" ӨНҮГҮҮ - ПРОГРЕСС " саясий партиясынын Базар - Коргон шаарындагы негизги максаттары жана милдеттери

Базар – Коргон  шаары 1938-жылы негизделген

Райондук баш ийүүчүлүк шаар статусун 2021-жылдын 8- февралинде алган.

Базар - Коргон шаарында ири пахта  кайта иштөө  заводтору,  дарылоо-профилактикалык клиникалары жана санаторийлери бар.

Биздин максатыбыз – Базар - Коргон шаарын өнүккөн социалдык сектору жана инфраструктурасы менен динамикалуу өнүгүп жаткан, келечектүү, көп улуттуу, ыңгайлуу шаарга айландыруу.

Чет элдик жана ата мекендик инвесторлорду тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

 

ӨНҮГҮҮ – ПРОГРЕСС” саясий партиясынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары:

 

  • Социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо үчүн шаар тургундарынын жана шаардын жетекчилеринин аракеттерине бириктирүү
  • Билим берүү мекемелеринде калктын билим деңгээлин жана билим сапатын жогорулатууга көмөктөшүү
  • Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ден-соолукту чыңдоо борборун түзүү
  • "Эко шаар" долбоорун колдоо жана андан ары ишке ашыруу
  • Парктын айланасын сактоо жана андан ары жакшыртуу
  • Шаардын санитардык абалын жана экологиясын жакшыртуу.
  • Биздин аймакта айыл чарба азыктарын (эт, сүт, мөмө - жемиштер, пахта ж.б.) кайра иштетүүчү чакан ишканаларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
  • Катуу таштандыларды (катуу тиричилик калдыктарын) сорттоо боюнча долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

•Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуу-материалдык базасын жакшыртууга көмөктөшүү