо жана

рекультивациялоо боюнча иштиктүү Планды иштеп чыгуу жана курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү. Биз, Майлуу-Суу шаарынын тургундары, коркунучтуу мурас болуп калган уран калдыктарын зыянсыздандыруу үчүн эл аралык каржылык жардамдарды алууну тездетүүнү өкмөттүн алдына коебуз. Себеби, шаар экологиялык коркунучтун шартында өсүп-өнүгүүсү мүмкүн эмес.

  • Шаардагы борбордук таштанды төгүүчү жайын рекультивациялоо жана аны аткарылышын

көзөмлдөө боюнча иш пландарын иштеп чыгуу.

Иш-аракетиндеги башка багыттары

  • Биздин шаарыбызда караңгы көчөлөр болбойт. Биз борбордук парктарда, гүл бактарда,жолдордо

энергияны үнөмдөөчү чырактарды жана көзөмөл камераларын орнотууга жетишебиз. Майлуу-Суу жарык гана эмес, ошол эле учурда коопсуз шаар болушу зарыл.

  • Майлуу-Суу шаарынын жашоочуларына жагымдуу шарттарды түзүү үчүн "Ынтымак" саясий

партиясы шаардагы жолдорду жана тратуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү, чуңкурларды жамоо демилгесин көтөрөт. Ошондой эле, Көк-Таш башкаруу аймагын газдаштыруу маселеси дагы киргизилет.

  • Шаардын сел жүрүү коркунучу бар аймактарында селден коргоочу тосмолорду, каналдарды

калыбына келтирүү жана куруу.

  • Жеткиликтүү суу түтүк системаларын жаңылоо аркылуу калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу

зарылдыгы турат. Жашоочулар Кыргызстандын башка аймактарындагыдай эле таза суу менен камсыз болуусу керек. Аталган маселе партиянын эң алдыңкы приоритеттүү милдеттеринин бири болуп саналат.